Соке аркы дүйнөнү айтып, даават кылганда


Өткөн жумада мурдагы депутат Тыныбек Алыкуловдун ашы өттү. Үй-бүлөсү жакшылап даярданып, атасын эскеришип, куран окутушту. Маркумдун жолдоштору Туйгунаалы Абдраимов, Эмилбек Узакбаев кыскача сөз алышып, Тыныбек Алыкуловду орундуу эскеришсе, ал эми Сооронбай Жээнбеков буулугуп калганбы, айтор, микрофонду колунан көпкө түшүрбөй узак сүйлөп, аркы дүйнөнү айтып, даават кылып жибергени эмнеси? Бул боюнча отургандар да жактырышпай, аш өтүп атса кечке бакылдаганына жиндери келишкенин эскерте кетели. Кыскасы, Соке кайсы жерде жүрбөсүн, элдин кыжырына тийе баштаганы ушулбу? Өз алдынча көчөдө, коомдук жайларда баса албаса, корунуп эле жансакчынын коштоосунда жамандык-жакшылыкка араң барганы – элден чыгып калганы эмеспи? Дагы мезгил катаал баасын берсе керек...
"Азия Ньюс" гезити











