Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жубайымды таштап, бузулган аялды тандаганыма өкүнүп жүрөм...

Жубайымды таштап, бузулган аялды тандаганыма өкүнүп жүрөм...

28-сентябрь, 00:19
836 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезим эле. Каникулга келип, айылда жүрүп калдым. Бул күндөрдө айылда мугалим болуп иштеп жүргөн Гүлайымды жактырдым. Гүлайым менден төрт жаштай улуу, бир турмушту көрүп келген келин эле. Анын турмуштан ажырашканы, менден улуулугу кызыктырбады. Күндөн-күнгө ага карата сүйүүм күч алып баратты. Биздин сүйүүбүз, махабатыбыз тез эле айылдын аяк-башына дүң болду. Акырында ата-энеме да жетти. Бир күнү атам сөгүнүп келди.

--Ай, курган бала! Сен жаман Базарбайдын турмуштан чыккан кызынан башканы таппадыңбы? Айылдын баары сени эле соз кылып жатат, - дейт.

Бир жагынан апам кошулду.

--Айланайын балам, ушундайыңдан токтот. Өзүң үйдүн улуусу болсоң, инилериңе ушинтип үлгү көрсөтөсүңбү? Биз сени жакшы жердин кызын алып, жумушка орношуп, келечеги кең, бакыйган адам болоруңан үмүт кылабыз. Эгер жанагы Базарбайдын кызын ала турган болсоң, төрт тарабың кыбыла, топурагыбызды түйүп беребиз!

Такыр эле мени түшүнө тургандар жок. Акыры алардын айтканы менен болдум. Алар таап берген кызга баш коштум. Бирок келинчегим Гүлназды таптакыр жакшы көрө албай койдум. Тескерисинче, ар убак көкүрөгүмдө ага болгон кыжырдануу сезими бар эле. Гүлназ болсо колунан келишинче жакшы жар, жакшы келин болууга аракеттинди. Ал ансайын кыжырдануум күч алат. Ата-энем карып баратат. Алар үчүн эле Гүлназ менен жашай бердим. Акырындап Гүлназ да менин сезимимди түшүнүп калды. Бирок ал дагы басып кетпеди. Чыдап жашай берди. А жылдар өтүүдө. Экөөбүз бир уул, бир кыздуу болдук. Бир күнү менин жүрөгүмдөн кетпеген, менин сүйүүм Гүлайымды кезиктирдим.

Гүлайым шаарга көчүп келгенине бир топ убакыт болуптур...

--Экөөбүз келечекти кандай кыялданчу элек? Бирок сен мени таштап кеттиң. Башкага үйлөнгөнүңдү укканда, кандай абалда калганымды билсең кана? Эки-үч жылдай өзүмө келе албай жүрдүм.

--Сен эки-үч жылды айтасың. Он жылдан ашык убакыт өттү. Мен дагы деле өзүмө келе элекмин. Азыр бактысыз адаммын.

--Мен да өзүмдөн улуу адамга турмушка чыккам. Бирок жашообуз болбоду. Акыры ажырашып кеттик. 

Гүлайымдын бул сөзү майдай жагып, үй-бүлөмдү таштап, аныкына жашап алдым. Бирок ал эчак бузулган аялга айланыптыр. Эркектер тынбай эшигин кагып келишет... Эми үй-бүлөмө кантип кайтып барарымды билбей, айла таппай жүрөм. Силер дагы мендей ката кетирбегиле...


Бектур

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер