Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дагы 3 бейтап каза болуп, 596 жаңы учуру катталды

Дагы 3 бейтап каза болуп, 596 жаңы учуру катталды

30-октябрь, 13:39
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду. Анын экөө Баткен облусунда, бирөө Жалал-Абад облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1142ге жетти.

Өлкөдө 30-октябрга карата COVID-19 илдетинин 596 жаңы учуру катталды. Анын эң көбү Бишкек шаары менен Баткен облусунда аныкталды.

Бишкек шаары — 136;

Ош шаары — 23;

Чүй облусу – 89;

Ош облусу — 64;

Талас облусу — 39;

Нарын облусу — 7;

Ысык-Көл облусу – 35;

Жалал-Абад облусу – 91;

Баткен облусу — 112.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 58 миң 394кө жетти.

Ооруканаларда 3359 бейтап бар, алардын ичинен 90 адам өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 3814 адам бар.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер