Клара Ажибекова: “Кулов менен Отунбаеваны отургузуп койсо туруктуулукка кам көрүлөт”
Клара Ажибекова эжебиз ушу кезге чейин коммунисттик көз карашын өзгөртпөй келет. СССР тушунда, андагы коммунизм жашоосун эстеген сайын жаман болуп кетет. Андагы туруктуу саясат, жер жүзүндөгү СССР деген улуу держава, анын ичинде азык-түлүккө болгон кымбаттоосу түшкө кирбеген оокат экенин айтып, түгөтө албай атты.
-- Клара эжеке, СССР тушунда азыркыдай бир күндүн ичинде сабиздин же башка азык-түлүктүн баасы кымбаттаган учур болгонбу?
-- Жок, андайды эч бир көргөн эмесмин. Баалар туруктуу болчу. Азыркыдай башаламан кайдан болсун? Эгер кайсы бир дүкөндө, кайсы бир буюмдун же азык-түлүктүн бир эле тыйынга эч себепсиз кымбаттаганы байкалган болсо, ошол дүкөндүн ээсин бир мүнөткө калтырбай камакка алчу. Анысы аз келгенсип, үйүндөгү мүлктөрүн конфискация кылар эле. Анткен менен андай учурларды эстей албай атам. Өткөн кылымдын кайсы бир жылы Өзбекстанда кадимки эле №95 көк чайга беденин бүрүн кошуп жибергени ачыкталып, аны ишке ашырган бир тууганыбызды атууга кескени айтылып жүрөт. Мыйзам катуу эле.
Эми бүгүнкү жагдайга келсек, угушума караганда, азыркы бийликтин душмандары сабизди башка жакка ташып кетип атат дейт. Мындайды илгери Михаил Горбачев кылган. Ошого окшошуп атат. Бу жолку бийлик коррупционерлерди кокодон алганы үчүн ушундай шоуларды кылып атат өңдүү. Кайсы бирин айтайын, өлкөдөгү жат көрүнүштөрдү токтотуш үчүн Кулов менен Отунбаеваны отургузуп койсо тынчып калат эле.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити