Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтоналиев менен Байгазиев кетпесе, Бишкек ШИИБде абал жакшырбайт

Токтоналиев менен Байгазиев кетпесе, Бишкек ШИИБде абал жакшырбайт

22-июль, 18:33
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ленин РИИБнин эки кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан колго түшүп, камакка алынышты. Үчүнчү шектүүсү да каралып атса керек... Бул көрүнүш милициянын жүзүнө көө жабуу эмеспи? Негизинен алсак, акыркы жылдары башкы калаанын “кызыл шапкечендери” байма-бай ар кандай кылмыштарга кириптер болушууда. 

Азамат Токтоналиевдин Бишкек ШИИБге начальник болгонуна жакында бир жыл толот. Бул аралыкта ал көп катачылыктарды кетирип, акыры кызмат ордуна татыксыз катары сөгүш алып, илең-салаң абалда жүрөт. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дегендей, көмүскөдөгү ылаңды ачыкташ керек. Иштей албаган кадрга баа берип туруп, айдап жиберүүгө мезгил келди. Мындай “Хасбик” сымалдар сабак да алышпайт экен. Эптеп күн өткөрүшөт. Айтмакчы, кылмышка шектелген кызматкерлерин УКМК же ИИМдин ички иликтөө кызматы терип кетип атса, Азамат Токтоналиев бүрүшүп, кабинетинен чыкпай отурганы кандай? Өздүк курамга кам көрбөйбү? Алдын ала иштебейби? Башын кумга тыгып алгандай образ көрсөтпөй, ачыктыкка барышы керек эле. Айтор, абалы чатак. Оор кылмыштар кат-кат тизилип, ачылбай жатканы да өкүндүрөт. Канча деген тагдырлар менен ойноп атат?..

Ал эми Ленин РИИБ начальниги Азамат Байгазиев бир байкуш экен. Аз убакыт мурда эле орун басары Жолдошбек Калчаев милициянын майору Аида Сооронбаевага зомбулук көрсөтүп, уюлдук телефонун жана 2700 сомун тартып алган. Өз ара жаңжал чыкканын гезиттин өткөн сандарында жазганбыз. Өздүк курамдын ички атмосферасы бузулуп, моралдык-нравалык абал көйгөй жаратып жатканда, пара алуу, коррупцияга батууну ким тыймак эле? Мына, Ленин РИИБнин аймактык тескөөчүсү менен тергөөчүсү УКМК тарабынан кармалышты. 160 миң сом талап кылууга шектелишип. Эске салсак, Азамат Байгазиев Свердлов РИИБде начальник катары иштей албай, чуулгандан башы чыкпай, ал жакты да кургуйга кептеп, азыркы кызматына которулуп келген. Эми аягына чейин сазга батырганы калды окшойт. 

Жыйынтыгына келсек, Азамат Токтоналиев менен Азамат Байгазиевди ээлген кызматтарынан кетирүүгө мезгил келди. Дагы бир “толкундоону” күтүп отуруунун кажети жок го? Албетте, милицияда татыктуу, чынчыл кадрлар бар. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер