Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт өзүбүздүн көмүр өндүрүүчүлөргө колдоо көргөзсө

Өкмөт өзүбүздүн көмүр өндүрүүчүлөргө колдоо көргөзсө

20-апрель, 14:04
937 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүз коронавируска кабылып, экономикалык оор абалга кептелип отурабыз. Өкмөт оор абалдан чыгуу үчүн кризистик программаны кабыл алганын жарыя кылган. Ошондуктан кризистик абалдан чыгууда өкмөт өзгөчө өндүрүш тармагына басым көргөзүүсү туура багыт болору мурунтадан эле айтылып келген. Жакында “он төрт миллиард сом таптык дегенин уктук. Ылайым эле чын болсо, бир миллиард сомду көмүр өндүрүшкө бөлсө, сөзсүз экономикалык секирикке түрткү бермек. Анткени көмүр өндүрүү тармагы аксап турат. ГП «Кыргыз Көмүр» үлгү болуп, уурулукту токтотуу жагында бир далай иш кылды. Онлайн системага киргизип, заманбап видео тармагын биринчилерден болуп орнотууга үлгүрдү, бул дагы чоң ийгиликтин башаты эмеспи. Анткени уурулукка бөгөт көргөзө алды, ошону менен өндүрүштүн жүрүшүн видео аркалуу көзөмөлдөп, өнүгүү процессин жогорулата алып, бир далай ийгиликке жетишти. Видео аркалуу баардык ишти, эч жакка барбай эле иш орунунан эле чечип жатышат. Өнүгүү багытында заманбап аудиоидео башкаруу – көзөмөлдөө система киргизген ГП «Кыргыз Көмүр» башка жеке менчик көмүр өндүрүчүлөргө үлгү болуп берүүдө. Ошондой эле атаандаштык түзүп, көмүр баасын кармап келет, бул чындык факт. Убагында КР ЖК комитетинде дагы көмүр өндүрүү жатында бир далай жолу парламентте каралып, өкмөткө атайын КР ЖК 2019-жылдын 4-сентябрындагы №359-VI протоколдук буйругу менен өкмөткө тапшырма берилген, өкмөт кардиналдык өндүрүшкө түрткү боло турган жолду изденүүсү зарыл. Ошондуктан издөө иретинде алдыңкы өндүрүш эксперт адистери менен көмүр өндүрүү картасын түзүп, ишти алдыга алып чыгуусу мезгил талабы. Эл күтүп жатат. Чынын айтып кетүүгө туура келет экен, өкмөт дагы деле ишти алдыга жүргүзө албай келет. Жеке кызыкчылыктын кесепетиненби же иштин көзүн таба албай жатабы? Казакстандын көмүрүнө көздөрү кызарып жатканы карапайым элге деле белгилүү болуп калды. “Мындай амалды токтоткула, өлкөгө экономикалык диверсия кылбагыла” деп чакырык таштап жатабыз. Ошондуктан көмүр өндүрүүнү жана көмүрдү сатып алууну жыл бою токтотпогон шартты түзүп, көмүр өндүрүшчүлөрүнө багыт берүү өкмөттүн милдети эмеспи. Кризистик убакта көмүр өндүрүүчүлөргө өзгөчө донорлук акча каражатын чечип берүү өкмөттүн милдети эмеспи. Өкмөттүн позитивдик кадамы ири экономикалык секирикке түрткү боло аларына гарантия бермек. Ошондо гана көмүр өндүрүүчүлөр үлгүлүү ишке багыт алмак. Биз көмүр ташыган ассоциациянын айдоочулары президент Соронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылабыз, туура чечим кабыл алышарына ишенебиз.

Көмүр ташыган ассоциациянын айдоочулары: Сламов Бакыт Жумабекович, Ташматов Бакыт Салморбекович, Муканбеталиев Зайырбек Исагалиевич жана укук коргоочу Качкынбек Булатов

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер