Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көлдө жоголгон турист кызга издөө токтотулду

Көлдө жоголгон турист кызга издөө токтотулду

22-июль, 14:58
1 796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун аймагында жоголуп кеткен 29 жаштагы К.В. аттуу кызды издөө ата-энесинин айтканынан улам токтотулду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жоголгон кызды издөөнү токтотууну анын ата-энеси айтып, Россияга кете тургандыктарын билдиришти. Жакындары жана биздин куткаруучулар аны тирүү табууга мүмкүнчүлүк жоктугун түшүнүп турат. “Кыз токойдо адашып кетти го” деген үмүт бар болчу, бирок ал да акталбай калды” дешти маалымат кызматынан.

Алар Каракол суусунан изделип жаткан кыздын ботинкасы менен шымы табылганын билдиришти.

Кийимдерди дарыядан туристтер таап алып, биздин куткаруучуларга беришкен. Аларды ата-энеси кызыныкы экенин тааныды дешкен ӨКМден.

Туристтин жоголгону боюнча 15-июлда кабарлашкан. ӨКМ Ак-Суу районундагы Каракол – Ала-Көл жайлоосундагы көпүрөдөн өтүп беш киши отун тергени кетип, ал эми 29 жаштагы кыз көпүрөнүн берки бетинде калып, дайынсыз жоголгонун билдирген. Министрлик кыз мурда айтылгандай Россиянын эмес, Казакстандын жараны экенин тактады. Бирок үй-бүлө Россиядан келгенин, алардын үчөө РФ жараны экенин кошумча билдиришти.

Жоголгон туристти милициянын жана ӨКМдин 100гө чукул кызматкери издеген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер