Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мезгил канатындагы поэзия

Мезгил канатындагы поэзия

26-апрель, 09:00
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз адабиятында чоң таланттар учурунда бааланбайт. Нукура поэзиянын бийик үлгүлөрүн жараткан А.Осмонов, О.Султанов, Т.Мукановдордун чыгармачылык тагдыры мунун айкын далили. Поэзиянын бул үч залкарынын көркөм дүйнөсү, поэтикалык казынасы толугу менен изилдене элек, чети оюлган жок. Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгы да ушундай тагдырга туш болду. Анын курбалдаш калемдештери “эл акыны”, “эмгек сиңирген ишмер” наамдарын алышты, томдуктарын чыгарып жатышат, сыйлыктарга ээ болушту. Бирок Өмүрбек андай сый-урматка бөлөнгөн жок. Анткени кыргыз коомунда наамды, сыйлыкты да чуркаган алат, татыктуулардын эмгегин калыс баалап, “татыктуу” деп наам, сыйлык ыйгаруу чанда бир көрүнүш, бул эч кимге жашыруун деле эмес. Башкаларга окшоп Акүй-Көкүйдүн эшигин жыртып, пара бергенине пара берип, бара бергенине бара берсе, Өмүрбек деле ошол наам, сыйлыктарды алмак. Бирок ал андай “арам” ишке аралашкан жок. Анүстүнө мындай жасалма сөөлөт күткөндү жактырбайт экен. Ошон үчүн ал “мен ырымды сыйлык үчүн жазбадым” деп ыймандай сырын төгүп жатпайбы. Анткени өзүн-өзү дүңгүрөтүп даңазалаган, жасалма каада күткөн далай эл акындарынын, лауреаттардын ырлары автордун көзү тирүүсүндө эле “акка моюн сунуп”, макулатурага айланып, дайынсыз кеткен эмеспи. Кеп наам-даражада эмес экенин ал эрте түшүнүп, мындай утурумдук жасалма азгырыктардан, жалган атактан баш тартканы туура болгон. Анын пакиза ыйманы, инсандык принциптери мындай ыплас ишке жол бербептир. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” деп Райкан таамай айткандай, Өмүрбек майда иш болобу, чоң иш болобу бардыгына принципиалдуу мамиле жасайт, ыйманына камчы чаппайт, мойнуна кылыч такап турса да ырларында чындыкты айтат. Сыртынан момпоюп жумшак көрүнгөнү менен ичинен ушул катаал мүнөзү, ажайып дүйнөгө болгон көз карашы, турмушка мамилеси ырларында ачык көрүнөт. 

 Университетти аяктагандан кийин ал башка калемдештерине окшоп, жылуу орун издеп Фрунзеде калган жок. Дипломун алып элетке, болгондо да алыскы тоолорго, көк тиреген Памирге аттанды. Кезинде француз поэзиясында революция жасаган таланттуу акындар Артюр Рембо менен Поль Верлен ээрчишип алып Европанын шаарларын кыдырып, эл-жер көрүп, Лондонго чейин барышса, Өмүрбектин көчмөн духу бийиктикке, тоолорго жетеледи. Бул эки көрүнүштүн окшоштугу: дүйнө кезип, эл таанууга, жер таанууга умтулган изденгич, кыйынчылыктардын толкунун жарып өтө турган тайманбаган дух, курч, эрктүү мүнөз. Өмүрбектин ушундай татаал жолду тандап алганынын өзүнөн эле анын мансап, наам, даража сыйлыктарды сокур тыйынчалык көрбөгөн чыныгы акындык мүнөзү, табияты айкын көрүнүп турат. 

Постсоветтик мезгилдеги кыргыз поэзиясынын жаңы ыргактары, жаңы мотивдери, жаңы образдары тууралуу сөз кыла турган болсок, анда ириде Өмүрбек Тиллебаевдин поэзиясына кайрылабыз. Анын “Адамдын күн жүрүшү” (2021) аттуу ырлар жыйнагы муну кашкайта далилдеди. Жыйнак акындын узак жылдардан берки поэтикалык изденүүлөрүнүн жемиши. Акын элүү жылдан ашык убакыттан бери чыгармачылыктын түйшүгү тартып, ыр талаасында изденип келатат, ушул мезгил аралыгында ал болгону үчүнчү ырлар жыйнагын чыгарып отурат. Мына ушунун өзү ал поэзияга канчалык жоопкерчилик менен карай турганын, сөз кадырын билгенин далилдеп турат. Айрым грофамандарга окшоп, 10-15 китеп чыгарып, самандай сапырылган ыр сымактарды жазбады. Акындын бул китеби мурдагылардан айырмаланып, жаңы мазмун, жаңы сапаттарга бай. Мурда кезикпеген жаңы темалар, акындын ырларын мазмундук жактан тереңдетип, чындыкты көркөм туюнтуу каражаттары машталып, акындык чеберчилиги өрүш алып, кыргыз поэзиясынын көркөм чагылдыруу салттарын байыткан. 

Жыйнакта азыркы заман бардык өзгөчөлүгү, контрасттары, сулуулугу, куник жактары, трагедиясы, көп түстүү боёктору менен анын ырларында сынынан бузулбай таамай чагылган. Акындын ой чабытынын масштабдуулугу, учкулдугу, жалындаган темпераменти илме кайып, учкаяк мезгилди таамай чагылдырып, дирилдеген жандуу ыр саптарында жөнөкөйлүк менен татаалдык, реалдуулук менен идеалдуулук айкалышып, гармонияга келип, өзүнчө бир керемет көркөм дүйнө жаралган. Ал кыт куйгандай ыр саптары чыгармачылыктын кандай азап-тозокторунан жаралганын акын окурманга: 

Ырлар деп жылдар, өмүр, жаш корогон,

Саптарын күйүп-жанып, жашка орогом, - деп ачыгын айтып жатат. Демек, бул көктөп турган, өз алдынча өмүр сүрүп кете турган ширелүү саптар курулай акыл менен чүргөлгөн жеңил жазылган уйкаштар эмес, акындын ой азабын тарткан өжөр изденүүлөрүнөн жаралган. 

Ырларындагы инсандык, коомдук ыргактар өз ара жуурулушуп, мезгил, заман, тууган жер, тагдыр, жашоо маңызы сыяктуу мотивдер Өмүрбек Тиллебаевдин ырларында философиялык тереңдиги, масштабдуулугу менен айырмаланат. Азыркы замандын татаалдыгын, контрасттарын, адам табиятын, турмуш көрүнүштөрүнүн сырларын, алардын өз ара байланыштарын, түбөлүк мыйзамын поэтикалык жалын менен кынаптап, чеберчилик менен образ жаратуунун өзүнчө бир системасын иштеп чыккан. Бул анын “Адам-канат”, “Каакым-кукум”, “Козголоң духтун демөөрү”, “Тешилген асмандын санаасы”, “Жакшылыксыз жашаба”, “Шамал менен сүйлөшүү”, “Жанат дүйнө”, “Көрөм сенин элесиң”, “Издеп жүргөн адамды”, “Кайчылаш тагдырлар”, “Кеч күздөгү аарылар” аттуу ырларынан айкын көрүнөт. Ырдан ыр жазган авторлор жаңылыкты башка акындардын поэтикалык дүйнөсүнөн издешет, ошолордун таасиринде эпигончулук кылып, жасалма “илхом” менен ыр чүргөшөт. Жаңылык акын өзүн ачуудан, замандын, доордун образын, өзгөчө белгилерин кашкайта ачып көрсөтүүдөн башталарын алар кайдан билсин? Ушул ыңгайдан алып караганда, Өмүрбек Тиллебаевдин “Адамзат жана акыр заман” деген ырында мезгилдин портрети таамай тартылган: 

Жайнаган сайт, интернеттер, каналдар

Жамандыкты жар салышып, жарышып.

Канга сиңип ошол шумдук кабарлар,

Адамдардын пейили барат карышып.


Жаман кабар... толуп акыл жүрөгүң,

Ал кабарга ынтаа коюп, сак кулак.

Кайсы жерде канын төксө бирөөнүн,

Кайсы жерде жаткан болсо аткылап.


Авария... кырсык... ажал... ыйлаган,

Зордоп, тоноо, мыкаачылык башты алып.

Адамдардын пейилинде кыйладан,

Акыр заман жатабы дейм башталып.


Жаш-карысы телефонун караган,

Санаа тартып, ойго батам олтуруп.

Бомба болуп баратабы ар адам,

Баш мээсине зулумдукту толтуруп.


Жок кылуунун сан миң жолун үйрөтүп,

Аралашты, калбады го адал зат.

Али согуш боло электе дүйнөлүк,

Сен жарылып кете көрбө адамзат. 

Бул ыр саптарынан азыркы коогалуу мезгилдин илеби уруп, интернет желесине жипсиз байланган адамдардын, пейил-куйу бузулган замандын жандуу образы, мүнөздүү белгилери менен чагылдырылган. Ушундай керең заманды көрүп туруп, акындын ою онго, санаасы санга бөлүнөт. Чырмооктой каптаган маалымат технологиялары адамды азгырып, өзүнө көз каранды кылып, жакшы менен жаманды, ак менен караны, түбөлүк менен утурумдукту жуурулуштуруп, айырмасын жок кылып, аралыгын жоюп, акыл-эсинен, абийиренен кол жууп бараткан адамзат аны ажырата албай баратканына акын кайгырып, сай-сөөгү сыздап отурат. Интернет технологиясынын жардамы менен кыргыз коомуна бөтөн маданият, менталитетине жат баалуулуктар таратылып, мээсине сиңирилип жатканын жаземдебей баамдап, ошого сарсанаа болуп, элдин келечегин ойлоп, акындын кабыргасы кайышып турган чагы. Дүйнөдө экспансиянын түрлөрү көп, аскердик, экономикалык, каржылык экспансиялар бар, бирок, илимпоздордун изилдөөлөрдөн кийин чыгарган жыйынтыгына караганда алардын эң коркунучтуусу маданий экспансия экен. Тумоодой каптаган массалык маданият жайылганда бейтааныш обондор жаңырып, элдин салтына жат көрүнүштөр пайда болуп, жаштар башка ыр ырдап, Батыштын сөзүн сүйлөп, эл каада-салтынан, тилинен ажыраганда, маңкуртка айланат. Ошон үчүн акын: 

Жиниккен коом токто бир аз, тынымга,

Зуулдайсың ылдамдыктын зымында.

Интернеттин желесине байланган,

Адам азыр айланганбы чымынга? - деп эртеңки күнгө санааркайт. XIX кылымда Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу кыргыздын каймактары орустардын келиши менен элдин турмушу, маданияты кандай өзгөрөрүн көрө билип, санааркашып, “эми келечек кандай болот?” деп ой азабын тартып кайгырышып, көкүрөгү муңга толгон трагедиялуу, философиялык ыр саптарын калтырышкан. Ошондон туура 150 жыл өткөндөн кийин ошолордон келаткан салтты жаңыча улап, “Устаранын мизинде оодарылган замананын” (Арстанбек) өзгөргөн түрүн илгиртпей байкап, күн санап татаалдашып бараткан дүйнөнү акыл таразасына салып, ой элегинен өткөрүп, жалындуу саптарга айлантып отурат. Өмүрбек акын элинин келечегин ойлоп, “Орозосуз отуз күн, же Ванганын эскертүүсү” поэмасында замандын трагедиясын терең анализдеп, ачып берген. Ал эми “Сөз жана доллар” деген ырында: 

Сен акыным үндөбө

Барар жери күл дөбө

Руху ач адамдын,

Тойбойт көзү дүйнөгө.


Акча – кагаз калтырак,

Алтын – темир жалтырак.

Сөздүн демин сезе бил,

Сөздө тирүү жан турат.


Жүрөгүңө сөз калап,

Учур ойду сөз канат.

Өтөр-кетер дүйнөдө,

Өтпөй, өчпөй сөз калат, - деп руханий жардылыктын сормо сазына батып, көрдүйнөгө, байлыкка көзү тойбой акчаны культ кылып, өзүнчөлүгүн, “менин” жоготуп, стандартташып бараткан коомго бул апааттан сөз, башкача айтканда, акыл, ой, китеп, илим, билим, нагыз руханий байлык сактап каларын терең түшүнүп, ошону ыр саптарында ибарат кылган.

Акын тууган жер, мекен, айыл, сүйүү сыяктуу туруктуу, түбөлүктүү темалар менен чектелген жок. Ал дыңы бузула элек турмуштун жаңы көрүнүштөрүн талдап, жаңы дүйнөгө “тиш салып”, курч көйгөлөрдү чагылдырып, ой азабын тартып, жаңы идеяларды жаратып, ошого жараша элестүү, жандуу образдарды түзгөн. Бул анын “Аян”, “Ажал келет насыяга”, “Жашынган жалгыз душман”, “Чындыктын коңгуроосундай”, “Азыркынын үч тамсили”, “Башказан менен ашказан”, “Коронавирус” деген ырларында таасын көрүнөт.

Өмүрбектин ырларында поэтикалык ойдун тереңдиги, динамикалуулугу ар бир сапка жан киргизип, ыр өзүнчө бир бүткөн көркөм, чулу поэтикалык дүйнөгө айланат. Акын мезгилдин татаал, карама-каршылыктуу образын философиялык жалпылоо менен таасирдүү, жандуу чагылдырган. Лирикалык каармандын адам турмушун түбөлүк коштоп жүргөн өмүр менен өлүм, азап менен жыргал, кайгы менен кубаныч тууралуу ой терметкен кездери “Күлкү сунам”, “Тешилген асмандын санаасы”, “Турмуш сен”, “Жан”, “Жакшылыксыз жашаба”, “Тамчы”, “Уурулардын торбосу”, “Кеч күз”, “Мажүрүм тал”, “Ай”, “Өксүк даамы”, “Кыш чилдеси”, “Эргүү келди” деген ырларында таасирдүү берилген. 

Акындын жандүйнөсүндөгү тынч албаган чыгармачылык изденүүлөрү, туюм-сезимдери “Мезгил–акын жөнүндө” поэмасында чагылып, поэзияда чайкоочулук кылып жүргөн жазмакерлердин мүнөздүү белгилерин, кубулма табиятын таасын ачып, чыныгы талант кандай азап тартарын, нукура поэзия кандай түйшүк менен жараларын алаканга салгандай ачып бергени кашкайып көрүнүп турат. 

Көп ойлонуп, азган жылдар,

Өмүр сырын казган жылдар.

Ак сарайым, алтыным жок,

Бар байлыгым – жазган ырлар, - деп акын өзү айткандай бүткүл өмүрүн чыгармачылыктын азабын тартып, поэзия дүйнөсүндө чабыттап изденүүгө, адабияттын көркөм казынасын байытууга арнаган акындын баралына келип турганда чыгарган бул китеби – сөздөн курулган көз кайкыган ак сарайы. Анын уютулган алтындай чулу ойлордон турган ырлары поэтикалык изденүүлөрүнүн жаңы мейкиндиктерин, жаңы кырларын ачып, убарлуу узануу менен кемелине келген поэтикалык чеберчилигинин күбөсү болуп, жаңылыкка чукак болуп турган азыркы кыргыз поэзиясын тематикалык, мазмундук, көркөмдүк-эстетикалык жактан байытып, жаңы деңгээлин көрсөтүп, азыркы адабияттын өнүгүү багытын аныктап турат.


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер