Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кызыл-Омпол менен элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирип алышыбыз мүмкүн”


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын “Биринчи радионун” эфиринде белгилеп айтып өттү. Бул маалымат “Азаттык” басылмасында да жарыяланды.
“Кечээ жакында титаномагнетит өндүрүшүн пилоттук режимде баштадык. Бизде 20 миллион тоннадай титаномагнетит бар деп болжолдуу айтып жатышат” деди Төрөбаев.
Биз бул боюнча эки жылдан бери маселе көтөрүп, өз сунуштарын айтып келе жаткан тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агайга суроолорубузду узаттык.
-- Адис катары Кызыл-Омполдогу көйгөйлөр, экономикалык, экологиялык маселелер тууралуу ой бөлүшүп келесиз. Бакыт Төрөбаев “20 миллион тонна титаномагнетит бар” деди. Бул сан канчалык реалдуу? Уран запасы жана башкасы боюнча да айта кетсеңиз? Мисалы, Таш-Булак участкасында 1,6 миллион тонна запасы болсо, жарымы да аныкталбай калышы мүмкүнбү? Анын 40%ы жолдун астында калса, 700-800 миң тоннага жетпеген титаномагнетитти иштеткен канчалык деңгээлде экономиканы көтөрө алат?
-- Бул акыркы эки жылдан бери сөз болууда жана сиздердин гезит аркылуу дагы коомчулукка жетип жатат. Адис катары мен бул маселе боюнча өз пикиримди, сунуштарымды берип келем. Бүгүн бул маселе пилоттук долбоор катары айтылууда. Маселе боюнча туура маалымат беришибиз керек, жаңылыштык кетирбейли. Президентибиз Садыр Жапаров дагы ишти баштаарда “жети өлчөп бир кесели” деп бир нече ирет эскерткен.
Биринчиден, Бакыт Төрөбаев айтып жаткан “20 миллион тонна титаномагнетиттин запасы бар” деген маалымат туура эмес. Чынында ал болжолдуу запастар тууралуу сөз болуп жатат. Андыктан “20 миллион тонна бар” деп так маалымат катары айтууга болбойт. Айрым маалыматтарда титаномагнетиттин запасы 20 миллион тонна деп айтылса, 2018-жылы “Юразия” компаниясы жүргүзгөн чалгындоолорго ылайык, 13,1 миллион тоннадан ашпайт. Адистер белгилегендей, маалыматтардын бурмаланышы келечекте чоң жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн. Балким инвестор тартуу же долбоорду маанилүү көрсөтүү максатында убагында сандар көбөйтүлүшү ыктымал.
Кызыл-Омполдо жайгашкан беш участок бар, алар: Таш-Булак, Баке, Оттук, Түндүк жана Узун-Сай. Учурда бул төрт участокто геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, алардын негизинде запастары эсептелип, анан гана мамлекеттик баланс боюнча бекитилиши зарыл. Азырынча мындай расмий тактоо болгон жок.
Мурда да айтып келгендей, 2018-жылдын 21-декабрында №905 протоколдун негизинде "Юразия" аттуу компания Кызыл-Омпол участкасында геологиялык чалгындоо жүргүзүп, төмөнкүдөй болжолдуу маалыматтарды берген:
-- урандын С1 жана С2 категориясы боюнча – 3519 тонна;
-- торийдин С1 жана С2 категориясы боюнча – 3599 тонна;
-- фосфордун С1 жана С2 категориясы боюнча – 10 120 тонна;
-- цирконийдики С1 жана С2 категориясы боюнча – 34 022 тонна;
-- титаномагнетиттин С1 жана С2 категориясы боюнча – 1 605 000 тонна.
Айрым маалыматтарда бул запастар 50 пайызга чейин азайышы мүмкүн деген да божомолдор бар. Ошондуктан, эң биринчи кезекте ушул төрт участокту, айрыкча Таш-Булак аймагы боюнча геологиялык чалгындоо иштерин кайрадан жүргүзүп, запастарын так аныктап, жаңыдан мамлекеттик баланска кошуу зарыл.
Тоо-кен тармагы өзүнчө бир чоң жоопкерчиликти талап кылат. Жалпысынан алганда, бул тармак тобокелдикке негизделген бизнес. Ошондуктан, так маалыматтар, далилдүү эсептер болушу шарт. Ошонун негизинде экономика да эсептелиши керек.
-- Экономика жагын эсептөө эмне үчүн зарыл?
-- Себеби, биз бул жерден кандайдыр бир экономикалык пайда таба алабызбы же жокпу? Ошону аныктоо керек. Мисалы, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы болуп турган учурда Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына байланыштуу “100 объекттин бири деп Кеминде жайгашкан Мироновская кенин ишке киргизип жатабыз” деп бакылдаган. Бирок бүгүнкү күндө ал долбоор экономикасы эсептелбегендиктен, тилекке каршы, токтоп турат.
Азыркы учурда тоо-кен тармагындагы экономиканы караган темалар көтөрүлүүдө. Бул боюнча иш алып бара турган адистер болушу шарт, бирок бизде мындай адистер жетишсиз да. Мен ушул багытта бир аз тааныш болгонума карабастан, бул абдан кылдат эсептөөнү талап кылган чоң маселе экенин түшүнөм. Андан сырткары, буга чейин да айтып өткөндөй, азыркы учурда ушул аймактагы бир участокто пилоттук режимде иштер жүрүп жатыптыр.
Ал эми жалпысынан беш участок боюнча мен өз учурунда сунуштарымды айткам. Алардын бири Баке участогу. Бул участок жолдун жээгинде, суу сактагычка жакын жайгашкан. Бул жерде иш жүргүзүү мүмкүн, бирок алгач ал жердеги кендин кору аныкталышы керек. Жолго жакын жайгашканы кооптуу, себеби, жер көчүп кетүү коркунучу бар. Ошондой эле ал жерден электр линиясы дагы өтөт, аны башка жакка жылдыруу маселеси жаралат. Бул участокто кандай көлөмдөгү кен бар экени да белгисиз. Анан да экономикалык жактан элге пайдалуу болобу же жокпу? Ушунун баары өзүнчө чоң көйгөй. Менин түшүнүгүмдө, бул жерди иштетүү мүмкүн эмес.
Андан кийинкиси Узун-Сайдагы участок. Суу сактагычка жакын жайгашкан. Анын 60%га жакыны суу сактагычтын ичинде турат. Мындай шартта кенди кандайча иштетебиз? Бул дагы өзүнчө чоң маселе. Бул ишти жүргүзүү үчүн көп чараларды кабыл алышыбыз керек.
Эң акыркысы Көк-Мойнок айылына жакын жайгашкан Түндүк участогу. Айылга өтө жакын жайгашкан. Бул жерди иштетүү экологиялык жактан жана адамдын ден соолугуна тийгизе турган таасири жагынан абдан этияттыкты талап кылат. Себеби, башында айтылгандай, титаномагнетиттен сырткары урандын да кору бар. Ар бир участокто урандын запасы бар экени белгиленүүдө. Бул аймактагы казуу иштери өзүнчө маселе жаратып жатат.
Ал эми төртүнчүсү, же болбосо Оттук участок деп аталган жер бар. Кооптуу дегеним, Ак-Өлөң айылына жакын жайгашкан. Ал жерден темир жол өтөт, ошондой эле коңшу балык чарбасынан чукул аралыкта орун алган. Бул өзүнчө татаал маселе. Ал жердеги кенди иштетүүнүн мүмкүнчүлүгү жана экономикалык шарты дагы каралышы керек. Геологиялык түзүлүшү, инфраструктуралык жагдайлары дагы чоң роль ойнойт.
-- Экологиялык көп коркунучтар тууралуу да айтып келесиз...
-- Ооба, мен бул жерде негизги экинчи маселе катары экологиялык коркунучту баса белгилеп кетким келет. Азыркы учурда ал жерде экологиялык экспертизанын жыйынтыгы даярдалып жатыптыр. Ал кенди иштеткен компанияга тапшырма берилген экен: даярдоо иштерин жүргүзүп, ошол эле учурда айлана-чөйрөгө тийгизе турган зыяны барбы же жокпу (?) деген суроого жооп берүү үчүн экспертиза жасалышы керек. Биринчи ушул маселе өтө олуттуу.
Мындай чоң кенди иштетүүдөн мурда эң алгач техникалык маселелер чечилип, андан кийин гана пилоттук иштер башталса туура болот эле. Анткени ал жерде адамдар жашайт, айлана-чөйрөгө тийгизе турган зыяны өтө чоң болушу мүмкүн. Бул жаатта дүйнөлүк деңгээлдеги көз карандысыз эксперттик компаниянын корутундусу болушу зарыл. Эгерде ошол деңгээлдеги компания экспертиза жүргүзүп берсе, биз үчүн бул чоң пайда алып келет.
Экономикалык жагына дагы бир ирет токтолсок, мисалы, Казакстан жылына 23 миң тонна, быйыл 25 миң тонна уран өндүрүүдө. Өзбекстан 5 миң тоннадай чыгарат. Алар уранды атайын технология менен – топуракка кислота жүгүртүү аркылуу бөлүп алышат. Анан ошол эритмени түтүктөр аркылуу кайра чыгарып, фабрикада иштетишет. Бизде болсо уран кумдун арасында, башкача айтканда, кошумча элементтер аралашкан абалда жатат. Биз “кумду казып алып, жууп-тазалап, анан бөлүп алабыз” деп жатабыз. Бирок мында чаң катуу көтөрүлөт. Урандын эң кичинекей бөлүкчөсү (бир гана песчинка) адамдын дем алуу органдарына кирсе, рак илдетине чалдыгууга себеп болушу мүмкүн деген маалыматтар бар.
Дагы көңүл буралы. “Мындай жерде иштөө экологиялык гана эмес, экономикалык жактан да пайдалуубу?” деген маселе турат. Мисалы, эгерде 175 миң тонна кенди кайра иштетсек, баардык чыгымдарды кошкондо (амортизация, эксплуатациялык чыгымдар, оперативдик чыгымдар, ж.б.) 10 миллион 770 миң доллар кетет экен. Ал эми алынуучу киреше болгону 1 миллион 360 миң доллар болот. Демек, биз болжол менен 9,4 миллион доллар чыгымга учурайбыз. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча, мындай кенди иштетүү пайда алып келбей турганын көрсөтүп турат. Андыктан, алгач адистер кендин чыныгы экономикалык пайдалуулугун эсептеп чыгышы керек. Эгерде толук кандуу көздөрү жетсе, анан чоң көлөмдө өндүрүү маселеси каралат. Болбосо бул долбоор өзүн актабайт.
Экологиялык жагына дагы бир ирет токтолуп кетейин: жанында айыл бар, суу сактагыч бар, сугат каналдар өтөт – буларга тийгизе турган таасири сөзсүз түрдө иликтениши керек. Дүйнөлүк деңгээлдеги беделдүү компания экологиялык экспертиза жүргүзүп, анан гана чечим кабыл алынганы оң.
Азыркы учурда ал жерде кошумча бургулоо иштери жүрүп жатат. Адистердин айтымында, бул кендер кумдун ылдый жагында, тереңдиги 50 метрге чейин жетет. Баштапкы маалыматтар боюнча “үстүңкү катмардагы уранды жууп-тазалап алабыз” дешкен. Бирок учурда терең катмардагы – шарттуу түрдө "коренной кендер" деп аталган жаңы катмарлар табылышы мүмкүн деген божомолдор бар. Аларды кандай технология, кандай ыкмада иштетебиз? Бул дагы өзүнчө маселе.
Кызыл-Омполдо мындай катмарлар бар: Восточный, Узун-Сай, Безводный, Чоткара, Көк-Мойнок сыяктуу участоктор. Алар жер астындагы катмарда жайгашкан. Эгерде алар суу булактарына жакын болсо, анда өзгөчө кооптуу.
Таш-Булак участкасында пилоттук режимде иштетилип жаткан урандын баланстык кору 3600 тонна деп көрсөтүлгөнү менен анын жарымына жакыны азырынча так аныктала элек. Ошондой эле болжол менен 1800 тоннанын 40 пайызы "Датка-Кемин" линиясынын коргоо зонасында жайгашкан. Бул шартта “1000 тоннадай уранды казып алуу экологиялык жана экономикалык жактан канчалык негиздүү?” деген суроо туулат. Анын ордуна Жетим-Тоо (темир кени), Кеминдеги сейрек кездешүүчү металлдар же Кути-Сай-2 сыяктуу пайдалуу кендерди иштетүү көбүрөөк киреше алып келмек.
Демек, азыр биз пилоттук иш жүргүзүп жатсак дагы, бул иш көп суроолорду жаратат. Экологиялык, экономикалык, техникалык жана саясый жагдайлардын баардыгы эске алынышы зарыл. Адистер, экологдор, геологдор жана тийешелүү министрликтер менен биргеликте терең анализ жүргүзүп туруп гана чечим кабыл алуу керек. Болбосо, элдин коопсуздугуна, ден соолугуна, жаратылышка олуттуу зыян келтирип алышыбыз мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити











