Камчы Көлбаев боюнча Сапар Исаков үн чыгара албай “мышыкка” айланганда

Айрым маалыматтар боюнча, Камчыбек Көлбаев ошол кезде Өмүрбек Бабановдун бийликке келип калуусуна каршылык көрсөтүп, максатына жеткенби? Азырынча ич ара келишпестиктер коомчулукка жарыялана элек. Бул таризде да ой калчаганга чейин дагы бир бүйүр кызыткан кепке көңүл буралы.
Аз күн мурда президент Садыр Жапаров “Камчы Көлбаев Октябрь окуясында мени эмес, Сапар Исаковду колдогон” деген маанайда маек берди. Буга чейин “каралар” Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Бабановду, Сапар Исаковду ж.б. саясатчыларды Ала-Тоо аянтынан кубалап чыгышканы боюнча материалдар жарыяланып, айтылып келген. Садыр Жапаровдун соңку интервьюсунан кийин түрдүү ой-пикирлер талкууга алынып, жоромолдор жорто баштады. Октябрь төңкөрүшүнө көп эле аттуу-баштуулар катышып, аянттан сүрүлүп, кубаланып чыгышкан да. Мындай шартта бирөөсү үн катып, окуя кандайча өнүккөнүнө талдоо кыла алышпай, мукурап отуруп калышты. Жыйынтыгында, Камчыбек Көлбаевдин колдоосу боюнча Сапар Исаков жооп бериш керек эле, тилекке каршы, “сары мышыктай” болуп, коңулга башын катканы кандай? Тар чөйрөдө мамлекет башкарууну айтып, кыйынсынганын кантебиз? Азыр чет жерде баш калкалап жүрөт. Демек, үн чыгара албаган соң, Сапар Исаковдун “караларга” таянганы чын беле?..
"Азия Ньюс" гезити