Акыркы кабарлар
» Коом » Полковник Самат Курманкуловдун ден соолугу күн сайын жакшырууда
Полковник Самат Курманкуловдун ден соолугу күн сайын жакшырууда
14-сентябрь, 00:01
3 570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кой-Таш окуясында кырсыктап, оор жаракат алган Чүй ОИИБ начальниги Самат Курманкулов бир жылга жакын убакыттай Россияда дарыланып келген. 40 күн комада жатып, 3 ирет башына операция жасалып, кыйын сыноодон өткөн эле.
Учурда Воронцовкада дарылануусун улантып, күн өткөн сайын ден соолугу калыбына келүүдө. Спорт менен алектенип, намаз окуп, ошого катар руханий байлыкты толтурууга да жетишип атат. Каарманыбыздын жашоо үчүн күрөшкөнүнө, сергектигине россиялык дарыгерлердин ыраазы болгонун элчи Аликбек Жекшенкулов айтып берген... Мындан ары да бекем эрк каалап, тезирээк сакайып кетишиңизге тилектешпиз, Самат мырза! Ар дайым үй-бүлөңүздүн, жакындарыңыздын кашында болуп, мамлекет үчүн да кызмат кылыңыз!
Асланбек Сартбаев
Aryba.kg