Ата журттун улуттук идеологиясы

(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)
Алгы сөз
Конституциябызда “Кыргыз Республикасы эгемендүү демократиялык, укуктук мамлекет” деп белгиленген. Туура аныктама. Бирок ошону менен бирге демократиялык укуктук мамлекетти толугу менен куруу, өнүктүрүү алдыда турган максат дагы. Бул саясый стратегияны, асыл мүдөөнү ишке ашыруу жолунда өлкөбүз кыйын-кезең маселелерге, көйгөйлөргө, коркунучтарга туш болбой койбойт. “Устаранын мизинде оодарылып” турган заманда мамлекеттин чачырап, жоюлуп кетиши да мүмкүн экендигин тарых тажрыйбасы көрсөтүп жатат. Эгемендүүлүктүн боосун бекем кармап, демократиялык, укуктук коомду куруу мүдөөсүн жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет татаал тарыхый жолдо туура нукту жаңылбай таап, ээрге түз отуруп, ички-тышкы саясатта туура идеяларды, принциптерди, уңгулуу түшүнүктөрдү, атказык ой даанышмандыгын, туура философияны жана туура стратегияны карманып, ошол өзөктүү идеялардын маршруту менен эл-журтун, өлкөсүн ак жаркын келечекти карай сүрөш керек.
Өлкөнүн өнүгүү пафосун аныктаган жана алга умтулган кыймылына тирөөч-таяныч болгон ошондой омоктуу идеялардын жыйындысы андан чыккан багыттуу насыйкат иштөө идеология деп эсептелет. Мамлекет жетекчиликке алган гумандуу идеология коомдогу таалим-тарбия системасына негиз болуп, багыт берип турат. Идеологиясы бар мамлекет ич жагынан бекем болот.
Глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин жана активдүү коммуникациянын шарттарында күчтүү державалардын, постиндустриалдык цивилизациялардын “алкымына” оп тартылып кетпей, улутубузду, тилибизди, дилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды, жаратылыштыбызды, суверендүүлүгүбүздү, улуттук иденттүүлүгүбүздү жоготпой сактап, ийгиликтүү өнүгүү үчүн төмөндө стратегиялык маанидеги идеялар, борбордук өзөк түшүнүктөр, орчундуу ой туткалары, рухий-маданий, моралдык-этикалык жолчырактар, социалдык-саясый багыттар, патриоттук маяктар, бир сөз менен айтканда, кыргыз көчүнүн идеологиялык маршруттары сунушталды. Бул идеологиялык нускамалардын жазылышына президент Садыр Жапаровдун “Инсандын рухий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү”, “Улуттук нарк жөнүндөгү”, Кыргыз жараны, “Манас” үчилтиги тууралуу жарлыктары методологиялык негиз болду. Бул идеология официалдуу – канцелярдык стиль менен эмес, элге түшүнүктүү жана жакын болушу үчүн атайын эркин форма колдонулуп “куш тилиндей” түшүндүрмөлөр, негиздемелер менен коштолуп, кыска-нуска кертимдер түрүндө жазылды. Автор бул идеологиялык иштелменин кабыл алынышына атаан кылбайт. Тек гана эл-журтубузга, окуу-тарбия системасына, өкмөткө керектир деген ойдо иштелди.
1. Ата журт – ыйык кенч!
Кыргызда “Туулган жердин топурагы алтын” деген улуу сөз бар. Элдик түшүнүктө Ата журт, туулган жер, ак элечек Ала-Тоо топурагы алтын, боор эт менен тең ыйык таберик. “Бешигим – мекен”, “Ала-Тоомсуз мен киммин – ата-энесиз жетиммин”, “Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” дейт кыргыз баласы. “Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш немесиң, кереметтүү сен атасың, энесиң” (Мидин) деген сөздөр да улуу. Ала-Тоо ата-эне катары саналып, кастарланып жатат. Манас ата Алтайдан келип, Ала-Тоону биринчи көрүп, “Мындай кызык жер болбос, мындай кызык көл болбос, суусунда миңдей түр экен, түгөнбөс ырыс-кен экен, жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” деп чын жүрөгүнөн толкундап, ата конушун көкөлөтүп көккө көтөргөн. “Кагылайын тууган жер, бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай, өзүңдү таап келдим эле. Ата-журтум – алтын бешигим! Мен үчүн дүйнөдөгү эң сулуу, эң сүйүктүү жер – киндик каным тамган жер” (И.Раззаков).
Ала-Тоо, Ата журтту Манастай, Раззаковдой сүйүү керек (бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө тууган жерине көңүлкош, Ата журтума кайдыгер журтбезер тукумдардын көбөйүп жатканы өкүнүчтүү). Бир сөз менен айтканда, кыргызда Ата журт эң жогорку дөөлөт, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык баалуулук. Ал – бөлөнгөн бешигиң, учкан уяң, конгон тууруң, жандүйнөңдүн пайдубалы, ичтен тиреген тирегиң, ата-бабаңдын конушу, куттуу коломтоң. Ата журт – кыргыздын фундаменталдык кенчи. Манастын мекени – О, Ала-Тоо, түбөлүк тур! Манастын бүгүнкү урпагы моминтип ырдап турса дейбиз:
Кутманым Жалал-Абадым,
Жаныма өзүн дабасың.
Жердеген айкөл Манасым,
Кымбатым менин Таласым.
Сары-Өзөн Чүйүм кең экен,
Түгөнбөс алтын кен экен.
Нарыным бийик чеп экен,
Ордолуу Ошум, берекем!
Бишкегим, ордом, түнөгүм,
Баткеним, сени сүйөмүн.
Ысык-Көл – өмүр мүрөгүм,
Ала-Тоом – соккон жүрөгүм!
Жаш муундардын, жарандардын аң сезиминде, жандүйнөсүндө Ата журттун асылбаа туюмун, анын ыйык баалуулугунун философиясын түптөө – идеологиялык насыйкаттын өзөгү.
2. Эл – улуу кут!
Рухий мурастарыбызда Ата журт менен эл бири-биринен ажырагыс эгиз түшүнүктөр. Ата журтсуз эл карып, элинен, калкынан ажыраган Ата журт жетим. Ата журттун ээси – эл. Ата журт эли менен толук, калкы менен көрктүү “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” деген эмеспи Барпы акын атабыз. “Манас” эпосунда «Бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга» кыргыз туш-тушка чачылып тараганда, Ала-Тоо онтоп, жетимсиреп, мөңгүлөрүнөн «жаш аккан».
Эл деген бир калдайган чоң бүтүндүк. Ал эми жеке адам ошол бүтүндүктүн бир бөлүкчөсү. Өзүнүн киндиги туташып турган бүтүндүктөн бөлүнүп жалгыз калган адам жетимсиребей кантет? «Аталаш кыргыз эл кайда?» деп зар какшап, сакалы ылдый жашын куюлтуп ыйлаган Алтайдагы карыя жетим эмей эмине? Жеке пенденин бактысы эли менен болгон биримдигинде.
«Эл ичи – алтын бешик». Ошол «алтын бешикте» тилиң чыгып, «апа», «ата» деген аруу сөздөрдү алгач оозанып, дилиң каймактап, элиңдин эреже-жоболору, адеп-ахлагы рухуңа сиңип, адам болуп торолгонсуң. Эл деген өзүнчө бир жаткан ажайып керемет кенч. Кишинин эмгек-мээнетин баалап, атын чыгарып, нарк-насилин таразалап, аброюн көтөрүп, бийикке коё турган күч – дал ушул эл болот. Талантыңды ача турган, эрдигиңди баалай турган, өмүрүңдүн, жашооңдун маани-маңызын өлчөй турган эл.
Эл деген, албетте, өзүнүн нарк-насили, асыл сапаттары менен өрнөктүү. Ала-Тоодой ажайып кооз жерге асылбаа нарк жарашат. «Манаста» кыргыз эли «Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган» делип ардакталып, сыймыктанган сезим менен бийик деңгээлге коюлат. Манас доорундагы бийик сапаттарын жоготпой, ал адеп-ахлакты байытып, сактап, кыргыз элинин абройлуу калкка айлангандыгын Манас атанын урпагы, Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаев төмөнкүчө даңктап, ырга салган:
Жок болсо муңга батпаган,
Ток болсо көөп жатпаган.
Адамдык атын булгабай,
Абийирин таза сактаган.
Мейманы келсе той кылган,
Мээримин төгүп кондурган.
Аккан суудай шар элбиз,
Ар-намысы бар элбиз.
Тартынбаган курч элбиз.
Таланты бийик ырчы элбиз.
Эл – жаратман, түзүүчү. Анын жаратмандык чыгармачылыгы, Ата журтту сактайт, коргойт жана гүлдөтөт. Элдик акыл-эсте эл эң жогорку улуу асыл нарк, улуу кут. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок. Эл – жеке инсандын баалуулугунун чен-өлчөмү, Ата журттун ээси жана колдогон пири.
Сен эл менен кишисиң, элиң менен барктуусуң, эл – таянар тооң. Эл менен бирге бактылуу болушуң керек. Кай жерде долларды көп берсе, ошол жерге жүгүнүп, “Күн тийген жердин күкүгү” болбо. “Өзү үчүн гана жашаган пендени – өзү үчүн оттогон малга окшош” дейт эл макалы. Киндигиң туташып турган элиңе жан-дилиң менен кызмат кыл, элиңдин үмүтүн акта. “Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол” (эл макалы). Бул дүйнөдө жашоонун тузу, куту жана куну калкың менен болгон камыр-жумур байланышыңда. “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” (Арстанбек). Мынакей, жаш баланын, жаштардын, жарандардын көкүрөк-көөдөнүнө сала турган идеология.
«Мекендин бактысы – өмүрдөн кымбат, жакшы эр эли менен, жер – кени менен» (И.Раззаков).
3. Эркиндик – эң жогорку баалуулук
Туура, элиң бар, жериң бар, Ата журтуң бар. Теңирге тобо! Бирок бул бири-биринен ажырагыс эки эгизиң жөн эле бар болбой, бактылуу, таалайлуу болуп жашасын. А бактылуу болуш үчүн бир орчундуу шарт керек тура. Ал шарт – азаттыктын, эркиндиктин, көз карандысыздыктын шарты. Элиң өз Ата журтунда өзүнө өзү кожоюн болсо, ал бактылуу. Эгер боо-тизгиниң кандайдыр бир үстөмчүл күчтүн колунда болсо, башыңа “жүгөн катып”, кимдир бирөөлөр жетелеп жүрсө, улутуңдун өмүрү кор, канат-куйругуң жайылбайт, мекениңдин күнү бүркөк, маанайы суз. Бай империянын карамагында жашасаң, курсагы тойгон кулсуң. Мына ошондуктан эркиндик улут үчүн фундаменталдык мааниге ээ. Эгмендүүлүгүң болсо, тагдырдын эркесисиң. Эл-журтуң түктүү жердин үстүндө, ай алдында, күн алдында бактылуу.
Фольклордук чыгармаларда жоокер кыргыз эли “Бөрү жалдуу кабылан”, “Бүркүт” деген эпитеттер менен сыпатталат. Чынында эле кыргыз эли тоо бүркүтү сыяктуу эркиндикти, боштондукту сүйгөн эл. Тоо бүркүтү башына томого кийгизилишин каалабайт, бирөөлөрдүн чыргасында чалынып отургусу келбейт. Дегеле, байыртан берки тарыхыбызга карасак, чоочун үстөмдүккө баш ийбеген бунтарлык, моюн толгоп, каяша айткан кайраткерлик кыргыздын социалдык мүнөзүндө илгертен бар экендигин байкайбыз.
“Моголстандын жапайы арстандары” деп аталган жоокер кыргыз калкы Евразиядагы түркүн империялардын, баскынчылардын үстөмдүгүнө каршы кылымдар бою күрөшүп, өзүнүн эркиндигин талашып келген. Кээде айыгышкан күрөштө жеңилип, трагедияга учурап, мүңкүрөгөн учурлары да болгон. Бирок кыргыз “Түгөнгөн сайын түтөгөн, түйшүктүү күндө күчөгөн”...
«Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!» деген Манас атабыз. Манас атабыздын мекенчил өрнөгүндө тарбия алган кийинки Курманбек баатыр “Тууган элдин убалы, мени кантип уктатат? Ушуларды ойлонуп, кандай баатыр тынч жатат? Эч душманга кор кылбай, элди асырап багабыз” деп кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө аттанууга кырк жигитин чакырып турат. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” (Эр Солтоной). Ал эми Манас рухуна сугарылган Эшкожо уулу Балбай баатыр XIX кылымда “Элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм” деп ант берип, чет элдик колонизаторлор менен өмүрүнүн акырына чейин күрөшкөн.
Айкөл Манас бизге түбөлүк маанисин жоготпос Ата журт азаттыгынын, эл эркиндигинин философиясын тартуулаган. Манастын көкжал урпактары баба салтын татыктуу улантышып, тарыхтын кыйын-кезеңдеринде боштондук үчүн башын канжыгага байлап күрөшүп, эркиндиктин туусун кылымдарды аралай желбиретип көтөрүп жүрүп отурушуп, акыры ХХ кылымдын соңунда эгемендүүлүгүбүзгө ээ болуп отурабыз. Эгемендүүлүгүбүз – эң башкы байлыгыбыз. Көксөп жеткен көк жээгибиз! Колубузга конгон алтын кушубуз. Башыбызга конгон улуттук бактыбыз. Улуттук үйүбүздү жарык кылган, маанайыбызды ачык кылган балбылдап жанган чырагыбыз. Эгемендүүлүктү энчибизге берген тагдырга миң мертебе рахмат!
Демек, ак калпак журттун абсолюттук баалуулугу, эч нерсеге теңдешсиз эң биринчи кенчи – бул эркиндик, эгемендүүлүк, мамлекетибиздин көз карандысыз өз алдынчалыгы, суверендүүлүгү. Эркиндик – биздин сыйынган динибиз. Эркиндигибиздин баа-баркын өзүбүздө сары майдай сактоо, эгемдүүлүктүн философиясын жүрөгүбүздүн толтосунда алдейлеп, көк асабадай желбиретип, төбөбүзгө көтөрүп алып жүрүү – атуулдук ариеттин асылбаа белгиси.
Эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо, коргоо, чыңдоо, бекемдөө, бул ыйык дөөлөтүбүз үчүн кара башты курман чалууга даяр туруу ар бирибиздин парзыбыз. Өкмөтүбүздүн ички идеологиялык тарбия саясатынын тузу ушунда.
4. Мекенчилдик – мекен тиреги
Ырас, калетсиз чындык: мекендин, элдин бактысы эркиндикте, эгемендүүлүктө. Бирок бул баалуулукка удаа айтылчу дагы бир орчундуу чындык бар, ал – мекенчилдик. Эркиндик өзүнөн өзү кереметти жасап жибербейт. Эркиндик деген элдин өз алдынча андан ары эркин өнүгүшүнө түзүлгөн саясый шарт. Жогоруда айтылгандай, бактылуу болуунун өбөлгөсү. Мекенчилдик, патриоттуулук эркиндикти коргоп, сактап, ар тарабынан жөлөп-таяп, туяктууга тептирбей, тумшуктууга чокутпай бөпөлөп өстүрүү, эгемендүү мекенди гүлдөтүү үчүн зарыл.
Мекенчилдик кургак ураан болбошу керек. Мекенчилдик эл-жерге, Ата журтка, өз өлкөсүнө чын жүрөктөн чыккан атуулдук сүйүү, аларга жан-дили менен берилип кызмат кылуу, мекен алдындагы жарандык жоопкерчиликти терең сезүү, бир боор эл-жер үчүн керек болсо кара башты курман чалууга даяр туруу деген түшүнүктү берет. Дал ушундай мазмундагы мекенчилдик – өлкөнүн тиреги. “Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн Ата журт!” (Алыкул) деген жарандык рух мекенчилдиктин жогорку көрүнүшү. Ушундай патриоттук рух илгертен мекенди жоготпой сактап келген жана мындан ары да сактамак. Ата журтту, элди бийик курулган чеп, сепил, коргон сактай албайт, эл-жерди жоодон коргой турган, сактай турган күч – көөдөнүн намыс тепкен, кайраты таш жарган эр жүрөк уул-кыздардын ар-намысы. Мекендин душман ала алгыс бийик чеби – өрт жигиттер, бороонго төш тоскон баатырлар жана Жаңыл марзалар. Чептен эрдик күчү бек.
Кылымдар кыйырынын тар жол, тайгак кечүүлөрүндө, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн түшүп, өлөйүн десең жан татуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, Ала-Тоонун каарман уул-кыздары кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, өздөрүнүн мекенчилдиги менен журтту сактап, Ата журттун керегине жарап келишкен.
Манастын, Бакайдын, Кошойдун “Чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы, бузулганды курайлы, жоголгон жокту табалы” деген жарандык-патриоттук бийик сөздөрү бүгүнкү урпактар үчүн өзүнчө бир атуулдук адеп-ахлак программасы.
Мекендеш, эми өзүңө жакын келейин, карачы, ушул Ала-Too мекениңде ыңаалап жарык дүйнөгө келгенсиң. Ушул жерде каз-каз туруп, тушооң кесилип, биринчи кадамыңды шилтегенсиң. Ушул касиеттүү Ала-Тооңдун абасын жутуп, суусун ичип, нанын жеп чоңойгонсуң. Көк шибер кечип, көпөлөк кууган балалыгың ушул ак элечек тоолордун арасында өткөн. Ушул жерде алгач ирет «ата», «апа» деген ыйык сөздөрдү оозанып, ушул жерде чулдурап тилиң чыгып, эне тилиң энчиңе айланып, элиң, дин руху боюңа сиңип, киши болуп торолгонсуң. Киндик кан тамган жериңдин көйкөлгөн көк чөптөрү, буруксуп буралган гүлдөрү, көк-жашыл арча-кайыңдары, көгала шагыл таштары, көктүн көркүн ачып, көкөлөп учкан куштары, көк мелжиген аска-зоолору, көк кашка тунук суулары, оболоп шаңшыган бүркүттөрү менен өрүштө кишенеген жылкылары, койчу, баардыгы сенин адам болуп калыптанышыңа катышкан, алдыртан үлүшүн кошкон. Жазуучу К.Жусупов «Жүрөгүм менин тоолордо» деп бекеринен жазып жаткан жок.
Кыскасы, Ала-Too – сенин бешигиң! Айланаңдагы тоолорду карачы, учтары ырас эле эмчекке окшош! Биз кыргыздар ушул «эмчектерди» эмип чоңойгонбуз. Демек, Ала-Too – биздин энебиз! Мына ошентип, төрөлгөндөн киндигиң туташып турган, тамырларың топурагына, кыртышына житкен, каны-жаның менен бирге мекен-бешигиң сен үчүн ыйык болбогондо, анан эмне ыйык болот?!” Төбөдөгү чоң Кудайдан кийин эле экинчи Кудайың – мекен. Сыйынаар Каабаң – мекениң, төбөгө көтөрөр таберигиң – ата конушуң. Мына ушул ыйык Ата журттун «ак сүтүн» актоо, анын гүлдөп өсүшү үчүн, күч-кубатынын, руханий жана материалдык байлыгынын артышы үчүн, анын аруу келечек мүдөөлөрү үчүн жанды аябай, карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу – ар бир улан-кыздын атуулдук, патриоттук милдети, ыйык парзы. Ата мекенибиздин алдында ар бирибиз карыздарбыз.
Кыскасы, кыргызды кыйын-кезеңдерде кыргыздын өзүнүн мекенчилдиги сактап келген. Мекенчилдик, патриоттуулук кыргыз адеп-ахлагынын борбордук жоболорунун бири. Мекенчилдик улутубуздун социалдык мүнөзүнүн айырмалуу белгиси. Мекенибиздин тиреги-мекенчилдик! Мекенчил жаранды жаратуу улуттук идеологиянын негизги багыттарынын бири.
5. Биримдик – улуттун жеңилбес бекемдигинин кепилдиги
Ала-Тоодо жарандардын улуттук аң-сезими, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү (национальное самосознание) өсүп жатат. Кыргыздардын этникалык консолидациясы илгерилеп, улут аралык ынтымак бекемделүүдө. Бул чындык. Бирок ушуну менен бирге айтыла турган дагы бир чындык бар. Кыргызстан трайбализм, регионализм, уруулар боюнча жиктелүүчүлүк илдеттеринен (өтүп келген жана бүгүн да өтүп жаткан уруулар ынтымагы курултайларын, чогулуштарын эстейли) али арыла элек. Буга кошумча, улуттук биримдикке залакасын тийгизе турган дин жагынан ажырымдалуучулукту да (исламчыл кыргыз, христианин кыргыз, баптист кыргыз, чет өлкөлүк диндик сектага мүчө кыргыз ж.б.) айта кетели. Анан калса, өлкө ичинде “Чымчык өзүн куш ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт” дегендей, амбициясы башынан ашкан, такка отурсам дегенде эки көзү төрт провинциал авантюристтер, коомдогу туруктуулукту, ынтымакты бузууга кызыкдар популист, конструктивдүү эмес оппозиция Кыргызстанда дайыма бар эмеспи. Мына ушундай жагдайды байкап, чет өлкөлүк журналисттин “Кыргызстандын социалдык кыртышы “сейсмикалуу” деп жазганы туура. Ойлоп көрөлү, мына ушундай социалдык кыртышы “сейсмикалуу” жерде мамлекеттин имаратынын урабас, бекем болушуна кепилдик барбы?
Бир сөз менен айтканда, биздин эгемендүү өлкөбүз үчүн коктусун эмес коомун ойлонгон, уруусун эмес улутун ойлонгон, жакынын эмес жамаатын, капчыгын эмес калкын ойлонгон, айылын да, Ата журтун да көз алдына туткан активдүү атуулдук аң-сезимди өнүктүрө турган, чачылган ууктарды бир түндүккө бириктире турган, ушул багытта туруктуу жүргүзүлүүчү мамлекеттик, коомдук үгүт-насыят, идеология аба менен суудай зарыл. Улут биримдиги жана ынтымагы наркы куру чакырык, кургак ураан, жарма патриотизм кейпинде эмес, жалпы журттун, улуттун кызыкчылыктары, мекендин келечек мүдөөлөрү үчүн баш кошуунун зарылдыгын туюнган патриоттук ишеним түрүндө болгондо гана бекем болот. Мекенибизде биримдик, ынтымак идеологиясы төмөнкүдөй зарылдыктардан улам керек:
-- баардыгыбыз “Бир сабактын данындай, бир дененин жанындай, бир тамырдын канындай” (Э.Ибраев) болуп, көксөп жеткен көк жээгибиз, колго конгон “алтын кушубуз” – эгемендүүлүгүбүздү, суверендүүлүгүбүздү жоготпой сактоо, бекемдөө, кебелбес кылуу үчүн (“Көп бириксе көптөгүнү алат”, “Жабыла көтөргөн жүк жеңил” – элдик накыл сөздөр);
-- глобалдашуунун, интеграциянын, коммуникациянын, санариптешүүнүн заманында, дүйнө элдери менен “бир кайыкта баратканда” (Ч.Айтматов), кубаттуу державалардын, постиндустриалдык “киттердин”, машинелешкен, компьютерлешкен цивилизациялардын күчтүү кучактарына оп тартылып, “өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн” (Садыр Жапаров), бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, улутубузду, тилибизди, маданиятыбызды, тарыхыбызды көздүн карегиндей сактоо үчүн;
-- трайбализмди, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүктү, региончулукту, жемкорлукту, тилбезерликти, улутбезерликти, уруулук чектелүүчүлүктү жеңип чыгуу үчүн, ар бир жарандын жалпы улуттун түндүгүн тиреген күчкө айланышы, журттубуздун бир боор мекенди коргоого бир муштумдай түйүлүшү үчүн (кыргыз жомогундагы карыянын ынтымагы жок, бири-бирине “ит арка“ болуп жашаган тогуз улуунун бириктирилген тогуз тобулгуну сындыра албай коюшкандыгын, тобулгуну бирден карматканда сындырышкандыгын, ошондон кийин тогуз уул ынтымакка келип, биргелешип жоону жеңип, өз максаттарына жеткендигин эске түшүрөлү). Бириккен элди эч кандай бороон ала албайт.
“Күч бирдикте”, “Бирдик болбойт, тирдик болбойт” деп руханий мурастарыбыз илгертен насыяттап келе жатат. Манас, Бакай, Кошой бабаларыбыздын, кырк чоронун жана элдик боштондуктун улуу идеясы үчүн жуурулушкандыгы, эркиндик үчүн күрөштө бири-бирине ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк, конорго куйрук, учарга канат болгону акыры кыргыз элине жеңиш жана бакыт алып келген. Улуу максат үчүн өз ара ширелишкендик Манас атага “Кулаалы жыйып куш кылууга, куранды жайып журт кылууга”, чачылганды жайноого, үзүлгөндү улоого, кыргыз мамлекетин түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Тарыхтын жолдорунда кээде эл-журтубуз бөлүнүп-жарылган ички чатактардын айынан бөлөк элдин эшигин сагалап, бөтөн мамлекетке күнкор болуп калган учурлары болгон. Мындай тагдырдын жүзүн ары кылсын! Улут сыймыгы – улуу мурасыбыз “Манас” бизге “Серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла”, бирдиктүүлүгүн жок болсо “Пил да болсоң жыгыласың, миң да болсон кырыласың”
«Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет. Жарылсаң ууру алуучу, жарылып калды кыргыз деп, жаманатты кылуучу”, «Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу»
“Бир туунун алдында, чогул журтум” деп осуяттап турат. “Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так” (Калыгул Бай уулу). Бул сабактар, бул насыйкаттар биздин эстутумубузда сакталып гана турбастан, бүгүнкү күндө жетекчиликке алынып, колдонулуп, күжүрмөн аракетте турушу керек. Биримдик философиясы улутубузду, Ата журтубузду, мамлекетибизди сактоонун гана эмес, гүлдөтүп өнүктүрүүнүн өзөктүү идеологиялык фактору, тарбия таянычы.
6. Достук – өлкөнүн өзөктүү стратегиясы
Достук деген асыл сөз кыргыз эли үчүн эч убакта формалдуу ураан, кургак чакырык, тил учундагы кооз кеп болгон эмес. Азия мейкиндиктеринде жашаган түркүн калктардын, тайпалардын чок ортосунда, Улуу Жибек Жолунун тоомунда турган кыргыздар үчүн достук деген нерсе реалдуу маңызга ээ болгон ыйык категория. Калк аралык достук наркын алып жүргөн Манас атабыз дүйнөдөгү эң айкөл интернационалист каарман. Дегеле «Манаста» адам тегине, улутуна, расасына карап эч качан бааланбайт. Манастын жандай көргөн кырк чоросунун ичинде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү: казак да, кыпчак да, монгол да, калмак да, кытай да бар. “Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка” делет “Манаста”. Улуу дастандагы Алмамбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу, ал Чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. Алмамбет акыры издеген идеалын Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Манас менен Алмамбет көртириликтин майда-баратынан, бытовизмден, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын өтө бийик чокуларына көкөлөп чыккан каармандар. Ошол рух чокусунан бири-бири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алмамбеттин достугу дүйнө элдеринин өз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүн өзүнчө бир символ.
Биз кыргыздар дүйнөдө жашап келе жаткан маданияттарды, цивилизацияларды, континенттерди бири-бирине каршы койгон, бир жактуу кыймылы бар көчөгө окшогон ар кандай «фундаментализм», «Востокоцентризм», «Европоцентризм», «этноцентризм» деген сыяктуу түркүн «измдерден» оолак болуп келгенбиз. Кыргыздын жүрөгү дүйнөгө дайыма ачык. Пейили кең Каркырадай жайык, кең Алайдай кенен. Кыргыздын “Эки элдин достугу миң белди ашырат” деген макалында көп маанилүү подтекст уюп жатат. Макалда башка элге тилектеш гана болбой, ошол элдин өнөрлөрүн өздөштүрүп, өзүңдү күчтөндүрсөң гана миң белди ашасың деген идея бугуп жатат.
«Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз», «Айрылган эл – азаар, кошулган эл – озоор», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт» аттуу макалдар кыргыздардын эл аралык алака-катыш практикасынан жаралып жарыкка келген. «Таш аласың таш урсаң, жаш аласың жаш берсең, кыш берсең кыш аларсың, ыш берсең ышын аларсың» деп насыяттайт Нурмолдо. “Найза, кылыч керек эмес” дейт улуу акын Нурмолдо. Мунун аркасынан кийинки тукумуң азап тартып калат, иштин эң жакшысы бул – бөлөктөргө ырайымдуу, ак пейил, адал ниетте болуу. Ошондо «ыракатка канасың». Эл арасындагы ошондой ак ниет мамилени бекемдей турган нерсе бул – тынччылык, бейпилчилик шарттагы соода. «Андан көрө соода кыл, товарга товар аласың» дейт философ акын. Нурмолдо мына ушундай товарга товар алган мамиле бөлөк дүйнө менен болгон алаканын мыйзамы болууга тийиш деген ишенимге бекиген. Ошондо зордук өзүнүн ордун жакшылыкка бошотуп берет.
Кыргыз элинин ичинде маселени баарлашып чечүүнүн жолун издеген, инсан аралык, калк аралык мамилелерде кылдат, токтоо, сабырдуу боло билген, байкабай туруп баспаган, билбей туруп шашпаган, эрегишкендерди эпке келтирген, чаап айтпай таап айткан, арканды узун таштап, татаал түйүндөрдү айлакер акылы менен чечкен, керек кезде артка чегине билип, кыйын кырдаалдарды “камырдан кыл сууругандай” жайгаштырган журттар ортосундагы достук-ынтымакка данакер болгон тубаса элдик дипломаттар сейрек болгон эмес (Эрен Улуг, Ажыбай, Бакай, Тилекмат аке, Кыдыр Аке, Сарт аке, Курманжан датка, ж.б). Бүгүнкү XXI кылымда дал ушундай элчилердин, элдик дипломаттардын өрнөктөрү бизге табылгыс сабак.
Бүгүнкү эл аралык турмуш диалогдун, толеранттуулуктун, консенсустун, акыл-эстүү компромисстин, кызматташтыктын, алгоолошуулардын жана тилектештиктин ийкемдүү дипломатиясына муктаж болуп отурат. Мына ушундай кырдаалда эл аралык мамилелерде диалог саясатын жүргүзүү, алыскы-жакынкы өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу шарттарда активдүү алака-катышка өтүү, үзөңгүлөш коңшулуктун, тынчтыктын, достуктун, интернационализмдин философиясын тутунуп жашоо – Кыргызстандын коопсуздугунун жана стабилдүүлүгүнүн булагы болмокчу. Илгертен Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө болуп келген Улуу Жибек Жолунун бүгүнкү дипломатиясы жана «Манастын» достук идеологиясы азыркы өзгөргөн дүйнөнүн татаал геосаясый кырдаалында улуттук көчтү жүгүн оодурбай, кырсыктуу бороон-чапкынга кабылтпай, кыялардан тайгылтпай, жакшылыктын түз жолу менен бакубат келечекке алып барууга жол көрсөткөн маяк. Достук кыргыз элинин уңгулуу асыл наркы жана мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыт.
(Уландысы бар)
Советбек Байгазиев, КР Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор
"Азия Ньюс" гезити