Курманбек Бакиев келсе, эл кандай кабыл алат?

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келүүгө ачык да, тымызын дагы аракет жасап, жандалбас урууда. Эгерде келсе мыйзам алдында жоопкерчилиги каралабы, же?.. Элибиз эмне дейт?
Бул боюнча талдоочулардын пикирин уктук.
Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер:
-- Ал соттолгон киши. Келсе түрмөгө отурушу керек. Соттолгон адамды актамайынча алып келүү болбойт го... Эгерде аны алып келип камакка алса, эл туура эле кабыл алат (!) деген ойдомун. Прокуратура Белоруссияга дайыма “экстрадиция кылгыла” деп сурап жатпайбы. Белоруссия жибербей жатат. Биз ал кишини камакка алууну сурап жатабыз да. Бул жерде Жогорку соттун чечими бар. Коё бере алышпайт. Жогорку сот өз чечимин жокко чыгарып, кайра сот болуп, акталып баратса, башка жөн. Бирок мындай кадамга баруу мүмкүн эмес.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:
-- Биздин ажо Бакиев жөнүндө “келсе камалат” деп айтты го... Бирок анын жактоочулары, регионалисттер анын келишине аракетин жасап жатышат. Бул аракет көз көрүнөө болууда. Сот аркылуу актаганга жол жок. Буга кырылгандардын арбагы жол бербейт. Эгер актаган болсо, анда кун алуучулар четтен чыгат.
Жийде Абдымамытова, журналист:
-- Кечээ бул боюнча президентибиз Садыр Жапаров пикирин билдирди: “Мисалы, Аскар Акаевге эч кандай соттук чечимдер чыккан эмес. Ал эми Бакиевдер болсо өмүр бою соттолгондор. Алар келишсе камалышат. Кечирим сураса, ырайым беремби-бербейминби, 2010-жылдагы жабыр тарткан элдин пикирине карап чечим чыгарам. Бакиевдерди алып келейин деген оюм жок” деген пикирин билдирди.
Алар келсе эле эл ич ара бөлүнүп, түндүк-түштүк болуп кырылышып калары шексиз. Демейде эле интернетте, социалдык желелерде “түндүктүктөр трайбалистсиңер” деп кырылышып калышат. Анан ушунча баланын каны төгүлдү, көптөгөн кырсыктар катталды...
Тымызын аракеттер болуп жатканын байкап атабыз. Бирок Бакиевдер келсе, элдин тынчтыгы бузулат. Элдин жарааты али карттана келет. Ушуларды ойлоп, өздөрү эле келбей койгону оң го.
Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:
-- Эгер Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо, түрмөгө отурушу керек! Муну кечээ президент Садыр Жапаров да берген маегинде белгилеп өттү. “Бакиев отуз жылга соттолгон. Түрмөгө отурушу керек. Бирок ырайым сураса, мен ырайымдуулук көрсөтүшүм керекпи?” деген кыязда айтыптыр.
Негизи бул процесс Сооронбай Жээнбековдун бийлиги убагында эле башталган. Азыр күчөп турган учуру. Баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Курманбек Бакиевди алып келип түрмөгө отургузумуш болуп, ырайым бергилери келип турат. Бул жерде бир гана Алмазбек Атамбаев туруштук берип жатат. Эгерде Атамбаев болбогондо, эчак эле алып келип алышмактыр... Бирок Бакиев келсе түрмөгө отуруп, жазасын алышы керек. Эгерде тез арада чыгарып жиберишсе, акыры жакшылык менен бүтпөйт. Ошон үчүн бийлик ойлонуп иш кылат го деген ойдомун.
Руслан Акматбек, саясат талдоочу:
-- Бакиев боюнча сот чечими чыккан. Аны жокко чыгара албайбыз. Анан бул маселени кайра-кайра көтөрүп жаткандары түшүнүктүү. Бирок коомчулук таңгалып жатат. Бул киши келсе, анда ачык эле элди бөлүп-жарууга алып келери шексиз. Себеби, кош стандарт болууда. Элдин эс-тутуму бар да, 7-апрелдеги окуяны эч ким унута элек. Анын айынан коом бөлүнүп, жердешчилик күчөп, биздин мамлекеттүүлүккө абдан чоң кедергисин тийгизет. Коомго коркунучу абдан чоң. Ошол коркунучтарды эске алуу керек. Бул кыргыз элинин алдында чыңалууну жарата турган фактор. Анан кайра-кайра эле Бакиев маселеси күн тартибине кирип жатканы да таңгалычтуу.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити