Акыркы кабарлар
» Саясат » Күнөөсүн мойнуна албаган Илмияновго сот кандай чечим чыгарат?
Күнөөсүн мойнуна албаган Илмияновго сот кандай чечим чыгарат?
30-октябрь, 11:11
469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту болуп жатат.
Икрамжан Илмиянов күнөөсү далилденбегенин айтып, соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды.
Кылмышка шектүү деп кармалган Илмиянов өзү тууралуу кылмыш ишин туугандарынан угуп, атайын 2018-жылдын 20-октябрында Москвадан Кыргызстанга келген. Ал аэропортко келээри менен эле кармалып, камакта экенин айтты.
Ага КР КЖКнын “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып коюлган.
Икрамжан Илмияновдун жактоочусу бүгүн өкүм чыгарып берүүсүн суранууда.
Aryba.kg