Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Жоошев: «Атамбаев массалык башаламандык уюштурууга барбайт»

Замир Жоошев: «Атамбаев массалык башаламандык уюштурууга барбайт»

18-сентябрь, 20:52
1 455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев экс-президенттин ден соолугу жана ага карата тагылып жаткан айыптоолор боюнча суроолорго жооп берди.

-- Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай? 

-- Алмазбек Шаршенович №47 колониядагы врачтардын көзөмөлүндө турат. Бирок, ал жерде ден соолугун оңдоп, түзөп кете алышпайт. Себеби, дары-дармек дагы жетишсиз. Негизи операцияга муктаж. Операция жасалмайын айыкпай турган оорулар. Бийлик тарабынан үй камагына же дарыланууга чыгаруу боюнча эч кандай демилге жок. Биз ЖМКлар аркылуу кайрылуу жасап жатабыз. 

-- Атамбаев «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча айпыталууда, буга негиз барбы? 

-- Баардык нерсени эле божомолдой берсе болот. Бирок, кылмыш иши эч качан божомолдорго негизделбеши керек. Анын конкреттүү далилдери болушу шарт. Алмазбек Атамбаевге карата коюлуп жаткан бул айыптоолор абсурд! Акылга сыйбаган көрүнүш. Себеби, Атамбаев өзү №47 колонияда ден соолугунун начардыгына карабай, канча убактан бери кармалууда. Эми болсо минтип, ал кишиге массалык башаламандык боюнча күнөөнү артууга аракет кылышууда. Бул нааразычылыктарды жаратары турган иш. 

-- Бул жерде үч саясатчынын аты аталып жатпайбы, Атамбаевдин алар менен байланышы барбы? 

-- Алмазбек Атамбаевди бул беренеге жармаштырууга таптакыр негиз жок. Мен анын жактоочусу катары мындай аракеттерди байкаган жокмун, андай аракеттерге барышы дагы мүмкүн эмес. Мунун баардыгы ойдон чыгарган айыптары. «Коркконго кош көрүнөт» болуп, Атамбаевден коркконунан ушундай кадамдарга барып жатышат. Мисалы, Туйгунаалы Абдраимов «тынч митинг өткөрөм» десе, жарандардын үйүнө чейин барып, айрымдарын суракка чакырышып, «митингге чыксаң камайбыз» деген коркутуулар орун алыптыр. Албетте, муну ачык чыгып айта алышпайт. Ал эми Курсан Асанов менен Жанар Акаев түштүктөн көп добуш ала турган талапкерлер. Ошондуктан, добуштарды өздөрүнүн талапкерлерине алып берүү максатында камоону туура көрүштү го... Айтор, шайлоого байланыштуу оюндар жүрүүдө. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер