Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Азыркы парламенттик шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санайм”

Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Азыркы парламенттик шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санайм”

31-октябрь, 22:21
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ибрагим Кожоназарович, эмнедир талапкерлердин арасынан фамилияңызды көрө албадык. Шайлоого катышпайсызбы?

-- Мен быйылкы шайлоого жана шайлоо иштерине катышпайм деген чечим кабыл алдым. Биринчиден, парламентке жаңы жүздөр келсин деген ойдомун. Экинчиден, азыркы парламенттик шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санадым. Үчүнчүдөн, шайлоого мен эмес, уулум Эламанды чыгарсамбы деп ойлогом, бирок түрдүү жагдайларды эске алып, экөөбүз тең эс алып эле туралы деген чечим кабыл алдык.

Кара-Суунун 90 жылдыгына барганымда мени менен учурашкандын баары эле “шайлоодон күтөбүз” деп атышты. Кээ бири топ-топ болуп келишти. Көрсө, көпчүлүгү мурда мени колдогондор экен. “Шайлоодо келиңиз, катышыңыз, Кара-Сунуун депутаттарынын аброюн көтөрүш керек” дешти. Мен депутаттардын аброю бир эле райондун, бир-эки депутаттын аракетинен эмес, жалпы парламентке келгендердин кадырынан көз каранды экенин айттым...

-- Учурда баары эле талапкер болууга ашыгып жатышкандай. Эмне, парламенттин кадыры кетип калдыбы?

-Көпчүлүгү парламентте отургандарды жыргап жүргөн адамдай элестетишет. Чынында парламентке келгендин баары иштеши керек. Элдин жүгүн көтөрүш оор. Ага акыл, энергия көп сарпталат. Бир жерге асфальт төшөп, дагы бир жерге суу чыгарып, малы жокту малдуу кылып койсоң эле мыкты депутат болуп кетпейсиң. Эмнегедир эл арасында депутат деген түшүнүк акчага байланып калыптыр. Депутат жол салып, мектепке компьютер алып берип эмес, элдин көйгөйүн чечиш керек. Көпчүлүк эл депутаттарга муну кыл, аны алып бер деп зарылчылыктарын айта башташты. Башкасын кой, мектептин окуучулары дагы депутаттар акча бериши керек деген ойдо болуп калышыптыр. Бир сапар карындашымдын үйүнө барсам, жээним менен чогуу окугандар “тагаң келген турбайбы, бизге акча берсин” дешиптир. Эмнеге?” десе “депутаттар акча берет экен го” дешиптир. Ал сөздү угар замат күлүп, эшикке чыктым. Силерге ким айтты андай сөздү?” десем, “элдин баары эле айтып атышат го дешти. Окуучуларга чейин сиңип кеткен сөзгө күлдүм.

Негизи парламентке акчасына эмес, акылына, тажрыйбасына таянган депутаттар келсе, таза шайлоо болсо, чынында өнүгүүгө жол алмакпыз. Эркин ой жүгүрткөн, бирөөнүн оюна жетеленбеген адамдар келсе, мамлекет үчүн пайдалуу болмок. Бу сапар ошондой азаматтар келсе экен деп тилейм.

-- Дээр, деңгээлин билбей эле шайлоого аттангандар көбөйгөнүнө караганда, жаңы шайлоо системасы баарынын дымагын күчтөдүбү?

-Шайлоо системасын жакшы түшүнбөгөндөрдүн дымагы көтөрүлүүдө, ошондон улам депутат болгусу келип атышат300 миң төксөм, 1000 адамды алсам, миң адамдын аялы же күйөөсү болуп 2000 добуш болсо, балдарын жакындарым добуш бердиртсе, 3000-4000 добуш болот” деп ойлошту да. Азыр бир аялды ишенимдүү өкүл кылсаң, анын күйөөсү, кайнене-кайнатасы, балдары баары ишенимдүү өкүл болгон адамдын сөзүн угуп, ал айткан талапкерге добуш берет деп ойлоп жатышат. Мына ушундай жагдайларды эске алганда, шайлоонун таза өтөрү күмөн жаратат. Негизи эле шайлоонун таза өтүшү кыйын нерсе. Себеби, ар нерсенин өзүнүн барьерлери бар. 2010-жылы биз “Ата Журт” партиясы менен келгендебизге көпчүлүгү бут тосо албай калышкан. Себеби, жаңы бийлик келгени үчүн өздөрүн эптей албаган учур эле. Ошон үчүн “Ата Журт” партиясы биринчи орунду алып келген. Азыр канчалык деңгээлде добуш берилерин, кайсы талапкер канча добуш аларын чынында билбейм. Эң башкысы, шайлоо тынч өтүп, парламенттин курамы мыкты инсандардан болсо экен деген ниеттемин.

-- Негизи депутаттар жакшы эле иштедиби же Жогорку Кеңешке кирип-чыкканына кубанып жүрө бериштиби?

-- Өзүн өзү тараткан парламентте саналуу эле киши иштеди. Жалпы парламенттин ишин карап көрсөңөр, 90 депутаттын беш-алтысы эле иштеди. 

4-5-чакырылыштын депутаттарынын жок дегенде 50 пайызы жакшы иштечү. Ошон үчүн күчтүү парламент болгон. Алардын деле 20-30 пайызы саясатчы болчу, калганы бизнесин коргочу. Азыркылардай болуп айтканды аткарып отура беришчү эмес. Кандай маселе жаралса да ачык айтып, ак сүйлөшчү.   

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер