«Жолборс терисин кийген баатырдын» Алыкул Осмоновдун акындык тагдырында ойногон ролу

(Башы өткөн санда)
1930-жылдардын башында Мукай Элебаевдин Алыкул тууралуу «ушул балада бир нерсе бар экенин туюп турам» деп ишеничтүү болжолдогону бекер эмес экен. Мукай Элебаев айткан ошол «бир нерсе» – ичте бугуп жаткан тубаса талант жана акыл-эс феномени турмуш тажрыйбасынын, илим-билим изденүүлөрүнөн улам (Алыкул «Жазуучулук баянымда» 1932-35-жылдарда көп окуп, көп жазганын, 1935-36-жылдарда көбүнчө котормо менен алек болгондугун жазат), акырындап астыртан жетиле берген. Каргадайынан томолой жетим калып, далай психологиялык азап-тозокторду баштан кечирип, бир жагынан ооруп, дайыма жандүйнөсүндө бороон-чапкын жүрүп, жамандыкка, эки жүздүүлүккө, чыккынчылыкка, жакшылыктарга, мээримге, адамгерчиликке да күбөлөнүп, махабат азабын да баштан өткөрүп, Алыкул жаш болсо да турмушка күйүп-бышып, ичинен тажрыйбалуу жашап калган кишиче баардыгын түшүнүп-туюп турган абалга да өсүп барган. Мына ошон үчүн жапжаш жигит «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасындагы коомдук жана адамдык мамилелердин карама-каршылыктуу табиятына, чиеленген түйүндөрүнө жана нюанстарына, подтекстке катылган сырларына, татаал философиялык афоризмдерине («Поэманын эң бөтөнчөлүгү, афорризм байлыгын сактоого тырыштым» – Алыкул) илгиртпей түшүнүп, аларды кыргыздын түшүнүктөрү жана образдары менен эквиваленттүү, Руставелинин айтайын дегенине бап келтирип оодарып отурат. Балким ушул астыртан жетилип, ич жактан түрүлүп кайнап келе жаткан Алыкулдун интеллектуалдык жана талант күчү социалисттик тоталитардык идеологиянын алкагында канат жая албай коопсунуп, партиялык, социалдык заказдардын темаларына алаксып, чыныгы жолун таппай, көмүскөдө ары-бери удургуп, туттугуп тургандыр. Анан жанагинтип, эч кандай саясат, идеология менен чектелбей, эркин жазылган ренессанс, романтизм духундагы дүйнөлүк шедевр менен кездешип, аны которууга киришкенде Алыкулдун ичине буккан кудурет, капыстан капкак ачылып, тышка бүркүлүп атылган сууга окшоп же асманга атылган салюттай “жарк-журк” этип жайнап чыга келген белем. Алыкул «Чыканактай эр Агыш, бүткөн бою тарамыш» дегендей экен.
Жыйырма жаш курактын ичинде адабий эрдик жасаган феномен таланттар дүйнөлүк адабиятта аз кездешпейт. Маселен, орус адабиятынан да поэзияда бурулуш жасаган Лермонтов, чагылгандай курч сын макалалары менен бүткүл Россияны солкулдаткан Добролюбов жыйырма жаштын ичинде эле болушкан. 24 жашында «Жолборс терисин кийген баатыр» аттуу дүйнөлүк деңгээлдеги шедевр котормону жаратып, андан соң кыргыз элине өлбөс-өчпөс поэзияны берип, 35 жашында о дүйнөгө кете берген Алыкул Осмонов Ала-Тоонун асманынан жаркырап учуп өткөн метеор сыяктуу.
Эми Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасын эркин мүнөздө которгон жагдай жөнүндө бир эки ооз сөз айталы. Эркин дегенибиз менен А.Осмонов поэманы которуу ишине өтө жооптуу караган жана дыкат камылга көргөн. Ар бир строфаны орусчадан оодарарда адегенде орусча подстрочный котормосуна үңүлүп, андан соң ушул эле строфа Бальмонттун котормосунда кандай которулган, котормочулар Цагерелиде, Петренкодо кандай деп алардын котормолорун тикийип тиктеп, поэма жөнүндөгү илимий комментарийлерди окуп, баарын тактап туруп, анан колуна калем алып эргиген экен. Алыкулдун өзүнүн сөзүнө көңүл буралы: «Көбүнчө подстрочный переводдон котором да, ошол кездеги басылып чыккан: Бальмонт, Цагерели, Петренко ж.б. котормолордон пайдаланам. Грузин илимдер академиясынан чыккан «Шота Руставели» деген илим-изилдөө статьяларынын жыйнагынан пайдаланам. Жай, кыш, күз дем албай иштедим. Себеби, анын кызыгы ошондой болду” («Жазуучулук баяным»). Мына ошентип Алыкул ар бир саптагы, ар бир строфадагы поэтикалык речтин түпкү төркүнүн аңдагандан кийин андагы өзөк маани-маңызды алгыр кушчасынан илип алып, канатын эркин шилтеген. А.Осмонов 1940-жылы чыккан котормосуна жазган алгы сөзүндө Руставелинин дастанын эркин которгондугуна кыскача комментарий берип, төмөндөгү мисалды алдыга тарткан: «Котормо эң эркин которулду, маселен, сиздерге төмөнкүнү жазып окутуп көрөйүн.
Орусчасында:
Уж забыл я ликованье, арф и звонких лир бряцанье,
И свирели напеванье, той, чье имя нежно най.
Так в печали безответной вянет пламень розоцветной,
Но в сердечной мгле заветной молвил он «не унывай».
Котормодо:
Коңур үндүү арфа күүсүн сагындым,
Үнүн кошуп ыр ырдаган жарымдын.
Жаш төгүшкөн ошол салкын түндөгү –
Жароокерлүү шерттеринин бардыгын;
Чыда жаным, болот канжар кессе да
Түбү келип сары алтын дейт сабырдын.
Орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда айырма (расхождение) бар, бирок ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат».
Алыкул Осмоновго удаа биз өзүбүз да салыштыруу иретинде бир мүнөздүү мисал келтирели.
Орусчасы:
Лучше быть вдали от женщин, если ты осилишь страсть
Покорят они, лаская и добьют, как враг разя:
Изменяя, мигом бросят, избежав в любви напасти,
Потому доверить тайну каждой женщине нельзя.
Кыргызчасы:
Алыс жүр, аялдардан колдон келсе,
Эмесе аял деген кыйын нерсе;
Бараткан ак жолуңдан жаңылтышат,
Эркектен амалдуураак кырк бир эсе.
Көбүндө жалган сүйүү ошондуктан,
Ишенбе «жалгыз сени сүйөм» десе.
Караңызчы, Алыкул орусчасындагы маанини так дагы, таамай дагы, атүгүл ашыра да которуп таштаган. Бул жерде метафора, аллегория деле жок. Алыкул кыргыздын жөнөкөй тиричилик сөздөрүн күтүүсүз айкалыштарда колдонуу менен эле керемет көркөм строфаны жаратып койгон. Бул строфа бүгүн макал-ылакап сыяктуу эл оозуна кирип кеткен. Дегеле, Алыкул Осмонов «Жолборс терисин кийген баатырда» эне тилибиздин көркөм чагылтуу мүмкүнчүлүгүнүн опсуз кенендигин ырастап берген. “Поэмадагы кыргыз тилине таазим!” деп Алыкул таануучу Памирбек Казыбаев бекеринен суктанып отурган жок.
Алыкул Осмоновдун бул эркин котормосу жөнүндө салыштыруу иретинде муну айтмакчыбыз: Кыргызда ар бир манасчы «Манастын» негизги сюжеттик канвасын, өзөк эпизоддорун алып, бирок өзүнүн сөзү менен ырдап, өзүнүн вариантын жаратат. Мурдатан келаткан салттуу саптарды да пайдаланат, Сагымбай менен Саякбайдын классикалык варианттары ушундай жол менен жаралган. Алыкул Осмонов да «Жолборс терисин кийген баатырдын” сюжетинин жана ой тизмектеринин негизги сызыктарын сактап, бирок манасчы Манас айткандай, өзүнүн котормо вариантын жаратып, жарыкка алып келген дегибиз бар. Шота Руставелинин атактуу поэмасына карата алганда, Алыкул Осмоновду “котормодогу манасчы” деп айткыбыз келет.
1940-50-жылдарда «Жолборс терисин кийген баатырдын» кыргыз элинин ичинде ченде жок популярдуу болгондугу жөнүндө буга чейин көп айтылып, көп жазылган. Бир эле кыргыз айылдарында жана шаарларында Руставелинин каармандарынын аттары Тариэл, Автандил, Тинатин, Нестан делип балдардын ысымдарына далай ирет коюлуп келгендигин эстесек, «Жолборс терисин кийген баатырдын калк ичине канчалык сиңгендигин түшүнөбүз. Өлбөс поэма азыр да популярдуу. Которулган күнүнөн бери 10 жолу басылып чыкты. 2024-жылы Кыргыз Республикасындагы Грузия элчилиги «Жолборс терисин кийген баатырды» Алыкул Осмоновдун котормосунда дагы 500 нуска менен чыгарып отурат. Популярдуу демекчи, бул жерде залкар сынчы жана адабиятчы Камбаралы Бобуловдун таамай сөзүн эске түшүрүү орундуу: «Руставелинин улуу поэмасы Алыкул Осмоновдун терең толкундануусунун, шыктануусунун күчү менен которуусуна жараша Кыргызстанда экинчи Ата журтун таап, улуу-кичүүнүн колунан түшпөгөн, көп учурда жаштар жазданып уктаган, карылар ыйык мамиле кылган китепке айланды, андан ашып элдик китеп болуп калды. Мурдагы заманда үрп-адаты, дини башка элдин чыгармасы окуучулардын кеңири катмарына тарап, өздүк, элдик китеп болуп калышы дүйнөлүк маданияттын тарыхында сейрек кезиге турган факт» (К.Бобулов. “Фольклор жана адабият”. Фрунзе, 1980, 6-бет). «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасынын котормосу бүгүнкү күндө Алыкул Осмоновдун акындык даңкын тиреп турган поэтикалык түркүктөрдүн бири.
Акырында айта турган нерсе, дүйнөлүк гений акын Шота Руставелинин ааламында жашап, анын дайрасында «чабак уруп», суусунан шимире жуткандан кийин Алыкул Осмонов буга чейинки басмадан чыккан поэтикалык китептерине ыраазы болбой, чыгармачылык кризиске учураган. Баардык эле акындар ич жагынан драмалуу өзгөрүүлөргө кабылып, аң-сезимдеги догмалардын музу «чарт-чурт» жарылып, мурдагы ишенимдеринен жарака кетип, кризиске кабылып, андан жаңырып, кайра курулуп чыга бербейт. Мындайга күчтүүлөр гана жөндөмдүү келет. Орустун бир чоң саясый ишмери XIX кылымда Н.Г.Чернышевскийдин «Эмне кылуу керек?» деген романын окуп чыгып, «Этот труд Чернышевского меня глубоко перепахал» деген экен. «Жолборс терисин кийген баатыр» да Алыкул Осмоновдун дүйнөсүн аңтар-теңтер кылган. Шота Руставели менен сырдашып, дүйнөгө улуу акындын көзү менен карап, эркин духу философиялык идеялары менен жашап, поэтикалык дүйнөсүнө чөмүлүп, анан анын рахатын да, азап-тозогун да тартып, поэманын махабат каттарынын үстүндө эргип, күйүп-жанып отуруп («Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин отурам. Окуйм, котором, таңкалам, кубанам» – Алыкул), кыргызчага алып өткөндөн кийин Алыкул өзүн бөлөкчө бир интеллектуалдык-поэтикалык абалда сезип, мурдагы 1930-37-жылдарда ыр жазганындай жазууга мойну жар бебей калган. 1939-41-жылдары ырды сейрек жазып, баштагыдай активдүү болбой калган. Бирок көп окуган. Ошол жылдары баамдаптыр. «Бир топ пессимисттик ырларды жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым» деп жазган акын «Жазуучулук баянымда». Демек, Алыкулдун жандүйнөсүндө, поэтикалык аң-сезиминде козголоңдуу которулуштар болуп, дөөлөттөрдү кайра баалоо (переоценка ценностей) процесси жүргөн. Бул ич жактан өзгөрүү бурулуштары эле. Жубайы Зейнеп Сооронбаева 1941-жылы «эмне үчүн көп иштебейсиң?» деп сураганда, Алыкулдун «башкалардай жазууну каалабайм» деп жооп бергени бекеринен эмес. (Бул жөнүндө караңыз: Памир Казыбаев. “Мезгил жана Алыкул”. Бишкек, 2024,144-бет). Кыскасын айтканда, эч кандай мезгил жана мейкиндик, идеология, кандайдыр бир өлкөнүн саясаты, улуттук алкакта чектелбеген универсалдуу классикалык чыгарманы жогорку деңгээлде которуп, көркөм сөз өнөрүндө күнүмдүк менен түбөлүктүүлүк эмне экендиги туюнуп, дүйнө кабылдоо аппараты, турмушту көркөм-эстетикалык көрүү системасы өзгөрүүгө учурагандан кийин Алыкул акын адабияттагы баягы «ураа-ураага», агитацияга жана плакатка кайтып келе албай, ошол чыгып барган интеллектуалдык жана поэтикалык бийиктигинде кала берген. Албетте, ал күнүмдүк актуалдуу темаларга да кайрылып турган. Бирок ошонун да майын чыгара жазууга аракет кылган «1945-жыл менин жеке өмүрүмдүн жана чыгармачылыгымдын бышкан мезгили деп ойлойм» деп жазган Алыкул. Мындай бышып жетилген учурдун жемиши жана жеңиштүү натыйжасы улуттук поэзияда новатордук кубулуш, бурулуш окуя болуп калган акындын атактуу «Махабат» жыйнагы болгон. Албетте, Алыкулдун «бышышына» жалгыз гана Шота Руставели шыкак болгон (1945) эмес. 1941-42-жылдарда А.Осмонов Шекспирдин «Он экинчи түнүн», Низаминин «Хосров-Ширин» поэмасын которуп, алардан да сабак алган. Дегеле, Алыкул Осмонов дүйнөлүк адабиятты көп окуган, изденгич инсан эле. Оорусуна байланыштуу коомдук кызматта иштебегендиктен өмүр бою окууга, жазууга, которууга, изденүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ал Пушкинди, Лермонтовду, Дантени жакшы билген. «Сагынбай Орозбаков» аттуу макаласында «Күн батыш адабияты менен тааныш биз сыяктуу кишилер» деп жазганынан Алыкулдун көркөм-адабий билиминин, дүйнө таанымынын кеңири экенин көрүүгө болот. Кыскасы, “чоң талантка чоң талант, даанышманга даанышман сырын ачат, чоң жылдыз чоң жылдызга нурун чачат” дегендей, тубаса туйгун туулган Алыкул Чыгыш жана Батыш адабиятынын эстетикалык «данектерин» чапчаң чагып түшүнүп, көркөм өрнөктөрүн ыкчам сиңирип, ак боз ат сындуу алдыга озо чыккан. «Жолборс терисин кийген баатырды» которуп жатып Алыкул Осмонов өзүнүн чыгармачылык күчүн жана акындык тагдырын сынаган чоң мектептен, чоң машыгуудан өткөн. Алыкул Осмонов 1940-жылдарда өзүнүн даңктуу котормосунун ажайып көркөм бийиктигинин деңгээлинен ылдыйлабай, чыгармчылыгын улантуу, өркүндөтүү менен жергиликтүү провинциалдык айлампадан чыгып кеткен. Ал 1937-жылы «Адабияттагы зыяндуулуктун түп-тамырын сууруп таштайлы» деген макаласында: «Биз кыргыз совет жазуучулары өз ишибизди кайрадан куруубуз керек. Биздин мындан мурунку чыгармачылыгыбызга дагы «капиталдык ремонт» керек» деп жазган. Алыкул Осмонов көп өтпөй өзү жазгандай, чынында эле чыгармачылык жактан кайра курулуп, ыр токуу устаканасында «капиталдык ремонт» жүргүзүп, кыска өмүрүндө ритмикасы, интонациясы, эстетикасы, поэтикасы, философисы жаңыча, өлбөс ыр, поэмаларды жазып, кыргыз поэзиясында Сүйүнбай Эралиев айткандай «революция жасоого» үлгүргөн.
Анын бир катар чыгармаларынын тематикасынан, проблематикасынан жана речтик стилистикасынан адабиятчылар К.Жийдеева менен К.Бобулов белгилегендей, «Жолборс терисин кийген баатырдын» котормосунун илеби сезилип турат. Бирок А.Осмонов эч кимдин таасиринин туткунунда калбаган, өз алдынча оригиналдуу акын. Ал классиктердин көктөн чачырап тийген ак жаркын нурларынын алдында өз улуттук кыртышынын топурагынан көкөлөп өсүп чыккан кымбат баалуу өсүмдүк шекилдүү.
Алыкул Осмонов «Жолборс терисин кийген баатырдан» эстетикалык, поэтикалык кооздукту гана эмес, оомал-төкмөл дүйнөнүн татаал, бороон-чапкындуу, карама-каршылыктуу диалектикасында кыйынчылыктарга майышпас, майтарылбас эрк-кайраттын философиясын да үйрөнүп, ошону менен бирге Манас атанын каармандыгына шыктанып, турмуштун катаал соккуларына туруштук берип, тагдырды жеңип чыккан акын.
"Азия Ньюс" гезити