Урматтуу Садыр Нургожоевич, тоо-кен тармагынын бүгүнкү абалы боюнча маалымат берели...

Урматтуу президент Садыр Нургожоевич!
Бүгүнкү күндө сизге аргасыздан кайрылууга туура келип жатат. Биз, тоо-кенчилер жана геологдор бирикмеси түзүлгөнүбүзгө отуз жылдай убакыт болуп калды. Биздин бирикмебизде тоо-кен, геология тармагында алды алтымыш, арты кырк жылдан кем эмес эмгектенген окумуштуулар, академиктер да бар. Баары тең түздөн-түз тоо-кен тармагына кызмат өтөп келген адамдар. Биз өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздө: “Бүгүнкү күндөгү тоо-кен тармагындагы акыбал кандай болуп жатат? Алардын бул күндөрдөгү турмушу жана ошондой эле көйгөйлүү маселелери, чечүүнүн жолдору жана өлкөбүздө жайгашкан ири компаниялар Кумтөр, “Кыргызалтын”, “Кыргызнефтегаз”, “Кыргызкөмүр” мекемелеринин иштери менен жеринен барып таанышып, чогуу сүйлөшүп, маселени биргеликте чечсек, кандай өнүгүүлөргө жетишебиз?” деген тилектер менен иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Ошол иш-чаралардын негизинде кагаз жүзүндө протоколдорду кабыл алып, ага өз сунуштарыбызды жазып, министрлер кабинетине, Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетине жөнөткөнбүз. Ошол жөнөтүлгөн сунуштарыбыздын негизинде кандайдыр бир иш-чаралар, консультациялар болот (!) деген ойдо элек. Бирок үч жылдан бери биздин жөнөткөн сунуштарыбызга бир дагы жооп келген жок. Мурунку бийликте биздин сунуштарыбыз, кайрылууларыбызбы, массалык маалымат каражаттарына жарыяланган материалдарыбыз болобу, сөзсүз түрдө тийешелүү адистери бизге чыгып, “маселе көтөрүп жатасыңар, келгиле, жолугуп сүйлөшөлү” деп иш-чаралар кабыл алынчу. Тилекке каршы, акыркы үч жылдан бери биздин жазган каттарыбызга, сунуштарыбызга, кайрылууларыбызга бир дагы жооп ала алган жокпуз. Андан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго 2021-жылдын декабрь айында жолугушуп, министрлер кабинетинин адистери менен чогуу талкуу болгон эле. Ал талкууда Акылбек Жапаров: “Мен сиздер менен квартал сайын жолугуп турайын. Чогуу иштешели, жардам бергиле” деген. Бирок квартал сайын эмес, акыркы үч жылдагы жолугалы деген аракеттерибиздин баары эч кандай жыйынтыкка алып келген жок. Ошого байланыштуу кайрылууга аргасыздык жаралды.
Бүгүнкү маселелер убагында каралып, сунуштарыбызга көңүл бурулса, балким, айрым көйгөйлүү маселелер жаралбайт эле. Мисалы, “Вертекс” деген компанияда, “Жамгыр” алтын кенинде иштеп жүргөн компаниянын корлорунда маселе бар. Ошону эртерээк чечпесек, корлору аныкталбай калса, орчундуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал экенин мындан үч жыл мурун эле билдиргенбиз. Ошого байланыштуу 2024-жылдын 1-январына деп кабыл алынган корунун он тоннасы аныкталбай калып, бул мекеме бүгүнкү күндө толугу менен жабылып калды. Миңдеген адамдар жумуш ордуларынан айрылышып, бюджетке түшө турган каражаттар да түшпөй калды. Ушул сыяктуу көп маселелер бар. Алардын бири, убагында биз белгилеп айткан СУЛ (средство за удержание лицензии) деген теманын негизинде өкмөттүн дагы 2021-жылдын октябрь айында кабыл алынган министрлер кабинетинин №185 токтому жер казынасын пайдалануучулар үчүн жүктөлгөн төлөмдөрдүн туура эмес эсептелгенинен көптөгөн компаниялар иш аракеттерин токтотууга мажбур болушкан. Азыркы убакта бул токтомдун негизинде 2400дөн ашык кен изилдөөчүлөргө өтө чоң таасири тийип калат. Алардын ичинен таза иштегендерине тийешеси болбоосу шарт. “Силер баарын эле бир рамкага киргизип жатасыңар” десек укпай коюшту. Ошонун негизинде көптөгөн жакшы иштеп жаткан компанияларга жүздөгөн миллион сом туура эмес төлөмдөр чыгып, жер казынасын пайдалануучулар кыйынчылыктарды тартып, инвесторлор дагы кетип калышты. Ошол туура эмес кабыл алынган иш Жогорку соттун чечими менен жокко чыгарылган. Бирок ошонун ортосунда канча убакыт өттү, канча деген жер казынасын пайдалануучулар күч органдарынын алдында азап тартышты. Убагында “мындай кылганга болбойт” дегенибизди эч ким уккан эмес. Бул күндөрү деле Кумтөр, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызнефтегаз” боюнча ушундай маселелер бар.
Мындан үч жыл мурун тоо-кен тармагынын өнүгүшүнүн концепциясын иштеп чыгуу боюнча сиздин берген тапшырмаңыз бүгүнкүгө дейре аткарылбай келүүдө. Эки жарым жыл мурун Кара-Балта тоо-кен комбинатынын базасында руданы кайра иштетүү боюнча берген тапшырмаңыз да ишке ашпай турат.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиз менен 2021-жылы резиденцияда жолугушуу учурунда жалпы эле тоо-кен тармагы, анын өнүгүү жолдору боюнча маектешүү болду эле. Биздин бирикме үчүн сунуштарыңыз да айтылган, бирок жогоруда белгиленгендей, жасап жаткан иштерибиз министрлер кабинети тарабынан эске алынбай, “үйрөтүү” же таарыныч катары кабыл алынууда.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Эгерде туура көрсөңүз, бош убактыңыз болсо бизди кабыл алып, тоо-кен тармагынын бүгүнкү абалы, өнүгүү жолдору боюнча сизге маалымат бергенге даярбыз. Ошого байланыштуу биз көп жылдар бою чогулткан тажрыйбабызды бөлүшүп, биргелешип иш алып барсак, тоо-кен тармагын мындан ары да өнүктүрүп, экономикага салым кошкон болот элек.
Сиздерди урматтоо менен, Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кен инженери, техника илимдеринин доктору, КР өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Россиянын тоо-кен илимдер академиясынын мүчөсү, ардактуу кенчи жана геолог