Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Эрбаев, ЖК депутаты: “Түрмөгө телефондорду нандын, консервалардын ичине салып киргизишет...”

Алишер Эрбаев, ЖК депутаты: “Түрмөгө телефондорду нандын, консервалардын ичине салып киргизишет...”

12-сентябрь, 20:20
610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Алишер Ташбаевич, кечээ комитеттин жыйынында сиз телефондук алдамчылык түрмөдө отургандар менен байланыштуу деген пикирди айттыңыз. Бул канчалык текшерилген маалымат?

-- Азыр алдамчылык боюнча кылмыштар аябай күч алды. Алардын айынан негизинен пенсионерлер, жаш балдар жабыр тартууда. Ал кылмыштарды иликтей келгенде негизинен түрмөдө отургандар менен байланыштуу болуп жатат. Өздөрү Бишкекте же башка бир чоң шаарларда отурушса да, байланышкан телефону түрмөнүкү болуп чыгат. Эң акыркы жылдардагы статистиканы алып карасак, турак жайга байланышкан жана башка алдамчылык боюнча 14 миңге жакын кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген жалпы чыгым төрт миллиард доллардан ашып кетти. Бул кимдердин акчасы? Биринчиден, жарандардыкы, анан биздин сыртта иштеп жүргөн мигранттардыкы. Себеби, 1 миллион 300 миңге жакын биздин мекендештерибиз Кыргызстандан сырт жактарда эмгектенип жүрүшөт. Бир эле Россиядан бир жылдын ичинде 2,5-2,7 миллиардга чейин акча которулат. Алар биринчи кезекте турак жайымды оңдоюн, үйлүү болоюн дейт. Бизге келип түшкөн кайрылуулардын көбү айыл жеринде жашагандардан, анан пенсионерлерден. Ошон үчүн биз буга чейин телефон номерлерин сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алып бергенбиз. Кечээ болсо түрмөдө, тергөө изоляторлорунда отурган кишилерге тыюу салынган предметтерди берүүгө жазаларды күчөтүү боюнча мыйзамды биринчи окуудан кабыл алып бердик. Биринчи жолкусунда айып салынса, экинчи жолкусунда кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

-Түрмөдө отургандарга уюлдук телефондорду бергендерге 30 миң сом айып салынат экен. Мындай чара кылмышка канчалык бөгөт коё алат деп ойлойсуз?

-Соизмеримость наказаний деген түшүнүк бар да. Мыйзам чыгаруунун өзүнүн техникасы бар дегендей. Биз дароо эле потологун албайбыз да. Биринчи жолкусунда ал телефонду билбегенинен алып келиши мүмкүн. Карапайым бирөөгө мобул нанды же консерваны берип коюңузчу деп суранышы мүмкүн да. Ал алып келип берди, текшергенде ичинен телефон чыгып калды. Анан ал жаранды дароо эле он жылга камап салыш керекпи? Биринчи жалпы профилактикалык иштер жүрүшү керек. Экинчи жолу кайталанса, эки жылдан беш жылга чейин кылмыш иши козголот.

-- Кандай дейсиз, мындай иштерге жаза аткаруу мекемесинин айрым кызматкерлери да аралашкан болуп жүрбөсүн?

-- Антип айткандан алысмын. Мен жана жогоруда айтпадымбы, нандын, консервалардын ичине салып киргизип ийишет экен деп. ГСИНдин кызматкерлери карашат, текшеришет, анан ичин чукубайт да. Кеп ушунда болуп атпайбы. Ошондуктан, биз аларга рентген аппараттарын, эч болбосо рапискандарды, сканирлөөчү аппараттарды коюп беришибиз керек. Азыр көрүп атпайбызбы, технология токтобой алдыга кетет экен, ширеңкенин кутусунчалык чакан телефондор чыкпадыбы. Биз ошолордун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө тийишпиз. Жүргүзөрдөн мурда мыйзамдарды жазып, акча каражаттарын бөлүп беришибиз керек. Ошондо гана натыйжа болот.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер