Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышайдын кайраты...

Канышайдын кайраты...

23-июль, 20:41
276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы жылдары бийликке каш кайтарып, сын-пикир айткандар деле азайып кетти. Баш көтөргөнү чекесинен камала берип, коомчулукта коркунуч сезими орун алганы жашыруун эмес. Мындай жагдайда дымыйт да. Ичтен бук кайнап, жарыла албай, “бышып жаткандай” элес калтырышып... Мунун өзү кооптуу эмеспи?

Бирок, журналист Канышай Мамыркулова башкалардай мүңкүрөп калбай, Фейсбукта пост жазып, бийликке карата ачуу да, куйкум да тили менен баа берүүдө. Эң башкысы, ал эл тарабында. Акыйкатты жазгандан тайманбай, коомдогу ар кандай көрүнүштөргө үн кошуп, өз позициясын, сунушун да билдирип келет. Чындыктын татымы ачуу болот эмеспи. Анын сыңарындай, Канышай айымдын тили уу, жетер жерине жеткизет. Бирок аргументтүү, негиздүү сындайт, кээде юмор аралаштыра мазактамайы да бар (тамаша иретинде). 

Негизи өнүгө турган коомдо ачык пикир айтуу маанилүү. Баары эле төө кушчасынан баштарын жерге тыгып алышса, келечегибиз кантет? Бул жагынан Канышай Мамыркулова үлгү көрсөтүп, байма-бай сынчыл көз карашын чагылдырып турганы керек. Кайратына, алдыны көрө билген аң-сезимине баракелде!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер