Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Эмилбек Абдыкадыров бийликтин рейтингин түшүрүүдө

Мэр Эмилбек Абдыкадыров бийликтин рейтингин түшүрүүдө

21-август, 09:12
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте суу тартыштыгынан кийин бактарды курт жеп, куураганы өкүндүрөт. Жылыга ушул кейиштүү көрүнүш кайталанат. Мэрия алдын ала аракеттерди көрүп, шаарыбыздын бүрдөп турушуна, кооздугуна кызыкдар эместей. Тескерисинче, иштеп аткан кафе, салондорду, ар кандай мекемелерди талкалап, мындай “эрдигин” да тандоо жолу менен жасашкандары кандайТаасирдүү фигуралардын объектилерин айланып өтүшүп, пиар үчүн айрым саясатчылардын мүлктөрүнө кол сала беришеби? Бу жагын мэр Эмилбек Абдыкадыров менен орун басары Нурдан Орунтаев оюн кылып алыштыбы? Шек жараткан суроолор арбын. 

Э.Абдыкадыров 2022-жылдын жазында 11-кичирайондогу гараждарды буздуруп салган эле. Аянты бир канча гектар. Ал жер каралбай таштандыга айланып, чачылган боюнча жатат. Соодасы келишпей атабы? Шаарда мындай талкаланган, кайра курулуш иштери башталбай калган, дээрлик чаржайыт объектилер толтура. Баса, башкалаадагы гезит-журнал саткан күркөлөрдү чекесинен алдырып атып, калбай деле калды. Мындан да бизнес жасадыбы?

Мэр утурумдук жеңил пиар, көз жазгыруу менен алектенип аткандай. Ири долбоорлор менен иштөөгө, инвестиция тартууга акылы жетпейби? “Талкалагыч” болуп атса ким келсин? Аныгында, татыктуу шаар башчыга жарыбай койдук. Бул да аңга сүйрөп баратабы? Башкасын билбейбиз, а жыйынтыгында Э.Абдыкадыров көпчүлүктүн кыжырына тийип отуруп, бийликти ала салдырбайбы? Ишинин баш-аягы жок... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер