Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам өлтүрүп, качып жүргөндөр кармалышты

Адам өлтүрүп, качып жүргөндөр кармалышты

01-ноябрь, 11:00
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

23-октябрда “Манас” аэропортундагы унаа токтотуучу жайдан “Хонда-Торнео” унаасынын ичинен Чүй облусунун 1980-жылы туулган  жараны К.Х.А.нын кыйнап өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган эле.

Бул кылмышка шектүүлөрдү ИИМдин ыкчам тобу дыкат иликтеп, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарына чейин барып, издөөгө алышкан. Кылмыш иликтөө ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар тез эле колго түшүштү. 

Алар Чүй облусунун тургуну, мурда бир нече жолу уурулук, зордуктоо, бейбаштык жасаганы үчүн соттолгон 1992-жылы туулган Б.Ч. жана Ош облусунда туулган, мурда баңгизат сактаганы үчүн темир тордун даамын таткан И.А. кармалышты.

Бул кылмышка шектүүлөр башка кылмыштарга да тиешеси барбы, текшерилип жатат. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер