“Мекеним Кыргызстан” партиясы “Ата Мекенге” добуштарын бөлүшөбү?


Эсиңерде болсо, буга чейин бийликчил күчтөр “Ата Мекенди” көшөгө артынан каржылаганы боюнча каңшаар чыкпады беле? “Жанар Акаев спонсору аркылуу партияны сатып алганбы?” деген суроо жаралган. Бирок жооп ала элекпиз. Саясый элитада алигүнчө күбүр-шыбыр токтобой, шектенүүлөр апогейине чыкты. Дал ушундай шартта “Мекеним Кыргызстандын” идеологу Ахматбек Келдибеков Алайдагы туугандары менен кагышып жатып, купуя сырды ачып жиберди. “Мен Текебаев менен чабышып жүргөм, Жанар үкам болот...” деп “Ата Мекенге” сөз тийгизбей койгонуна күбө болдук. Демек, береги эки партиянын жең ичинен курган мамилесин, тилектештигин байкадыңарбы? Эмесе, “Мекеним Кыргызстан” добуш бөлүшөрү логикага сыябы? А болбосо Жанар Акаев өтпөй калат да, туурабы? “Иттин өлүгү кайда көмүлгөнү” түшүнүктүү болууда, андан ары чечмелөөнүн деле кажети жок го?..
Aryba.kg











