Акыркы кабарлар
» Экономика » Акылбек Жапаров болбосо, айлык, пенсия берилбей калабы?
Акылбек Жапаров болбосо, айлык, пенсия берилбей калабы?
14-апрель, 16:37
2 030 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ушундай каңшаарды тымызын коё берип, эки жылдан ашык убакыттан бери эрмектеп келатканына таңбыз. Негизи Акылбек Жапаров бийлик төбөлдөрүн гипноздой арбап, көп идея, сунуш, демилгелерин эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатканына талдоо жүрбөйбү? Кадр саясатын айтпай ак коёлу. Бизнес жааты да гүлдөп, түшүмүн берип аткан чагыбы? Өкмөт башчылыктан сырткары жеке кызыкчылыктарын жайгарууга да жетишип, чын эле Акылбек Үсөнбекович кыйын чыкты. Келечекте да бул боюнча жакшы “туздалса” керек. Эмне үчүн байлар кусуп жатышканда, тымпыйып отурат? “Дамасты” мамлекетке өткөрбөйбү? Башка үй-мүлктөрүн жашырганычы? Качан ачыкталат? Коррупцияга каршы күрөш тегиз жүрсө, эл ынанмак, а болбой эле бийликтеги шектүүлөр эл башкарып жатышса, аягын кандай элестетесиңер? Чындык, реалдуулук керек да...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити