Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус менен ооруган адам 5 айга дейре кооптонбой койсо болот

Коронавирус менен ооруган адам 5 айга дейре кооптонбой койсо болот

03-ноябрь, 17:23
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нью-Йорктогу «Маунт Синай» медициналык борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп айыккан адамдын антителасы болжол менен беш айга чейин сакталат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын «Science» журналы жарыялаган. Ага таянсак, антитела кайрадан ооруп калуудан сактоо же вирусту алсыратып коюу күчүнө ээ. Изилдөөгө коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган 30 миңге чукул адам катышкан.

Буга чейин Лондондун Империя коллежинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, “коронавирус менен ооругандан кийин адамдын организминдеги антитела бир нече айдын ичинде кайталап илдетти жугузуп алуудан сактабай турган деңгээлге чейин азайышы ыктымал” деп жазылган.

COVID-19 вирусун симптомсуз жеңгендер арасында антителанын деңгээли өзгөчө тез түшөрү катталган. Изилдөөчүлөр ошондой эле 75 жаштан жогорку курактагы бейтаптарда антитела бат жоголгонун аныкташкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер