Сүйүн Өмүрзаков: “Жаштардын келечегин бир гана ИИМге жүктөп койбой, баарыбыз кам көрөлү”
-- Сүйүн мырза, соңку кездерде өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук фактылары көбөйүп баратат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-- Биринчиден, тарбия үйдөн башталат, андан кийин бала бакчадан, мектептен болот. Анан коом, айлана-чөйрө тарбиялайт. Ошол бала кандай чөйрөдө жүрөт, ата-эне “менин балам, же кызым ким менен достошуп жатат? Алар кайсы жакка барууда?” деп көзөмөлдөшү керек. Мектептеги мезгилди мугалимдер, үйдөн тышкаркы убактыларды ата-эне көзөмөлдөөсү шарт. Баардык нерсе баланын кандай чөйрөгө туш келип калганынан болот. Анан биздин көптөгөн жаштарыбыз эмгек миграциясына кетип жатышпайбы. Азыркы күндө миллиондон ашуун мекендештерибиз сыртта жүрүшөт. Алардын көбүнүн балдары бул жерде калып атат. Жаш балдарын чоң ата, чоң эне, же таята, таенесинин колуна таштап кетишет. Ал байкуштар уул-кызды тарбиялады, карыды, алдан-күчтөн тайыды, көп учурда неберелерин көзөмөлдөп карай албай калышууда. Натыйжада, балдар көзөмөлдөн чыгып, жаман чөйрөгө тушугуп калып жатышат.
-- Демек, бул көйгөйдү жалаң мыйзамды катуулатуу жолу менен чечүүгө болбойт турбайбы?
-- Коомчулук да көзөмөлгө алууга тийиш. Ар бир РИИБде жашы жетпегендер менен иштөөчү инспекциялар бар. Алар мектептерди, интернет клубдарды карашат. Бирок, баарын караганга, тегиз көзөмөлдөгөнгө жетишпейт. Ошондуктан, жүктүн бир бөлүгүн билим берүү, саламаттык сактоо министрлиги, мигранттар менен иштөөчү министрлик өз мойнуна алышы керек. Бир гана ИИМге жүктөп койгон туура эмес болот. “Жаштар – биздин келечегибиз” дейбиз. Жаштар келечек болсо, анда баарыбыз чогуу келечек үчүн кам көрөлү да. Эки жаш бала мушташып, же туура эмес иш кылып атса, чоң кишилер ага кайдыгер карап өтпөшү зарыл. Мурда ошондой эмес беле? “Эй, сен кимдин баласысың?” деп сурап, тарбияга чакырышчу. Өкүнүчтүү жери, азыр андай болбой баратат...
"Азия Ньюс" гезити