Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Айдарбеков согуштан пиар жасабай, былтыркы пандемиядагы жоготууларга жооп берсин!

Чыңгыз Айдарбеков согуштан пиар жасабай, былтыркы пандемиядагы жоготууларга жооп берсин!

11-май, 00:21
1 810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министр Чыңгыз Айдарбеков ишке ашпай турган кыялдар менен баш оорутуп, согуш бүткөндөн кийин жеңил пиарга ык койду. Баткендеги материалдык, моралдык зыяндарды толтурууга, расмий Душанбени айыптоого чакырды. Расмий тажик бийлигин эл аралык алкакта жоопкерчиликке тартууну айтканы жакшы, бирок ишке ашыруу мүмкүн эмес го? Кайсы гана абройлуу уюмдар, эл аралык сот болбосун, эгемендүү бир мамлекеттин бийлигин чөгөлөтүп, соттоп жибере албайт да, туурабы? Тарыхта согушкан мамлекеттер көп болгон. Иш жүзүндө алардын кайсы тарабы күнөөлүү экени аныкталып, бүтүндөй бийлик органдары камалганын көргөн эмеспиз. Биздин баамыбызда, Чыңгыз Айдарбеков ашкере акылдуу көрүнүп, өзүн кыйын дипломат сезип, элге күйүмүш эткени күйгүзүүдө. Башкасын айтпасак да, былтыркы пандемия учурундагы чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдардын эсебин чыгарып бербейби? Агезде бул эргул ТИМди жетектеп отурбады беле? Андагы жоготууларга, коррупциялык иштерге жооп береби? Эми түштөн кийин асмандан түшө калгандай аксынганы акылга сыйбай турат! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер