Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Кийинки инстанциядагы соттор адилет чечим чыгарарына ишенем”


-- Бактыбек Каныбекович, социалдык түйүндөрдө сиздин мандатыңыздын мыйзамдуулугу талаш туудуруп жатканы тууралуу маалымат тарады эле. Ал маалымат канчалык чындык?
-- Туура. Өткөн жумада административдик сот болуп, менин шайлоодогу жыйынтыктарымды жокко чыгаруу боюнча чечимге келди. Эми инстанциялар боюнча шаардык, анан Жогорку сот тарабынан каралат.
-- Бирок, жыйынтыктар кайра каралышы үчүн кандайдыр бир негиз болуш керек да. Мисалы, арыз.
-- Ошондой арыздын негизинде эки балага кылмыш иши козголгонун айтып атышат. Бирөөсүн тааныйм. Анткени, “Аманат” партиясынын өкүлү катары региондун ишин өзүм алып барып жүрөм, бирөөсү ошол жердеги биздин депутат бала болчу. Экинчиси анын досу экен, мен аны тааныбайм. Алардын мага юридикалык эч кандай тийешелери жок. Себеп дегенде алар мага эч кандай агитатор болуп да иштеген эмес, менин ишенимдүү адамым да болгон эмес. Биздин штабдан да аларга бир тыйын акча бөлүнбөгөн. Мен алар үчүн жооп бере албайм да. Мен өзүмдүн негиздемемди ушундай айттым. Бирок, ага карабай административдик сот ошондой чечим чыгарып койду.
-- Алардын сизге тийешеси жок болсо, анда кийинки инстанциялардан үмүт кылсаңыз болот турбайбы?
-- Албетте, адилеттүүлүккө ишенебиз. Шаардык сотто да, Жогорку сотто дагы адилеттүү караган адамдар бар. Бир Алладан эми үмүтүбүз үзүлбөйт…
"Азия Ньюс" гезити











