Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ЖАМКга жан киргизген Мелис Турганбаевден үлгү алалы

ЖАМКга жан киргизген Мелис Турганбаевден үлгү алалы

04-июнь, 13:15
3 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Генерал Мелис Турганбаев ЖАМК жетекчилигине барганына бир жылдан ашты. Кыска убакыттын аралыгында аталган системага жан киргизип, көп жумуштарды бүтүрүп коюптур. Айрым урунттуу жерлерине кыскача токтолуп өтөлү.

Эң башкысы, ЖАМКда тартип, ырааттуулук орногону байкалат. Мурда эл аралык уюмдардан келген каржы булактары максатсыз колдонулса, учурда бул жагы жолго салынганын эске алсак. Кыргызстандагы баардык түрмөлөрдүн ичи-тышынан бери көзөмөлдөй турган видеобайкоолор орнотулганы, аны чоң экрандардан борбордук аппараттан эле атайын жумушчу топ карап отурушарын көрсөк болот. Ошого катар төрага Мелис Турганбаев колониялардын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүүгө атайын зал ачып, заманбап технологияларды колдонууда мезгилден артта калбай, ыкчамдык менен иштөөгө жетише алыптыр. Коллективге шарт түзүп берүү, айлыктарын көтөрүү камылгасы уланып, оозго аларлык демилгелердин жүрүп атканы байкалат. Турак жайдан кыйналган кызматкерлерге эки үй куруп берип, ондогон жылдар бою келаткан көйгөйлөр чечилип, батирлерди таратканы да жакшы саамалык эмеспи.

Ал эми жазаларын өтөп жаткан жарандарыбыз тамак-ашынан кем болбой, алардын укугун коргоого тыкыр көңүл бурулууда. Эркинен ажыратылгандарга паспорт берилип атканы да факт. Абактагылардын баары эле кылмышкерлер эмес, жаза тайып кырсыкка кабылгандар, жалаа менен отургандар арбын. Укук коргоо органдарынын, соттордун өзүм билемдигинен миңдеген адамдардын тагдырлары тескери бурулуп, мыйзамсыз, ырайымсыз өкүмдөрдүн кордугунда калгандарды кантебиз? Мамлекет кайсы бир деңгээлде өз жарандарына гумандуулук кылып, ырайымдуулук жана мунапыс колдонууну демилгелеп, аларды тарбиялык жолдо эркиндикке чыгарууга жол салыш керек. Бул жагынан жетекчи катары Мелис Турганбаев мыйзамдын сакталышына басым жасап, алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырууга кызыкдар экен. Айтмакчы, учурда абактарда курулуш материалдарын чыгаргандар, кол өнөрчүлүккө ык койгондор, кийим-кече тиккендер, айтор, күнүмдүк турмушка керектелүүчү көптөгөн материалдар менен өндүрүш жааты жолго коюлганы кубандырат.

Дагы бир жагдай, абактарды коронавирустан коргоо боюнча алдын ала иш-чаралар уюштурулуп, убагында дезинфекция жүргүзүлгөнү, бул апааттан сактанууга кыраакы мамиле жасалганы ырас. 

Кыскасы, бийликтин жогорку чиновниктери Мелис Турганбаевден үлгү алышып, мамлекет үчүн жандили менен дал ушундай кызмат кылышса, тез эле өнүгүп кетмекпиз. Үлгү алууну, кыйынды баалай билүүнү да үйрөнөлү.


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер