Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: “Абылгазиев пайдасыз чечими менен дыйкандарды үчкө бөлүп салган”

Манас Саматов: “Абылгазиев пайдасыз чечими менен дыйкандарды үчкө бөлүп салган”

15-август, 12:13
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба тармагынын адиси, ишкери менен маек.

-- Пандемия учурунда дыйкандарга көңүл бурулбай калгандай. Айыл чарба тармагы кантип жатат?

-- Вирус айыл чарбасына да таасирин тийгизди, бирок дыйкандардын ишин анчейин өзгөрткөн жок, кадимкидей эле иштеп жаттык. 

-- Чек аралардагы чектөөлөргө байланыштуу Евразия экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө да товар сатуу кыйын болгондур...

-- ЕАЭБ бул – жомок, куру саясат, биздин өлкөгө сырттан таңууланган долбоор. Бийлик ушул уюм менен дыйкандардын башын оорутпай эле койсо жакшы болмок. Андан чыгышыбыз керек. Уюмду жактап-мактагандар экономисттер эмес, алар чала сабат, айыл чарба өндүрүшүнүн маани-маңызын түшүнбөгөн, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогон сабатсыз, саткын саясатчылар. Мисалы, былтыр ушул биримдиктин айынан кызылча өндүргөндөр күйүп кеттик, өткөн жылы он беш миң гектарга кызылча эксек, быйыл анын аянты сегиз миңге чейин кыскарды. Бажы биримдиги дыйканчылыкка терс таасирин тийгизүүдө.  

-- Министрлик эмне менен алек? 

-- Айыл чарба министрлиги, өкмөт баш болуп эч кандай саясат жүргүзө албайт. Дыйкан-фермерлердин насыя алып, жер иштетип, түшүм алып жатканына бул органдардын тийешеси жок. Акчаны банктар берет, биз алганыбызды ашыгы менен төгүп беребиз. Өкмөт менчик банктар аркылуу каражат таркатып, олчойгон пайыздарга ортомчулук кылышат. Эң өкүнүчтүүсү, алардын статусу да жок. Мурдагы премьер-министр Абылгазиевдин пайдасы жок чечиминин натыйжасында дыйкандар үчкө бөлүнүп калдык. Биринчи категориядагылар он пайыз, экинчиге сегиз, үчүнчүдөгүлөр алты пайыздык үстөк менен насыя ала алышат. Министрликтин негизги милдети – элди кирешелүү өндүрүш менен алектенүүгө жетелеп, жакшы жыйынтыкка жеткирүү. Ар бир региондун жаратылыштагы өзгөчөлүгүнө жараша эмгектенүүгө үйрөтүү абзел. Мисалы, анар илгертеден бери эле Араванда, алманын эң жакшы сорту Ысык-Көлдө, Ноокатта, Кадамжайда, Аксыда өсөрү белгилүү. Биз багбанчылыкка маани берүүбүз зарыл. Себеби, техникалык өсүмдүктөргө салыштырмалуу анын рентабелдүүлүгү жогору. Кошуна мамлекеттерге караганда Кыргызстанда мөмө-жемиштерди өндүрүүгө аз чыгым сарпталат, курт аз түшөт, дарыны сейрек колдонгон үчүн мөмөсү даамдуу болот. Жылына жер айдатуу, үрөн алуу деген убаракерчиликтерден арылтат. Ал эми өзүбүздүн күнүмдүк турмуш тиричиликке керек болгон буудай, арпа, жүгөрү эгүү маселе жаратпайт. Анткени, бизде бир миллион гектардан ашык жер бар. Бирок, мамлекет фермерлердин статусун мыйзамдаштырып бербей келет. Алардын статусу аныкталганда гана өз алдынча субъект катары чарба жүргүзө алат. Бүгүнкү күнү башаламандык орун алган, кооператив, дыйкан чарбасы, үрөн чарбасы, айтор, толтура. Алдыга суурулуп чыккан уюмдар саналуу. Калганы эптемей жол менен келе жатат. 

-- Министрликти жоюу маселеси да айтылып келет, буга кошуласызбы? 

-- Жойгонго болбойт, тескерисинче, күчтөндүрүү керек. Өкмөт башчынын төрт орун басары бар. Алардын эмне иш кылып жүргөнүн эч ким билбейт. Жер жайнаган, пайдасыз мамлекеттик органдарды жоюп, ага корогон каражатты айыл чарбасын өнүктүрүүгө буруу зарыл. Биринчиден, элдин басымдуусу айыл жергесинде жашайт, экинчиден, дыйкандар консервативдүү калк, алардын колунда каражат жок. Ошондуктан, биринчи вице-премьер-министр ушул багытты түшүнгөн адис болуусу кажет. Мисалы, туризм өзүн-өзү тейлей турган тармак, ага министрликтин кереги жок. Экономика минстрлигинен да пайда тийбейт. Коомчулук базар экономикасына эбак эле аралашып, өз алдынча соода-сатык кылганды үйрөнүп, механизимдерин өздөштүрүп бүткөн. Буга өкмөттүн аралашуусу кажет эмес.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер