Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ат-Башыда экинчи жолдошу менен жашап жаткан Бурулкан Курманакунова үйүнөн куулду

Ат-Башыда экинчи жолдошу менен жашап жаткан Бурулкан Курманакунова үйүнөн куулду

01-сентябрь, 14:23
9 786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Бурулкан Курманакунова экинчи жолдошунун уулдары үйүнөн кууп чыгышканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Бурулкан Курманакунова 52 жашта. Эки жыл мурун пенсияга чыккан. Өзүнүн 2 кызы, 3 небереси бар. Ал эки кызынын атасы, тактап айтканда, биринчи жолдошу менен жылдызы келишпей ажырашкан.

1987-жылдан бери Ат-Башы райондук аймактык ооруканасында кенже кызматкер болуп иштеп келет. Ортодо эки жыл нан сатып иштеп, кайрадан аталган жумушка чыккан. Кийин ушул эле райондогу Ак-Жар айылынын тургуну Жума Сакатаевге турмушка чыккан. Аны менен 2008-жылдан бери жашап келе жаткан. Ал жолдошунун 4 уулу, 1 кызы бар. Баары жашоодон өз ордун табышкан.

Бурулкан Курманакунованын айтымында, ушул жылдын 5-август күнү экинчи жолдошунун балдары Жума Сакатаев экөө жашап жаткан үйдү, экөө күткөн мал-мүлктү талашып, Курманакунованы кууп чыгышкан. Ал белгилегендей, учурда алардын 70 баш кой-козусу, 2 баш уй, 2 баш торпок, 1 баш жылкысы бар.

«Улуу кызым Каныш Жамгырчиеваны 1988-жылы, экинчи кызым Бактыгүл Баатырбек кызын 1994-жылы жарык дүйнөгө алып келдим. Экөө тең медайым. Үй-бүлө күтүп, эне болушту. Эне катары жашоомдо болгон акыркы окуяларды эстегенде жүрөгүм тилинет.

Мен 1968-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөм. Биринчи жолдошум ичимдик ичкендиктен ажырашууга мажбур болгом. Андан көп узабай ал күйөөм үйлөндү. Апам мага колдоо көрсөтүп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир сатып берген. Ошондо биринчи күйөөм менен анын аялы келип, терезелеримди талкалап, тынчтык бербей коюшкан. Кыздарым чоңойду, турмушка узашты. Ошол убакта деле күйөөм аялы экөө мага тынчтык берген эмес. Айлам кетип, Ак-Жар айылындагы тургунга турмушка чыгып кеттим. Экинчи жолдошум менен 2 бөлмөлүү үйдөн башка эч нерсебиз жок эле жашап келдик. Кийин экөөлөп үйдү оңдоп, унаа алууга, мал кураганга жетиштик. Анан эле убакыт өткөндөн кийин анын балдары келип, мал-мүлккө ээлик кылып, мени үйдөн чыгарып коюшту. Учурда мен өз эмгегимди ала албай, орто жолдо калдым. Унааны насыяга алганбыз. Анын акчасын күйөөм эле төлөгөн деп ойлоп жатышат. Чындыгында экөөлөп оокат кылып келдик. Жадагалса байпак алып кийбей, кыздарыма 1 сом бербей, болгон каражатымды үйгө салчумун. Малыбызды болсо Кайыпбек деген кишиге кошчубуз» деди ал.

Анын айтымында, балдары 5-августта келишкен.

«Экинчи жолдошум мен жумушка кеткенде мал союп, аялдын жумуштарын да жасап койчу. Жадагалса кийим дагы тиге алат. Айтор, жакшы адам. Ушуга чейин «сен-мен» дешпей жашап келдик. Күйөөм өтүн алдыртып, андан кийин заарасы токтобой калды. Ошондо балдарына «заарасы токтобой калды, көрсөтүп койбойсуңарбы?» деп айттым.

Мени кичүү баласы кууп чыккан. Аны ушул эле жылы 24-июнда үйлөнткөнбүз. Келин жолдошумдун кайнагасынын кызынын кызы экен. Алдына барып келдик. Жума насыя алды. Ошондо мен «кайнагаңдын кызынын кызы болсо мени жакшы көрмөк беле? Иштеген эле кыз алып берели» десем болгон жок. «Намаз окуйт экен. Мен дагы минтип ооруп калбадымбы» деп туруп алды. Буту иштебей, төшөктө жатып калды. Мен мамлекеттик жумушта иштейм. Иштен уруксат бербейт. Аңгыча эле коронавирус чыгып калды. Эч жакка барууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Эки ай эч жакка кетпей иштедик. Жолдошумдун балдары «эки ай караган жоксуз. Сынчыбек (кичүү баласы) бакты» деп айтышты. Ушу кичүү баласы атасына «тамды мага каттатып бер» деп аялын ээрчитип Бишкекке кетип калды. Өзүм жалгыз жолдошумду памперс менен бактым. Күйөөм дарыланганына карабай буту шал болуп калды. 24-июнда таптакыр баспай калды.

Кызыл зонада иштегенибиз үчүн бизге жакшы төлөп берди. Акча алган карта үйдөгү сейфте болчу. Аны балам алган экен. Ичинде болгону 30 миң сом эле калыптыр. Калганы жок. Мен күйөөмө «кичинекей тамды бүтүрө бергиле. Мына карта» деп айтып кеткем. Эки жылдан бери пенсия дагы алам. Үйдө 2 уй, 2 торпок бар болчу. “Биз ооруканага кетсек, аны ким карайтЖума, эмне кылалы?” дегем. Анын Кылыч деген таанышы бар экен. Ошол адамдын унаасына 800 сомго салып жибердик. Кайненем 90 жашта. Биз жакта жашайт. Балдарына телефон чалып, «Бурулкан кетип жатат» дептир. Жумага чуркап келип, «Бурулкан уйду жүктөп кетип жатат» деди. Менин жаман оюм жок болчу. Күйөөмдүн кеңеши менен сарайга жөнөттүк. Ошентип балдары келди. Төрт баласы тең атасын өлөт деп кайдыгер болуп калышыптыр. Баарынын үй-жайы бөлөк. Балдарын багып бердик, акча сураган жокмун.

Үчүнчү баласы Кубанычбек Сапатаев «тур чык, азыр сени өлтүрөм!» деди. «Эмне болду?» десем, «Уйду жүктөп жибериптирсиң» дейт. Күйөөм айтса дагы болбой коюшту. Калган балдары унчуккан жок. «Мен аялмын да. Эмне үчүн чыгып кетем? Мен силерге тийдим беле?» дедим. Алтынбек деген баласы да кол салып, «бул жакка Сынчыбек аялы менен жашайт. Сени бул жерге жашатпайм!» деди. Ызы-чуу болуп кетти. Иттей арданып кеттим. Мен аялмын, алсызмын, жалгызмын. Анан кызыма телефон чалып, «милиция чакырчы?» дедим. Титиреп колумдан телефон түшүп кеткенде байланыш үзүлүп кетти. Стресс болдум. Төрт бала төрт жактан чыгып, тили менен да, колу менен да тийишти. Күйөөм «Бурулканда күнөө жок» десе да угушкан жок. Алар атасына «апамды ургансың. Эмне үчүн Бурулканды урбайсың? Көзүн карайсың. Сен бизди же аялыңды танда!» деп айтышты. Айтор, там, мал талаш болду. Ошентип милиция кызматкерлери келди.

Күйөөм «балдарды кетирем, өзүм чечем» деди. Милиция кызматкерлери кайра кетишти. Төртөө талап жатты. Мен жалгыз болуп калдым. Колум калчылдап кызыма телефон чалып, «сарсанаа болбой эле кой» дедим. Ал күнү үйгө барган жокмун. Себеби, кызым милицияга салып бербесин дедим. Дары ичтим. Башка үйгө жаттым.

Эртеси, 6-августта үйгө барсам Сынчыбек бар экен. Баласы чыга калып «кет, ыкчам топ чакырам. Сен жиндиканага кет. Жиндисиң, дарылан. Эмне келесиң? Бул Жуманын дагы үйү эмес. Үч катын алган. Алар дагы кеткен. Бул апам салган үй» деди.

Үйдүн ачкычы бар болчу. Ал мени түртүп эле чыгарып койду. Каргадым, суу чачтым. Сөктүм. Оокатымды алдым дагы чыгып кеттим. Там, унаа дагы күйөөмдүн наамында.

Мен эмне үчүн эшикке чыгып калышым керек? Ушунча эмгегим, жаштыгым кеткен. Там талашпайм, акымды берип коюшсун. Айлыгымдан койго берип турчумун. Азыр эки саат эле уктап жатам. Акымды жедирбешим керек. Жарандык никеде жашачубуз. Азыркы учурда Ат-Башы райондук хирургия бөлүмүндө кенже кызматкер болуп эмгектенем» деп билдирди ал.

Кошунасы Калыбек Арналиевдин айтымында, Бурулкан Курманакунованын жарандык никедеги жолдошу учурда ооруканада.

«Жума байке катуу ооруп ооруканада. Жеңемдин деле малы жок болчу. Жакшы билбейм. Жакшынакай эле жашап жүрүшкөн. Үйүндө Жума байкенин кичүү баласы келинчеги менен жүрөт. Башка балдары шаарда турат. Башка деле эч нерсе айта албайм. Азыр Жума байке Бишкекте» деп билдирди ал.

Бурулкан Курманакунованын жолдошу Жума Сакатаев буларга токтолду.

«Көп сөз айтса болот. Милиция кызматкерлеринен сурасаң деле айтып берет. Азыр Бишкек шаарында онкология бөлүмүндө дарылануудамын. Жеке оюм түгөндү. Үйдүн баарын тоноп кетти. Өлгөн аялымдын оокаттарынан бери алып кетти. Үйдө эч нерсе жок. Башка сөз айта албайм» деди ал.

Аймактык кабарчы кичүү уулу Сынчы Сакатаевге байланышка чыкканда телефонго анын келинчеги жооп берип, жолдошу жок экенин, эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Ал эми Жума Сакатаевдин 41 жаштагы уулу Алтынбек Сакатаев Бурулкан Курманакунова менен катышпай турганын айтты.

«Биздин атабыздын жашап жүргөн аялы. Өз апабыз 44 жашында каза болуп калган. Бурулкан эже атабыздын үчүнчү аялы болуп калды. Бул эже 2 кызы менен келген. Аларга карындаш катары жакшы мамиле кылчубуз. Эч кандай жаман мамиле кылган жокпуз. «Апа деп айткыла» деди. Айта албайт экенбиз. Бир инибиз айылда, үчөөбүз шаарда турабыз. Инибиздин келинчеги намаз окуган кыз. Тоюн бүтүрүп коюп кеткенбиз. Биз кеткенден кийин атам баспай калды. Бурулкан эже келинди кубалап, алып берген кийимин чечип алыптыр. Келинибиз менен инибиз шаарга кетти. Ага деле унчуккан жокпуз. Атам ооруганда туура эмес сөздөрдү айтты. 10-15 күн мурун барганбыз. Жаңы эле келгенде катуу уруш чыгарды.

Бул жакта үй талаш болуп жатат. Ал бизге «үйгө киргизбейм. Барыңарды жолотпойм» деди. Негизи кошуналар үйгө кирбей калган. Уят сөздөр менен сүйлөнөт, аябай тажаал. Туугандар да келбей калган. Биз барганда кызына телефон чалып, «милиция кызматкерлерин чакыр» деди. Алар келип кеткенден кийин «шаарга атабызды алып кетебиз, сиз дагы кетесиз» дедик. Ошол күнү оокаттарын алып кетти. Атабызды онкологияга алып бардык. Кудайга шүгүр, дарыланып жатат. Бул киши менен көп катышкан жокмун. Эмгеги бар, атамды карады. Сотко берем деп чыкты. Жарандык никеде жашашчу. Үйдө каттоосу да жок» деп билдирди ал.

Бурулкан Курманакунова учурда тийиштүү жактардын жардамына муктаж болууда. Жардам берүүнү каалагандар 0700-26-06-30 номуру аркылуу байланышса болот.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер