Жүрөк түшүргөн сүр… Нарында жаш жигиттер карышкырды кантип өлтүрүштү?
Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургундарды Замирбек уулу Эдил менен Токтогазы уулу Руслан жайлоодо эс алууда жүргөн убакта торпокко кол салган чоң карышкырды таш жана союл менен өлтүрүштү.
Карышкыр 6-июлда Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылынын Таш-Дөбө жайлоосуна түшүп, аркандалып турган торпокко кол салган.
«Кечээ түшкү саат 14:00 чамасында Чалкак жайлоосунда уюм тууп, ошону алып келгени жолго чыккам. Чалкакка барсам, тууган уюм классташым Нурайдын үйүндө экен. Алып кетейин десем музоосу баспай койду. Анан музоону ошол жерге таштап, Таш-Дөбө жайлоосуна классташым Русланга бардым. Ал жерге барып кымыз ичтип отурсак, аяш апам: «Торпокторду карасаңчы?» деди. Классташым экөөбүз эшикке чыктык. Бир маалда чоң бир жаныбар өйдө өтүп кетти. Анан эле аркандалып турган торпокту тиштеп жулмалай баштады. Мен: “Карышкыр, карышкыр” деп кыйкырып эле чуркап жөнөдүм. Мен биринчи жетип бардым дагы колумдагы эки таш менен чапкылап алдым. Мен ары карап турганда таш менен чапкан элем. Карышкырдын сүрү болот экен. Башынын чоңдугун айтпа. Мени караганда эле жүрөк түшүп, жалдырап эле калдым. Эмне кыларды билбей такыр эле кыймыл жок. Аңгыча эле классташым Руслан ары жактан чуркап келди. Карышкыр качып кетти. Руслан экөөбүз эч бир куралыбыз жок таш менен кубаладык. Жетпей калдык. Анан Русландын аты туруптур. Классташым аны минип эле кубалап кетти. Менин атым болсо ары жакта эле. Мен атка жетип, кайра тоо кырына чыкканча карышкыр карагайды аралап качып кетиптир. Тоонун кырынан ойго түштүм.
Руслан: “Карышкыр экөөбүз кубалашып эле бараттык. Ал алдыга чыгат, мен кайра алдыга чыгам” деди. Кубалашып баратканда Руслан таш менен карышкырды чапкан экен. Карышкырдын эси ооп, мурдунан кан агып кетиптир. Биз калың союл алып, таппай калдык. Биз кыйкырып өкүрүп бара жатканбыз. Көрсө карышкыр кыйкырыктан кайра артка кетиптир. Биз ага жетип барып таш, союл менен ургулап өлтүрүп алдык», - деди Замирбек уулу Эдил.
Замирбек уулу Эдил менен Токтогазы уулу Руслан 19 жашта.
“Турмуш”