Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москва районунун шектүү чиновниктерине Зулушев мыйзамдуу баа береби?

Москва районунун шектүү чиновниктерине Зулушев мыйзамдуу баа береби?

24-май, 22:01
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москва районундагы сот, мамлекеттик администрация, айыл өкмөт, кадастр башкармалык тармактарынын такай өнөкөткө айланган бергилешкен коррупция мүнөздөгү ыплас иштери президентке, өкмөткө, башкы прокурорго жетет деген үмүттөмүн. 

1. Судья К.Тургунбаев жарандык иш №686 06.01.2011-ж. 160 кв/м (чарчы метр) жер тилкеси; ЖИ №686 06.04.2011-ж. 252 кв/м. жер тилкеси № ЖИ №2-630 25.04 2013-ж.; ЖИ №628 25.04.2013-ж.; ЖИ №2-1577 19.12.2013-ж. 0,10 гектар жайыт жер “Жаман эчки колоту” боюнча иш аягына чыкканы менен 6 айдан ашык иш Беловодск айыл өкмөтүндө жатат. Калган жарандык иштер прокуратура тармагы менен аягына чыга элек.

2. Судья Ф.Марлестин ишмердиги (качып кеткен, Кыргызстанда жок) жарандык иш №2-782 11.04.2016-ж.; ЖИ №2-1790 27.09.2016-ж.; ЖИ №2-1792 27.09.2016-ж.

3. Судья Н.Аджибеков КР мыйзамдарына ылайык келбеген туура эмес чечим кабыл алган. Өз кызыкчылыгын мыйзамдан жогору көргөнүнө далилдер:

1) 2016-жылдын 30-апрелинде (ГД № 571);

2) жарандык иш №2-390 12-июнь 2017-жыл; 

3) жарандык иш №468/18 ч4. 20.04.2018-жыл.

Өз кызыкчылыгына кызмат абалын пайдаланганы аз келгенсип, 40-50 миң сом менен пенсияга чыгары белгилүү. 

Судья Н.Аджибековго баардык прокуратура тармагы калканыч коргоочу болууда. Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзамга ылайык баа береби? 

4. Москва районунун судьясы К.Тургунбаев №686 06.04.2011-жылы бир күндɵ бир эле номерлүү эки чечим кабыл алган. Биринде 160 кв/м жер тилкесине, экинчисинде 252 кв/м жер тилкесине. Москва райондук соттун тɵрагасынын Р-170 05.10.2017-жылы мага берген маалыматында бир эле иш материалында О.В.Сметанкого 160 кв/м жер тилкесине чечим бар. Сотто 252 кв/м жер тилкесине иш материалы жок. 252 кв/м жер тилкесине №686 06.04.2011-ж. чечим бар.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бир күндɵ бир номерлүү эки чечим кабыл алууга болобу? Госрегистрдин ɵкүлү, юрист С.Заков сот отурумуна катышкан. 

2-июль 1999-жылы алган мамлекеттик АКТда 00,16 гектар – 160 кв/м жер тилкеси катталса, ошол эле актынын жер планында 315 кв/м деп кɵрсɵтүлгɵнү туурабы? 

№686 06.04.2011-жыл Москва райондук соттун чечими О.В.Сметанконун арызы (11.06.2013-жыл) аркылуу 12.06.2013-жылы Беловодское айыл ɵкмɵтүнүн башчысы А.И.Кононов, жер адиси А.Асаналиева сот чечими боюнча жер тилкесин бекитүүдɵ 252 кв/м деп кɵрсɵтүп, план түзүүдɵ 642,4 кв/м жер тилкесин картага түшүргɵн.

Көрсөтүлгөн фактыларга мурун өзгөчө маанилүү тергөө кызматын аркалаган прокурор К.А.Нуруллаев, орун басары У.Абдуллаев прокурордук чечкиндүү баа бере алышпай өздөрү аралашып, шылуун аялдын көркүнө мас болушканбы же айлакерликтен табылган арам акчага эстери ооп жатышабы? 

5. Мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган “Жаман эчки колотундагы” (96 контурда) Беловодское айыл аймагында жайгашкан 0,10 га жайыт жер тилкесине  туруктуу үй, малкана салууга 19.12.2013-жылы жарандык иш №2-1577 Москва райондук соттун чечими менен жеке менчикке ыйгарылган. Мыйзамсыз укук бузууга бүтүндөй Москва районунан түзүлгөн комиссия жол берген. Комиссиянын төрагасы, акимдин биринчи орун басары Э.Сердюкова мыйзамга ылайыксыз жол бергени үчүн жооп береби?

Жайыт жерди алган Жусупов Р.Ибраимовдун кан кудасы. Учурда Р.Ибраимов кабагым-кашым дебей эле Жайыл районунда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин башчысы болуп ишмердүүлүгүн улантууда. 

Мурунку айыл өкмөт башчысы А.И.Кононов Сердюковага 2012-жылдары 5,36 га сугат жерди пара сыяктуу бергенби? №4610903 1999-жыл сатып алуу келишими 18.12.2012-ж  2,16 га, сатып алуу келишими №0001714  20.02 2013-ж, 1.6 га сугат жер жана сатып алуу келишими №0001725, 0001725 20.02.2014-ж, 1.58 га сугат жер мыйзамдуулугун эч ким ооз ача алган эмес. Анткени Москва районунда 15 жыл бийлик башында туруп, кылмыштуу топтун башында турганбы? Чоң суроо жаралат.

Кайрылуум президентке, өкмөткө, башкы прокурорго жетип, судья Н.Аджибековго, Э.Сердюковага, Р.Ибраимовго, М.И.Кононовго, О.В.Сметанкого  КР мыйзамдарына ылайык чечкиндүү чаралар көрүлөбү?


Сиздерди сыйлап, урматтоо менен 

Байтик Давлеталиев, коррупцияга каршы көмөктөшүү “АКОС” коомунун Чүй облусу боюнча координатору 

Тел.: 0557-94-91-15, 0708-94-91-15 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер