Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөнбек Абдыров: “Бензин дагы 15-20%га чейин көтөрүлөт”

Төлөнбек Абдыров: “Бензин дагы 15-20%га чейин көтөрүлөт”

18-март, 12:11
1 210 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүдө. Улам арзандашын күткөн элдин үмүтү таш капкандай болуп турат. Бул тууралуу сиздин пикириңизди да уксак?

-- Негизи бул дүйнөлүк, айрыкча КМШ өлкөлөрүндө орун алып жаткан көрүнүш. Күйүүчү май ар кандай себептерден улам кымбаттап кетүүдө. Биринчиден, биз көпчүлүк убакта күйүүчү майларды Россиядан алып келебиз. Россия менен рубль, сом менен соода жүргүзбөй, доллар менен соода жүргүзөбүз. Ошондуктан доллардын көтөрүлүп кеткени биринчи маселе. Экинчиси, Россияда нефти арзан болгону менен көбүнчө өздөрүндө дагы күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатат. Биз кымбат алып келип алгандан кийин доллардын баасы да таасирин тийгизип жатканы бегилүү болуп турат. Үчүнчү маселе, Казакстан дагы өздөрүнө күйүүчү май чыгарып, бирок тышка сатууга уруксат бербей турган жарлык чыгарып коюшту. Ошон үчүн бизге Казакстандан бензин келбей жатат. Бул дагы бир себеби болууда. 

Кайсы жагынан караба, күйүүчү майдын кымбаттап турган маалы. Европа мамлекети болобу, Америка болобу, ар кандай санкцияларды салып, жолдорду бууп жатышат. Бул да бир себеп. Эң негизгиси, Россиянын дагы социалдык ар кандай төлөмдөрү бар. Айлык маяналарын, пенсия-пособиелерин каржылап турушу керек. Алардын негизи булагы бензин болгондуктан, өз саясатын жүргүзүүдө. 

Ошон үчүн биз “бензин качан арзандайт?” деп күтө бергенибиз болбойт. Дагы 15-20%га чейин көтөрүлөт. Демек, биз башка булактарды дагы издешибиз керек. Бизде күйүүчү майды кайра иштете турган ишканалар Кара-Балтада ачылган. Ошолорду колдонуу зарыл. Башка жолдорун табалы. Ошол эле Азербайжандан нефти алып келип, кайра иштетүүнү үйрөнөлү. Бензиндин баасы акырындык менен башка азык-түлүктөрдүн баасынын көтөрүлүшүнө таасирин тийгизүүдө.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер