Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда маймыл чечеги оорусунун алгачкы учуру катталды

Россияда маймыл чечеги оорусунун алгачкы учуру катталды

12-июль, 17:40
450 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру катталды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, вирус Европадан кайтып келген жарандан тастыкталган. Ошондой эле оору жеңил формада өтүп, оорулуу адамдын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендиги белгиленди. Бейтап учурда изоляцияда, тагыраагы, инфекциялык профилдеги медициналык мекемеде жаткандыгы айтылат.

Май айында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө маймыл чечегин жуктуруп алгандар катталганы маалым болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетти жуктуруп алгандар жакын арада көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген. Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Алгачкы жолу 1958-жылы маймылдардан аныкталгандыгынан улам ушинтип аталып калган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер