Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлдүн сулуулугундагы кайгыны тарткан Туман Жумабаев

Гүлдүн сулуулугундагы кайгыны тарткан Туман Жумабаев

16-август, 23:22
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаев 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

"XXI кылымдын Рембрандты" аталган кыргыз сүрөтчүсү, АКШ сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү Туман Жумабаев 30 жылдан ашуун Питерде жашаган. Ал 1962-жылы 10-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүткөндөн кийин Россияга сапар тартып, ошол жактан орун-очок алган. Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы. Жакындарынын айтымында, Жумабаевдин сөөгү Санкт-Петербург шаарына коюлганы белгилүү болду. Кыргыз сүрөтчүсү Туман Жумабаев тууралуу төмөндөгү макала көзү тирүү кезде даярдалган.


Сүрөтчүнүн өмүр баяны

Сүрөтчү Туман Жумабаев биздин Ала-Тоонун, кыргыздын кулуну. Ал 1962-жылы Аксы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы сүрөт тарткан, сүрөткө кызыккан адам болот. Биринен тарта бири жетилген уулдарына сүрөт дүйнөсүн, живопись эмне экенин тааныштырган ата жолун улап, Туман 1980-жылы Ленинград шаарына келет. Алгач Захар Мишевскийдин изо студиясынан сабак алган Туман бир жылдан соң Серов атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырат. Андан соң И.Е.Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясына өтүп, профессор Юрий Непринцевден сабак алат.

Туман Жумабаевдин алгачкы көргөзмөсү 1996-жылы Австриядагы галереяда өткөрүлөт. Ошондон тарта ар жыл сайын Россиянын Москва, Санк-Петербург, Самара шаарларында, Австрия, Вьетнам, Иран, Кытай өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Азыр ал Санкт-Петербургдагы сүрөтчүлөр союзунун, АКШдагы портретчилер ассоциясынын мүчөсү. "Маковая пререя" конкурсунун эки жолку лауреаты. Анын сүрөттөрү Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде, Россиянын Самара облусундагы жана Иран өлкөсүндөгү искусство музейлерине коюлган.

2004-жылы Олег Теняев, Владимир Кожевников үчөө "Аргонавттар" деген топ түзүп, чыгармачылык байланыштарын ого бетер жакындатып, бирге иштеше башташат. "Аргонавттардын жолу" аттуу алгачкы көргөзмөлөрү Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.

Алгач айылдан дароо эле чоң шаарга келген чоң максаттуу жаш улан орус тилин билбегени үчүн бир топ эле кыйналат. Шаардын бир тарабынан бир тарабына баруу үчүн билгендерге кагазга жаздырып алып таксисттерге берген күндөрү да болот. А айылда тарых сабагынын мугалими, сүрөт тартууну ушунчалык жактырган атасы жана 9 бир тууганы калат. 

Ошентип, эч тил билбей чоң шаарга келген Туман азыр үч тилде ойлонот. Ал ойлонгон тилдер кыргыз, орус жана англис тилдери. "Ойлор кээде дароо эле үч тилде тең жаралат" деген сүрөтчүнүн айтканы бар. Туман Жумабаевдин "Туман-Арт" аттуу жеке сайты бар. Сүрөтчүнүн сүрөттөрүнө үңүлүп, рухий азык алгыңыз келсе, бул сайтка башбаксаңыз болот.

Гүлдөр сериясы

Туман өзү тууралуу айтканда: "Мен гүлдөрдү жактырам. Айрыкча эң жөнөкөй талаа гүлдөрүн. Алгач мекенимден Ленинград шаарына келгенде ленинграддык сулуу кыздарга белекке гүл бергим келчү. Кээде ал белегим тартууланбай, өзүмдө калчу. Гүлдөрдү бөлмөмө алып келип, вазага салып койчумун. Анан ал гүлдөрдүн сүрөтүн тарта баштачумун. Гүл дагы сенин кан-жаныңдан жаралган балаң сымал сенин көз алдыңда бүрүн ачат. Анан буркурап жыпар жытын чачат. Мен бөлмөдөгү гүлдөрдүн узакка турганын жактырам. Тез-тез суусун алмаштырам. Гүлдүн сулуулугунда дайыма бир кайгы турат. Мен тарткан гүлдөр сериясында ромашка, жасмин, кызыл мандалактар, сирендер, жапайы розалар бар.

Бактылуу үй-бүлө

Туман Жумабаевдин жубайы Жанна да сүрөтчү айым. Исал, Илар жана Жан аттуу үч уулдун атасы. Сүрөтчү шаар четиндеги дачасына келгенде 33 жыл мурун алыска калтырган Ала-Тоосун, бала кезин эскерет. 

“Мен бала кезде бактылуу күндөр өткөнүн элес албапмын. Ал кезде тез эле чоңоюп, шаарга кетким келчү. Дачадагы жашоом ошол менин алыста калган балалыгымды эске салат. Асман, жер менен жакын болом. Жарык дүйнөнү, гармонияны сезем. Мындан өткөн бакыт барбы?” дейт.


Диалог

“Улам жаш өткөн сайын өзгөрөсүң. Башка адамга айлана баштайсың. Алгач мугалимдин тапшырмасын аткарууну, картиналарыңды кантип сатуу жолдорун ойлонсоң, кийин өзүң менен өзүңдүн ортоңдо диалог жүрө баштайт. Ички дүйнөңө сүңгүйсүң. Ички дүйнөң менен сүйлөшөсүң. Искусствонун бүгүнкү абалы ойлондурат. Адамдардын искусствого кызыкпай баратканы, жандүйнөлөрдүн, көкүрөктөрдүн жакырданганы, жандүйнөсү бош адамдар, муундар ойлондурат”. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер