Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайдыгер дарыгер. Ак кепинге оролгон ымыркай...

Кайдыгер дарыгер. Ак кепинге оролгон ымыркай...

22-май, 13:09
853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыйкырба, сен эле төрөп жаткандай, эмне болуп атасын?!» деп врач аял төрөтканада жаткан келинди урушуп баштады. Толгоосу толуп атса да маани бербейт. “Эже келип калды окшойт, карап коюңузчу?” деген сөзүн врач укпай эшикти жаап койду. Ансайын бели күчөп ооруп, алдан тайып турган келин турууга дарманы келбей кыйкыра баштады. Эки саат мурун келген келинди “толгооң жетиле элек” деп, бир бөлмөгө камап койгон эле. Врач төрөт үйүнөн эртең чыга турган келиндин жентегин жеп, ары жакта аялдар менен отуруп алды. Өмүрүндө мындай ооруну көрбөгөн келин «жардам бергиле!» деп кыйкырып жатты. Бир убакта баланын башы көрүнгөнсүп калды эле, дагы кыйкырды. “Эжэ-э?!” деди чабалактап. Жооп жок. Шарактап отурган алар келинди укпайт да болчу. Кызуурак болуп калгандыктан баары жыргап бала жууп жатышат. Бир убакта чыдамы кетип, кроваттан тура баштады, кан “шар” эткенден кийин эле “болк деп бир нерсе чыккансыды. Турган абалында, карай албай, алы кетип, эси ооп муздак полго тарс этип жыгылып түштү...

Канча убакыт өткөнүн билбейт, көзүн ачса, капелница сайып жаткырып коюшуптур. “Балам кана? Ал жакшыбы?” деп сурап кирди. Баардыгы унчугушпайт. “Бир нерсе болду да ээ? Эмне унчукпайсыңар?» деп бакырып кирди. “Сага кыжалат болгонго болбойт” деп сооротуп жатышты. Жүрөгү сезгендей, тыбырчылап кыйналып чыкты... Бул анын тун баласы эле. Канчалап күткөнүн ойлогондо жүрөгү жарылып кете жаздады. “Кичине эс алсын” деп уйку дары сайдыртып, дагы жаткырып койду... 

Чындыгында ал келиндин бар экенин да унутуп калышкан эле. Үнү чыкпай калганында ансайын унутушту. Качан гана саат алты болуп калганда, кичине соолукканда эсине келди да, бир нерсени эстегендей чуркап жөнөдү. Келсе бала чыгып, канга боёлуп, эчак муздап калыптыр полдо. Келин өзүн жоготуп жерге кулап жатыптыр. Эркек уул болгондуктан, көлөмү чоң болуп төрөлгөн экен. Тез арада баарын арчып, баланы ак кепинге ороп, келинди тазалап жаткырып коюшту. Келген келиндин күйөөсүнө, "кечиргиле балаңар өлүк төрөлдү" деп калп айтып жашырып ташташты. Кантип? Кечээ эле узиден кыймылдап жатпады беле? деген ойлор менен жолдошу үйгө кайтты. Бул күндү үй-бүлөсү аябай чыдамсыздык менен күтүп жаткан эле...

Нурсулуу К. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер