Ташиевдин тазалануу саясатына Базарбеков “балта чабууда”

Октябрь РИИБнин начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууган иниси Э.З. УКМК тарабынан 1,1 кг героин менен кармалып, өтө оор кылмышка айыпталып, 13 жылга күчөтүлгөн режимде соттолгон. Облустук сот да бул жазаны күчүндө калтырган эле. Бирок, кызыктай жагдай жаралууда.
Бизге жеткен маалымат боюнча алсак, Жогорку сот тарабынан Э.З. “акталганы” айтылды. Муну кандайча түшүнөбүз? УКМК факт жүзүндө Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууганын 1,1 кг героин менен кармап атса, райондук сот 13 жылга соттосо, бул чечим облустан бекемделсе, анан кандай болду? Жогору жактан “ымдашып”, көмүскөдөн “жайлаган” кербездериби? Үч жарым жылдан бери Камчыбек Ташиев тазалануу саясатын жүргүзүп, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүп жатса, анын иштерине карата карасанатайлык жасоо эмеспи? Жогорку соттон 1,1 кг героин менен колго түшкөн Э.З. “акталып” алса, төрага Замирбек Базарбеков эмне дейт? Ташиевдин тазалануу саясатына шек келтиргени ушулбу? Ири кылмыштарга айыпталгандар соттор тарабынан бошоп кетип атышканы арбын, өтө өкүнүчтүү. Саясый жана укуктук жактан баа берүү зарыл. А болбосо көшөгө артынан “ашмалтайлар” чыгууда.
Кыскасы, жогорудагы иш боюнча УКМКны уяткарган кербездериби?.. Базарбековдун мындай “балта чапкан” иштери арбын уланса керек. Учурдагы соттордун коррупциялашкан, аза бойду дүңгүрөткөн жоруктары бүтпөй келет го? “Кадрлар баарын чечет” деп Сталин оң маанисинде айтса, биздики тескери таризинде кетүүдө.
"Азия Ньюс" гезити