Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Башка өлкөлөрдө президенттин туулган күндөрү кандай майрамдалат? (Тизме)

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Башка өлкөлөрдө президенттин туулган күндөрү кандай майрамдалат? (Тизме)

16-ноябрь, 13:24
796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 16-ноябрь, Кыргызстандын президенти Сооронбек Жээнбековдун туулган күнү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүн Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев биринчилерден болуп куттуктады. Андан кийин Беларусиянын президенди Александыр Лукашенко жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттук сөздөрүн айтышты. 

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүн кандай белгилээри тууралуу азырынча маалымат жок.

Эскерте кетсек, Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Дүйнөдө президенттин туулган күндөрү кандай белгиленет?

Казакстан

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү 2012-жылдан бери улуттук майрам катары белгиленет. 1-декабрда Н.Назарбаевдин туулган күнүнүн урматына эс алуу күн деп белгиленип, ар кандай оюн-зоок программалар менен коштолгон майрам өтөт.

АКШ

Америкада февраль айынын үчүнчү жумасындагы дүйшөмбү күн майрам болуп эсептелинет. АКШнын биринчи президенти Джорж Вашингтондун туулган күнү белгиленип, шоу-программалар коштолот.

Англия

Англияда 8-июнь ханыша Елизавета IIнин туулган күнү белгиленип, июнь айынын экинчи ишембисинде майрамдалат. 

Исландия

Исландияда өлкөнүн бешинчи президенти Олавур Рагнар Гримссондун урматына 14-май майрам катары белгиленет. 

Голландия

Бул өлкөдө 30 же 29-апрелде ханыша Юлиананы туулган күнү катары белгиленип, коомдук жайларда майрам, эс алуу, көңүл ачуу менен өткөрүлөт.

Ангола

Анголада биринчи президенти Антонио Агостиньо Нетонун туулган күнү "Улуттук баатыр" күнү катары жыл сайын майрам катары белгиленет. 

Түндүк Корея

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын туулган күнүндө мектеп окуучуларына 1 килограмм конфет таратылат. Көчөлөрдө улуттук оюн зооктор, музыка, ыр-бийлер менен коштолгон майрам өтөт.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер