Расул Умбеталиев, эксперт: “Ар бир жаран жылуулукка жана жарыкка жетүүсү зарыл”
-- Министрлер кабинети электр энергиясын үнөмдөө боюнча мыйзамды кайра кароону ЖКга сунуштады. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
-- Электр энергияны чектөө менен эмес, экономикалык жактан чечүү керек да. Министрлер кабинети электр энергиясын үнөмдөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты. Бирок буга бир нече компоненттер жетишпейт – чиновниктердин жоопкерчилиги жана ийкемдүү тариф саясаты.
Бул мыйзам конкреттүү эмес, натыйжалуу жана максатка ылайыктуу болбойт. Тарифтик саясаттан өзгөчө эмне болушу мүмкүн? Ар бир жаран, керектөөчү электр энергиясын үнөмдөөдө экономика биринчи ролду ойнойт. Биздин өлкөдө ар бир жаран мыйзам боюнча жашоого укуктуу. Жылуулукка жана жарыкка жетүүсү зарыл. Ал эми электр энергиясына тийешелүү маселелер, менимче, башка өңүттө, чиновниктердин жоопкерчилигинде чечилиши керек. Биздин энергетикалык ресурстарыбыз, балансыбыз үнөмсүз пайдаланылып жатканын көп жылдардан бери көрүп келатабыз. Коом да, эксперттер да аткаминерлерди дайыма эскертип келишет, жарыкка гана эмес, сууга да үнөм керек. Бирок алар угушпайт. Андыктан, энергетика тармагындагы кемчиликтер үчүн аткаминерлер да жооп беришсин, антпесе көбүнчө калктан гана сурап, талап кылышат.
Мыйзам жөнөкөй жарандарга гана эмес, жогорку кызматтагы адамдарга да тийешелүү болушу керек. Электр энергиясын керектөөнү азайтуу максатында электр жарыгын өчүрүүлөр болуп жатат. Эч ким жабыркабаш үчүн ийкемдүү тариф саясаты электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берет, ошондой эле калктын тандоо эркиндигин камсыздайт. Мисалы, тарифтердин үч түрүн белгилегиле: күндүзгү, түнкү жана эң көп колдонбой турган убакыттар бар. Ал эми мындай тарифтик саясат элге качан электр энергиясын керектөө жана качан иштөөнү тандоого мүмкүндүк берет. Маселен, электр тармактарын өчүрбөй, түн ичинде иштөөнү каалагандар болот. Кандай болгон күндө да эл менен иштешип, алардын турмушун оңдоп, шарт түзүп берүү – учурдун талабы.
"Азия Ньюс" гезити