Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балыкчынын чиновниктери балээни баштады, куугунтукта калдым...

Балыкчынын чиновниктери балээни баштады, куугунтукта калдым...

22-февраль, 01:27
1 468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эл менен сен бийиксиң, 

Элден чыксаң кийиксиң” 

(Арстанбек Буйлаш)

Оюңду ортого салып же кайрылуу кылуу адатта шайлоо алдында кадимки көрүнүш. Балыкчы шаарына азыркы ажобуз талапкер катары өткөн жылдын 30-декабрь күнү мэриянын астындагы аянтка келди. Эл менен жолугуп, баарлашуу болду. Талкууда микрофонго чыгып, “өлкөбүз президенттик башкаруу системасына өтүшү керек” деп Садыр Жапаровду колдоп, андан аркы сөзүмдө “ажо болуп шайланып калсаңыз Арстанбектин айтканындай “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп сөзүмдү бүтүргөм. Көпчүлүк эл менин туура сүйлөгөнүмдү кубатташкан. Ошол эле учурда айтканымды жактырбагандар да болуптур. 

Күтүүсүздөн 2021-жылдын 18-январь күнү мэриянын атынан кичүү иним Азизбек турган үйгө келип кетүүмдү талап кылышты. Барсам үйдүн короосуна ондон ашык адам келип калыптыр. “Кимсиңер?” дегиче, башчысы Курманалиев “мэриянын аппарат жетекчисимин, калгандары мэриядан, соцфонддон, аксакалдар сотторунан, ал эми милициядан өкүлдөр азыр келет” деди. Андан соң “кулагым начар, ошондуктан кыйкырып сүйлөйм” деген каратору келген Зарыл аттуу айым менин дарегиме ачуу, чаңырык үн менен келген максаттарын ачыкка чыгарды: “Гражданин Кубат Мусаевич, сени сот жообуна тартыш керек. Биринчи себеби, салмагын салып отурган 70 килограммдык иниңе күнүнө болгону бир маал тамак ташыйт экенсиң. Эмне үчүн үч маал эмес? Экинчи себеби, 30-декабрда биздин улуу урматтуу Садыр Нургожоевичти, ажо боло турган адамды, президентибизди “кийик” деп айттың, сен эмне, бизден бийиксиңби? Эгер билсең, азыр атаңдын үйүн сатып жиберебиз. Так что, көрсөтүп коё электе короодон көчөгө чыгып кет. Чык эшикке!” деп ОБОНдун образынан ашып түштү. Бир четинен менин кадыр-баркыма доо кетирди, кордоо, мазактоо сөздөрүн айтты. Экинчиден, ошол жерде турган башкалар түшүнбөй калса да бул “чогулуштун” (сходняктын) негизги максатын боолголодум. 

Эртеси эртең менен 19-январда шаардык прокурорго арыз жаздым. Анда “мага арыз же жалаа кылган ким? Чогулуш мыйзамдуубу? Мэриянын кызматкерлеринин аракеттери регламентке шайкеш келеби?” деген таризде жаздым. 14 күндөн кийин Балыкчы шаардык прокуратурадан кат келди. Балыкчы шаардык мэриянын кызматкерлери мыйзамдык акт-ченемдерин бузушкандыгы тууралуу расмий жооп алдым. Айтылган мыйзам бузууну четтетүү боюнча “чара көрүлсүн” деген сунуштама мэрдин милдетин аткаруучу А.Анарбек уулуна жиберилиптир. Алигиче сунуштама боюнча аракеттер менин дарегиме маалымат берилген жок.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Балыкчы шаардык прокуратурасынын мэриянын дарегине келтирилген сунуштаманын жыйынтыгы боюнча териштирип, колдонулган чаралар жөнүндө маалымат алып берүүгө көмөк сурайм. Сөз эркиндигине карата болгон тоскоолдук жана куугунтук фактыларын тийешелүү расмий кызматыңыз териштирип, эгер факты бар болсо, мыйзам чегинде менин укугумду коргоп берүүңүздү суранам! 


Кубат Мусаев, Балыкчы шаарынын тургуну 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер