Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Ким аялынын тилине кирип алса, ага каргыш тийсин!»

«Ким аялынын тилине кирип алса, ага каргыш тийсин!»

10-апрель, 16:47
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир канча жыл мурда келининен таяк жеген кемпирдин абалы тууралуу кайсыдыр гезитке чыккан макала эсиме түшөт. Бул окуя мага аябай катуу таасир калтырды. Келини сабаганы аз келгенсип, кыштын суук күнү кемпирди көчөгө кууп чыгыптыр. Ызгаардуу кышта ээн талааны бойлоп кеткен көчөдө араң баскан кемпирдин сөлөкөтү көзүмдөн кетпейт. Күүгүм кирээрде анын жанына милициянын машинеси барып токтоду. Кемпир эмне болгонун айткан деле жок. Болгону милиция сураганынан дарегин атаптыр. Бирок үйгө баргысы жок. Милиция бөлүмүндө түнөп калууга уруксат сурап, тордун артындагы керебетке отура кетиптир. Милиция кептин төркүнүн түшүнгөнбү же “кемпирди тордун артына жаткырууга негиз жок” дедиби, айтор анын уулун чакыртыптыр. “Уулу келди” дейт. Үрөйү учкан. “Бул эмне кылганың” деп энесин жемелептир. “Жүрү кеттик, уят кылдың мени” деп үйгө сүйрөптүр. Мына ошондо кемпир уулуна ушул кептерди айтты. Айтмакчы, бул макаланы -- кепти угуп отурган милициянын сержанты жазыптыр. «Уулум, сен атаң экөөбүздүн кеч көргөн перзентибизсиң. Биз көпкө балалуу болгубуз келди. Бирок тагдырдын сыноосу экен, Кудай сени бизге кеч берди. Көп узабай атаңдын да көзү өтүп кетти. Эми менин жашоомдогу жалгыз бакытым сен ган болуп калдың. Сен менин жашоомдун маңызына айландың. Мен ар бир күнүмдү сага арнап, ийгилигиңе кубанып, жеңишиңе шыктанып, сенин жашооң, келечегиң үчүн жашадым. Мен карый баштадым, а сен бой жетилдиң. Анан сен үйлөндүң. Мен «жалгызыма түгөй кошулду» деп өзүмдү коерго жер таппай кубандым. Бирок кубанычым көпкө созулбады. Сен бат өзгөрө баштадың, аялыңа көп көңүл бурчу болдуң. Сенин көңүлүңдү толугу менен ээлеп алган аялың көп өтпөй мага чабуул кое баштады. Мен ага ашыкча боло баштадым. Сен жокто мени менен айтышчу болду, барган сайын мени кемсинтип, атайы жаңжал чыгармай адат тапты. Мен булар тууралуу сага ооз ачпадым. Үйү бузулбасын деп даттанбадым. Демимди жутуп унчукпадым. Ал мени сага жамандай баштады. Ага ишенип, сен да мени тилдей турган болдуң. Мен ошондо да унчукпадым. Чыдадым. Аялың андан бетер күч алды. Сен жокто мага тамак бергенди токтотту. Буга да көндүм. Арыктап алым кете баштады. Бир күнү жок шылтоо менен мага кол көтөрдү. Каршылыкка алым жетпеди. Үнүмдү чыгарбай зарлап ыйладым. Сени күттүм. Келсе абалымды көрүп түшүнөөр дедим. Сен келдиң, бирок мени карабадың. Адатыңча аялың менен алек болдуң. Көп өтпөй аялың мени дагы сабады. Ага алым жетпейт. Урба деп жалындым. Ага болбой башка көзгө койгулады. Ордумдан турсам түртө салды эле, кетенчиктеп барып куладым. Жамбашым менен казанга түшкөн экенмин, ысытма чыгып, ооруп жатып калдым. Дагы сени күттүм. Келсе абалымды көрүп өзү түшүнөөр дедим. Сен жумуштан келдиң. Аялың алдын алып мени жамандады. Сен анын сөзүнө ишенип, мени дагы жекирип кирдиң. Таң атканча көрпө ичинде ыйлап чыктым. Үнүмдү чыгаргандан корктум. Бугумду чыгара албай кыйналдым. Жок дегенде бакырып алсам... Убакыт өткөн сайын сен менден алыстай бердиң. Акыркы учурларда мени түк карабай калдың. Сүйлөшкүң да келбейт. Сен иштен келээриңди күтөм. Кетээриңден корком. Сен босогону аттарың менен аялың зомбулугун баштайт. Мен ага эч сөз да айтпайм. Жалаң жалынып калдым. Урат, боздоп ыйлайм. Уулуңа айтсаң, аныңды уулап өлтүрөм дейт. Сага айткандан корком. Барган сайын абалым начарлай берди. Мен эч качан тирүү адамдын өлгүсү келээрин ойлогон эмесмин. Мен силерге тоскоол болгум келбеди. Бирок жанымды кыйганы колум көтөрүлбөдү. Кудайдан гана тилечү болдум. Өзүмө өлүм тилечү болдум. Кана ал келсе?.. Акыры айласын таап, үйдөн качтым. Калганын өзүң билесиң. Мен эми кайтпайм уулум. Болгону мени карыганда ушинтип кордогондон көрө аялың эч кимге көрсөтпөй өлтүрүп салса жакшы болмок» - деп аягында токтоно албай бышкырып ыйлаптыр. Уулу энесинин сөздөрүн көпкө угуп отуруптур. Аны кандай сезимдер бийлегени белгисиз, таң атаарда көзү илинип кеткенби, короздун кыйкырыгынан ойгонуп кетсе тордун артындагы эне баласынын башын сылап отуруп, узап кетиптир. Бул макала менин кыялымда көпкө жүрдү. Кемпирдин баласынын эмне болгону, аялы менен кантип жашап жатканы, дегеле алардын келечеги мага чынында кызыксыз. Тор артынан баласынын башын сылап отуруп көз жумган кемпирдин элеси көз алдымдан кетпейт. Эне орду басылгыс зат жана эч ким ага окшой албайт. Аллахтын элчиси салаллаху алайхи ва саллам: «Ким аялынын тилине кирип алса, ага каргыш тийсин» - деди. Кудай көрсөтпөсүн, мындай балдар кайдан чыгат?


(Интернет булактарынан)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер