Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл: “Уулумдун көп кылыктарынан сени көрөм...”

Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл: “Уулумдун көп кылыктарынан сени көрөм...”

12-февраль, 12:29
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кырчындай мезигилинде өмүрү кыйылган Улан Эгизбаевдин 12-февраль туулган күнү. 30 жашка толмок. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева эскерүү жазды. 

“Биз үй-бүлө кургандан кийин мен жумушума байланыштуу Лондонго кеткем. Ошол күндөрдүн биринде Лондондо окуп жүргөн кыргызстандык эже туулган күнүнө чакырып калды. Чакан чөйрөдө бирге барган кесиптешим Азиза эже, белгилүү юрист Жоомарт Жолдошев үчөөбүздүн ортобузда кызыктуу маек уланып кетти. Жоомарт ага «маркум Табылды Эгембердиев Кыргызстандагы өтө сыйлаган инсандарымдын бири эле. Өмүрүнүн соӊку күндөрү жанында болуп, мүлкүн жакындарына бөлүп берүү вазийпасын аткардым. Ошондо Табылды ага чын жүрөгүнөн өкүнүп, «көп китеп окудум, бирок, бир да китеп жазууга жетишпедим» деп кейигенин айткан” деди. Ушул сөздү кийин мен Кыргызстанга келгенде Уланга айтып бердим. Айттым да, анан артынан “сен да китеп жазсаӊ, мен оӊдоп-түзөп, чогултуп, жардамдашам” деп кошумчалай кеттим. Анткени Уландын журналисттик куржуну тарыхый маалыматтарга өтө эле бай болчу. Дээрлик саясый окуялардын чордонунда жүрүп, саясатчылардын көбүнүн көшөгө артындагы турмушу туурасында мага далай айтып берген. Мен ал окуяларды өз көзү менен көргөндөн кийин “жаза жүрсө” деген кыязда акыл салган элем. Бирок, ал таккесе “жок, каражан! Мен китеп жазбайм, мен жөнүндө башкалар китеп жазат деди. Ошондой эле болду. 

Бүгүн эми ал китепти өзүм жазып жатам... Бул баарынан мурун уулубуз үчүн жазылчу эмгек. Азыр баарыбыз билген чындыкты бир гана ал билбейт. Бейкапар чоңоюп келатат. Бөлмөбүздө турган портретиңди жакшы тааныйт, «ата» деп көрсөтөт, мойнун созуп өөп да койгонго жарап калдык. Анын көп кылыктарынан сени көрөм, жашап жаткандайсың...

Дагы бир жагынан, Уланып жатканыңды элдин сага берген баасынан билем. Кайсы жерде акыйкатсыздык болсо, сени жоктошот, сагынат, кадимкидей ичи ачышат. Демек, кыргыз журналистика айдыңына салып кеткен чыйырың, басыгың, табылгаң, ийгилигиң унутулган жок. 

Бүгүн улуу-кичүү муун сенин туулган күнүңдү куттукташат. Бир катар иш-чаралар уюштурулат. Болсоң... Баягыдай барбаландап кубанып, жасалмасыз сөздөрүңдү жазып, 30 жаш менен башкача учурашмаксың. Айла гана жок! Өзүң айткандай «муну бир айтабызбы, эки айтабызбы, айныгыс чындык!» деп жазган Улан Эгизбаевдин жубайы. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер