Канат Эшатов: “Казакстанда дизель отуну, Өзбекстанда бензин тартыш, а бизде Кудайга шүгүр!”
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.
-- Канат мырза, күйүүчү майларга болгон баа кайсы себептерден улам көтөрүлүп атат?
-- Анткени, Россиянын заводдору күйүүчү майларга карата дүң бааларды 1-октябрдан баштап жогорулатты. Бензин 60 долларга, солярка 40 долларга чейин көтөрүлдү. Ошондо бензин бизде бир жарым сомго, солярка бир сомго дейре кымбатташы мүмкүн. Ушундай божомолдоп атабыз.
-- Баанын көтөрүлүшүнө дагы кандай себептер болууда?
-- Биз күйүүчү майларга көз каранды мамлекетпиз. Анткени, ички өндүрүшүбүз керектөөнүн 10 пайызынан ашпайт. Ошондуктан нефть продукцияларын Россиядан апкелип атабыз. Бирок, башка мамлекеттерге караганда, биз ынанымдуу баада алып атканыбызды айтып коюшубуз керек. Билесиздер, былтыркы жылдын аягынан бери бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча нефтиге болгон баалар кымбаттап эле келатат. Алсак, жыл башынан бери бензин 130 пайызга, ал эми дизель отуну 70 пайызга жогорулады.
-- Россия менен биздин мамлекеттин өкмөттөр аралык жеңилдетилген келишими барбы?
-- Ооба, пошлинасыз өкмөт аралык келишим бар. Ошол келишимдин негизинде жыл сайын энергетика министрликтери баланстарды кармоо боюнча бааларды бекитип беришет. Россиядан нефть продукцияларын кошуналарга караганда арзан алып турабыз. Өзбекстанга караганда 8-10 сомго, Тажикстанга караганда 20 сомго арзан болуп атат.
-- Тажикстанга күйүүчү майлар контрабандалык жолдор менен бизден кетип аткан эле, бул жагы кантти?
-- Март айында биздин өкмөт чек араларды толугу менен жапты. Ошого жараша бизден аткезчилик менен эч кандай мамлекеттерге чыкпай турат.
-- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон тартыштык жокпу?
-- Казакстанда дизель отунуна таңкыстык жаралып, Түркестан шаарында 400 май куючу жай соляркасы жок турат. Ал эми Өзбекстандын Ташкент шаарында бензин тартыш экенинен кабарыбыз бар. А бизде Кудайга шүгүр, мындай тартыштык, таңкыстык жок.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити