Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмне үчүн Мелис Турганбаев “маймыл” болду?
Эмне үчүн Мелис Турганбаев “маймыл” болду?
20-декабрь, 19:30
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Береги сүрөттөр “Тик Токко” жарыяланган. “Мелис Турганбаев” деген аккаунт аркылуу. Коомчулукта талкуу жаралып, ар кандай версиялар жазылып жатты. “Мас болуп алып жинди болуптур э?” дешсе, кээ бири “Мелис байкенин тамашасы кызык экен” деп таңгалышты. А эмнеге минтип “маймыл” болду? Генерал, экс-министрдин мындай жоругу баланын оюнундай го? Бети-башын бырыштырып, өзү соцтармакка чыгарбаса керек, же масчылыкта боло береби? Балким түз эфирде кимдер бирөө менен сүйлөшүп жүргөн, анан кебетесин буза берсе, ал скриншот кылып, топтоп жүрүп, акыры “Мелис Турганбаев” деген аккаунт ачып, “Тик Токко” жарыялап жибергенби? Ит билеби? Айтор, Меке карыганда калжаңдап, уят эле болуптур...
"Азия Ньюс" гезити