Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров бийликти айланчыктаган 300 адамды люстрация кыла алабы?

Садыр Жапаров бийликти айланчыктаган 300 адамды люстрация кыла алабы?

18-январь, 11:35
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Той да болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, шайлоо да болду, шайлоонун эртеси дагы болду. 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өнөктүгүн, атап айтсак, БШК алгачкы жыйынтыгын 11-январь күнү чыгарып отурат. 

Алсак, биринчилерден болуп, Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Владимир Норов дагы Кыргызстанда шайлоо мыйзамдуу, калыс жана акыйкат өткөндүгүн тастыктап, билдирүү менен чыкты. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары дагы бул жыйынтыкка кошуларын билдиришти. Буга катар Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен биринчилерден Афганистан президенти Ашраф Гани Ахмадзай куттуктап, оозун жыя электе, КМШ өлкөлөрүнөн Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев куттуктап, ал гана эмес расмий иш сапары менен өлкөсүнө келип кетүүсүн билдирди. Буга катар орус президенти Путин жана коңшу Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиёев дагы Садыр Жапаровду куттукташты. Өзбек президенти расмий иш сапарга чакырып, мамлекет башчыбызды күтүп аларын шардана кылды. Дагы да куттуктоолорго, эл аралык уюмдардын таануусуна күбө болуп жатабыз. Мына кыргыз элим, “Садыр Жапаров кокус шайланып калса, мамлекеттер тааныбай коёт, эч кимиси аны менен сүйлөшүүгө барышпайт” дешип, көзү ачыктык кылып отурушту эле, буга дагы ыраазы болушпай, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышып, тескери үгүт иштерин жүргүзүшүп, элдин башын айлантканга катуу аракеттерин көрүштү. Ниети кара Отунбаева бултуя чыга калып, “бул эми кырсыктуу шайлоо болуп жатат” деп, элдин келечегине суу сепкенге далалатын көрсөттү. Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, К.Иманалиев, А.Мадумаров, А.Сегизбаев К.Сооронкулова, Б.Калмаматов жана башкалардын тилектери таш капты. Алар эмненин ичинен чыгарын билишпей, дендароо болуп турушкан чактары. Көпчүлүк эл Садыр Жапаровдон үмүт кылууда. “Ачык, даңгыр жолго түшөбүз, келечекте экономикасы өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айланабыз” деп турсак, элге каршы капталдан чыкканын карматып, Ф.Кулов деген эргул бөйрөктөн шыйрак чыгарып, “бул президенттик шайлооңор жарабайт, Башмыйзамды алгандан кийин дагы президенттик шайлоо өткөрүш керек” деп айгай салып турган чагы. Ф.Куловдун бул кылыгы элдин ой-тилеги менен жаңы шайланган Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровду көргүсү эмес, уккусу келбей жатканы жалпыбызга түшүнүктүү болуп турат. Садыр Жапаровго 80 пайыз эл үмүт артып, шайлап берди. Эми жаңы президенттин “эки тизгин бир чылбыры” колунда, эл да келечегин кимден сурашты билет. 

Акаевден бери келе жаткан чириген, коррупциялашкан башкаруу системасы жана эч кимиси эч нерсеге жооп бербеген заман ушуну менен бүттү! Садыр Жапаровдон элдин чыдамсыздык менен күткөн негизги кадамы – 30 жылдан бери бир бийликке келип, бир кайра оппозицияга өтүмүш болуп, Акүйдү айланчыктап жүрүшкөн 250-300 кишини люстрация кылуу вазыйпасы турат. Бул ишти Садыр Жапаров ишке ашырып, элдин үмүтүн актай алабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер