Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Шайлоо саясый бизнес эмес, эл ишенген тандоо болушу керек”

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Шайлоо саясый бизнес эмес, эл ишенген тандоо болушу керек”

09-ноябрь, 22:13
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда шайлоого катышууга белсенген талапкерлер жана шайлоо комиссиясынын иши тууралуу кандай пикирдесиз? Келаткан жарыш ойдогудай өтөт деп ойлойсузбу?

-- Бул эми “кезексиз шайлоо” деп аталып жатат, анткени Жогорку Кеңеш өз ыктыяры менен тарады. Демек, баары мыйзам чегинде жүрүүдө. Бирок буга чейин эле президент Садыр Жапаров белгилегендей, бийлик бутактарындагы коррупцияны жоюу эң негизги маселе бойдон калууда.

Мурунку шайлоолордо айрым партиялар саясый процессти бизнеске айлантып, депутаттык орун үчүн миллион долларлар айланган учурлар орун алган. Ошол себептен криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү, айрым динчил топтор парламентке өтүп кетишкен да. Бул  Конституциянын талаптарын одоно бузуу, мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирүү. Ошондуктан президент бул жолу шайлоонун тазалыгына өзгөчө көңүл бурууда. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече талапкерди каттоодон өткөрбөй койду, адатта туура чечим. Бул жолу талапкерлердин арасында чыныгы эл ишенген, эмгеги менен далилденген офицерлер, генералдар бар экенине абдан кубанычтамын. Мен алардын көпчүлүгүн жеке тааныйм, алар эл үчүн кызматын аябаган аскер башчылары. Эгер алар парламентке өтсө, өлкө үчүн чыныгы иш жасаларына ишенем. Учурда элге керектүү, мамлекеттин коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн кызмат кыла турган адамдар керек.    


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер