Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чет өлкөгө атайын акча уурдаганы барган кыргызстандыктар соттолду

Чет өлкөгө атайын акча уурдаганы барган кыргызстандыктар соттолду

18-ноябрь, 13:17
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дубайга мигрант болумуш болуп барып, бирок ал жактан уурулукка кирген кыргызстандык үч жаран соттолду.

Кыргызстандык жарандар Дубайда Палм-Джумейр вилласын тоногондугу үчүн сот 3 кыргызстандыкты 3 жылга эркинен ажыратты. Алар жаза мөөнөтүнөн кийин мекенине депортацияланмакчы. 

2019-жылдын февралында 3 кыргызстандык түн ичинде ээн турган виллага балкон аркылуу киришкен. Алар баалуу буюмдар сакталган 3 сейфти талкалап алып кетишкен. Шектүүлөр ошол күнү эле Дубайдан чыгып кеткен.

Кыргызстандыктар уурдалган буюмдарды алар менен иштешкен аялга беришкен. Ал аял 31 жаштагы эркек кишиге берип, ал  киши уурдалган буюмдарды Бириккен Араб Эмиратынан алып чыкмакчы болгон. Бул кызматы үчүн ага 900 доллар төлөп беришмек.

Дубайдын полициясы ошол замат эле ууруларды кармап, камакка алып, уурдалган буюмдардын жарымын ээлерине кайтарып берди.

Ал эми сотто кыргызстандыктар күнөөлөрүн моюндарына алып, Дубайга атайын акча уурдаганы келгендерин билдиришти.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер