Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көтөрүлүш ишкерлерди кандай чыгымга учуратты?

Көтөрүлүш ишкерлерди кандай чыгымга учуратты?

17-октябрь, 15:21
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көтөрүлүштөн кийин ишкерлердин 70-80%ы, жалпы 600 миңдей кыргызстандык ишкерлер иштерин убактылуу токтотуп турууга аргасыз болушуп, бизнес тармагы өтө оор абалга туш келгенин айтып чыгышты. 20дан ашуун алдыңкы бизнес ассоциациялардын 13-октябрда тараткан кайрылуусунда ишкерлер оор абалда турганы, алардын бизнеси пандемиянын кесепетинен көп чыгаша болгону жана өлкөдөгү соңку окуялар тынчсыздантып жатканы айтылды. Кайрылууну ишкерлер саясый партиялардын лидерлерине багыттады. Абал мындан ары да курчуп кетишине жол бербеш үчүн мыйзамдык нукка келип, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга чукул чаралар көрүлүшү керек экени белгиленди.

“Көтөрүлүш бизнесмендерге кандай таасир тийгизди кандай чыгымга учуратты?” деген сурообуз менен ишкерлер уюмдарынын жетекчилерине кайрылдык.

Сталбек Акматов, кыргыз зергерлер союзунун президенти:

-- Көтөрүлүш биздин экономикабызга өтө чоң зыян алып келди. Ушул күндөрү баары токтоп, базарлар, соода түйүндөрү жакшы иштебей калды. Бизнес деген ушундай, бир-эки күн иштебей калса эле артка кетет. Чек аралар жабылып, банктар иштебей, кээ бир жерлерди талкалап, өрттөп салышты. Шайлоого байланыштуу ушундай окуялар болуп кетти. Шайлоо өтө ыплас жол менен өткөндүктөн, элибизге бул оор тийди. “Эми мындан ары жакшы болуп кетсе экен” деп тилеп отурабыз. Баарыбыз эле саясатчы болуп кетпей, ишкерлер иштерин жүргүзө баштоосун сурайт элем. 

Бизнес сакталып калышы керек. Себеби, алар жумуш орундарын берип, салык төлөп, бюджеттин толукталышына салымдары чоң. Калкты жана жумурай журтту ушуга чакырам. Экономикабызды күчтөйлү. Эсибиз барда этегибизди жаап, бир чечимге келип, жакшылап иш жүргүзөлү. Болбосо, экономика ушунчалык туңгуюкка кептелип, өлкөбүз миллиарддаган карыздарга батты. Болору болду, мындан ары тезирээк кыймылдабасак, экономикабыздын абалы өтө чатак. Пандемия болду, анан революция – мунун баары зыянын тийгизип, артка тартып жатат. 

Аскар Сыдыков, эл аралык ишкерлер кеңешинин директору:

-- 5-8-октябрь күндөрү өлкөбүздүн аймактарында, ошондой эле борбор калаада бир катар жеке менчикти, жер тилкелерди, өндүрүш объектилерди басып алуу, өрттөө аракеттери болуп, ишкерлер көптөгөн чыгымдарга учурады. 

Тоо-кен ишканалардын биринде алдын ала эсептөөлөр боюнча, 10-20 миллион долларга барабар жоготуулар болду. Айрым тоо-кен жана башка тармактагы ишканалар бул күндөрү иштей албай, көптөгөн жоготууларга учурашты. Ошондой эле мындан улам тийиштүү салыктар дагы өлкөнүн бюджетине түшпөй калчудай.

Азыркы учурда биз колдон келишинче мыйзамдуулукту орнотуп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, иш орундарды жоготпоо, эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө максатында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин камсыздашыбыз керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер