“Өкмөттө хаос, башаламандык күч алууда”

“Өкмөттүн ишин артка тарткан чиновниктерди тизмектей алабызбы? Мисалы, кайсы министр, губернатор? Кандай иштери купулга толбой атат?” деген кыска собол узаттык?
Расул Умбеталиев, коомдук ишмер:
-- КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш, анын орун басарлары төш болушуп, элге куру убадаларды жаадырып атышат. Жалаң популизм менен алек болушууда. Эч кандай астыга жылыш жок, аны эл деле байкоодо. “Асманчылар” жана анын тегерегиндеги сыйкырчылар Асман шаарын сөз, убада менен куруп жатышат. Ошол эле учурда сөз эркиндигине “кошок” айтыш керек болуп калды. Энергетика министрлиги өлдү. “Кышы менен свет өчпөйт” деген сөздү айтып, жөн эле кулакты ушалап атышат азыр. Бир да министрликти “ушул жакшы иштеп атат” дегенден алысмын. Президент Садыр Жапаровду жаманатты кылып, элге жаман көрсөтүп атышат. Өз алдыларынча иш кылайын деген бирөө жок. Баары эле жогору жакты карап, “эмне деп ийет?” деген паралич абалында!
Валимжан Таңырыков, профессор, коомдук ишмер:
-- Менин оюмча, министрлер эч качан жакшы иштеген эмес. Эгемендик алган жылдан тарта бирөөсү да ишти алдыга жылдыра албай келатат. Алсак, транспорт жана коммуникация министрлиги, экономика жана өнөр жай министрлиги бир орундан жылган жок. Булардын катарында билим берүү министрлиги да иштин көзүн таба алышпады. Эч кандай алгылыктуу иштерин көрбөй келдик. Каныбек Иманалиевди бул кызматка койгондон бери билим берүү тармагында үмүт пайда болгонсуду. Эми караңыз, быйыл 75 миң бала мектепти бүтүптүр. Ошонун 25 миңи ЖРТны тапшырбаптыр. Каякта жүргөндөрү, эмне иш менен алек болгондору белгисиз. 75 миңдин арасынан дагы бир баланча миңи ар кыл окуу жайларга тапшырган жок. Муну министрлик изилдеп, жагдайды анализдеп чыгышы керек.
Союз маалында бир канча педагогикалык багытта институттар бар эле. Мектепте иштей турган мугалимдерди даярдачу. Азыр баары эле университет, академия деп атып, бир да жогорку окуу жайы мугалимдерди даярдабай калды. Аны менен катар окуу куралдары да жокко эсе болуп кетти...
Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Азыркы өкмөт курамындагы бир да министрлик иштин майын чыгарып атканы көрүнбөйт. Элди тартып кете алганы же мамлекетке пайдасы бар экени байкалбайт. Ошол эле энергетика министри президентти дагы, өкмөттү дагы туңгуюкка такап салды. Кыштын кычыраган маалында айласыздан айланма свет өчүрүүлөргө барышат. Экология жана геология министрлигинен үмүтүбүз чоң эле, “кен байлыктарыбызды туш тарапка таратпайт” дегенбиз. Сактап калуу жагынан сөз беришкен, бирок анын бири да жок. Ал эми губернаторлордун ичинен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү “ирилештирүү реформасын” жеткиликтүү ишке ашыра албай, натыйжа бербегендиктен, өнүгүүбүз артка кетип отурат. Кыскаруудан пайда таппай, тескерисинче, жоготуу жагына ооп бараткандайбыз. Бир сөз менен айтканда, хаос, башаламандык күч алууда.